Бул тууралуу ал Дүйшөбүдө 6-июлда аталган долбоорго мүчө мамлекеттердин саммитинде билдирди. Ага Кыргызстан, Тажикстан жана Пакистандын премьер-министрлери, Ооганстандын президенти катышты.
Суу башында турган Кыргызстан менен Тажикстандан электр энергияны Пакистан менен Ооганстанга экспорттоо каралган, жалпы наркы 1,17 миллиард доллар деп бааланган бул долбоорду ишке ашырууга соңку 10 жылдан бери эле аракет жасалып келет.
CASA-1000 долбооруна мүчө мамлекеттердин Дүйшөбүдөгү саммитинде тажик президенти Эмомали Рахмон бир катар сунуштарын ортого салды.
Саммит катышуучуларын долбоорду ишке ашыруунун жайлап калышына жол бербөөгө чакырды. Биргелешкен аракетти мындан ары күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Долбоордун өз убагында ишке ашпай жатышынан улам төрт мамлекет жалпысынан жыл сайын 500 миллион доллар чыгашага учурап жатканын эскертти:
- Биринчиден, бардык белгиленген иш-чараларды белгиленген мөөнөттө ишке ашуусун камсыз кылуу керек. Экинчиден, мүмкүн болушунча тез арада долбоорго мүчө төрт өлкөдө тең айрым бир компоненттерин кура баштоо зарыл. Үчүнчүдөн, ооган өкмөтүнүн өз аймагында электр линиясын куруу иштеринин баштап жатканын колдошубуз керек. Бул боюнча тендердик процесстер аягына чыкты. Долбоордун уникалдуулугун эске алганда жаңы эрежелерди, жол-жобону колдоно билүү маанилүү. Бири-бирине пайдалуу, мунаса жараткан жана өз убагында кабыл алынган чечимдер болушу керек. Жалпы узундугу 1342 чакырым болгон электр линияны жана башка жабдууларды куруу энергетиктерге кошумча олуттуу сыноо болуп эсептелет. Ошондуктан бул долбоорго мүчө өлкөлөрдөн толук колдоо күтөт.
Кеминде чакан ГЭС ишке кирди
Чүйдүн Кемин районунда Тегирменти-2 чакан ГЭСи ишке берилди. Долбоор кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ГЭСке 215 миллион сом сарпталды.
Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков расмий Бишкек өз аймагында электр линиясын куруу иштерин эмдиги жылдын башында баштайт деп ишендирди. Бир жыл мурдагы Дүйшөмбү саммитинен бери маанилүү иштер жасалды деп айтты.
Маселен, электр энергиясына, курулушка чыгымдалган тарифтин баасы эсептелгенин, жергиликтүү коомчулукту колдоо механизмдери аныкталганын жана негизги долбоордук макулдашууга кол коюлганын белгиледи:
- Гидроэнергетикалык потенциалдын өнүгүшүн шарттаган, Борбордук жана Түштүк Азияда бирдиктүү энергетикалык базар түзүү каралган CASA-1000 долбооруна Кыргызстан олуттуу маани берет. Ошондуктан Борбор Азиядагы суу ресурсун комплекстүү колдонууну сунуштап жатабыз. Долбоорду ишке ашыруу - ага мүчө мамлекеттер үчүн стратегиялык мааниси чоң. Долбоордогу маанилүү жагдай бул жай мезгилинде электр энергияны экспорттоо. Кыргызстан менен Тажикстан жай мезгилинде ашыкча электр энергияга ээ болот, ошол эле учурда Пакистан менен Ооганстанда тескерисинче тартыштык жаралат. Мындан улам жылдын бул мезгилинде электр энергиясын экспорттоо долбоордун бардык катышуучулары үчүн өз ара пайдалуу. Буга байланыштуу бир жыл мурда Дүйшөмбүдө долбоорду ишке киргизүүнүн расмий аземинен бери Кыргызстанда көзгө көрүнөрлүк маанилүү иштер жасалды.
Акча бөлүнөт, экспертиза зарыл
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда электр линиянын курулушуна көзөмөл жүргүзчү компания тандалып алынганын билдирди.
Андан сырткары экологиялык экспертиза жана социалдык чөйрөгө таасирин баалоо жүрүп жатканына токтолду. CASA-1000 электр өткөрүү линиясынын боюна жогорку ылдамдыктагы интернет була-оптикалык кабель коюу пландаштырылып жатканын айтты.
Сооронбай Жээнбековдун маалымдашынча, 2018-жылы Борбор Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүн байланыштырган бирдиктүү санариптик хаб, аймактык долбоор Digital CASA – транс чек ара телекоммуникациялык байланышын ишке киргизүү да башталмакчы.
Мындан туура бир жыл мурун президент Алмазбек Атамбаев CASA-1000 долбоору боюнча атайын мыйзамга кол койгон эле.
Долбоордун алкагында Кыргызстандын ичинде жалпы узундугу 450 чакырымды түзгөн 500 кВТ электр линиясын куруу пландалып жатат. Узундугу 125 чакырымды түзгөн биринчи тилкени куруу боюнча сынак жарыяланган. Линиянын бул бөлүгүн курууга Ислам Өнүктүрүү банкы каражат берүүгө макул болгон. Ал эми 325 чакырым болгон экинчи тилке боюнча жакын арада сатып алуу иштерин баштоо каралып жатат. Ага каражат Дүйнөлүк банк менен Европа Инвестициялык банктан алынмакчы.
Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев эл аралык каржы уюмдардан жалпысынан 233 миллион доллар алынарын маалымдаган.