Анын кеңсеси менен үйүн тинтүү маалында ири өлчөмдө акча табылган.
Эл арасында "Ахмадбай" деген ат менен таанылган ишкерге акчасын алдаткандардын саны 40 миңден ашары айтылган.
Ахмад Турсунбаев баштаган алты адамдын ишин Ташкент облустук соту карап жатат. 9-августта экинчи сот процессинде залга жык-жыйма эл чогулду. Акчасын алдаткандардын бири, Зариф аттуу жаран дагы бир топ киши кире албай калганын "Азаттыктын" өзбек кызматына айтып берди:
- Адамдар "Ахмадбайдын пирамидасына" салган акчасын, унаасын кайра кайтарып алалы деп сотко келишти. Бирок сот аларды киргизбей койду. Залга тизме менен гана кирип жатышты. Болбосо сот ачык болот деп айтышты эле. Көчөдө дагы элүүдөй адам калды. Залда бут коерго жер жок дешти.
Ташкент облустук сотунун кылмыш иштерди тергөө бөлүмүнүн атын атагысы келбеген кызматкери "Ахмадбайдын" иши боюнча соңку сот процессинде күбөлөр көрсөтмө берип жатканын маалымдады:
- Бүгүн сотко Ахмад Турсунбаев менен кошо анын эсепчисин жана казыначысын, жалпысынан алты адамды алып келишти. Сот каржы пирамидасынан жабыркаган адамдардын көрсөтмөсүн укту. Сот процесси ачык өтөт деп айтылгандыктан чакырылбаган адамдар да көп келиптир. Биз келгендердин баарын эле залга киргизгенге аракет кылдык. Бирок батпай калгандар болду. Айыпталып жаткан алты адамдын да тууган-уругу келди да. Сот процесси жүрүп жатканда залда тикесинен туруп турганга уруксат берилбейт.
Ташкенттин Чиноз районунун тургуну, 39 жаштагы Ахмад Турсунбаев "каржы пирамидасынын түзгөн" деген айып менен былтыр 15-июнда камакка алынган. Ага Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин "акча талап кылуу, алдамчылык, алдоо жана ишенимге кирүү аркылуу бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу, мыйзамсыз валюта топтоо, чет өлкөлүк акчаны катуу" өңдүү айыптар тагылган.
Турсунбаевдин кеңсеси менен үйүн тинткенде эки оор жүк ташуучу автоунаага баткыдай акча чыккан. Банкта "Ахмадбайдын" акчасын 40 кызматкер түн ортосуна чейин санап отурганы, жалпысынан 40 миллиард өзбек суму менен эки миллиондон ашуун доллар чыкканы кабарланган.
Ахмад Турсунбаев ишкерликти касапчылыктан баштаган, кийинчерээк канча акча алса үстүнө дагы ошончо акча кошуп берүү шарты менен элден акча жыйнаган. Ага автоунаасын, алтын буюм-тайымдарын бергендер да көп болгон.
Ахмадбайга акчасын алдаткан Зариф аттуу адам каржы пирамидасына жалпысынан алты миң доллар салганын, сотто көрсөтмө берүүгө даярдыгын айтууда:
- Биз "Ахмадбайга" акчабызды, алтын буюм-тайымдарыбызды үстүнө дагы ошончо кошуп алабыз деген үмүт менен бергенбиз. Ал бизден алты миң доллар өлчөмүндөгү акча, алтын буюмдарыбызды алдым деп жазып алган. Ошол кезде элдин баары эле "Ахмадбайга" кайрылчу. Ага милиция да, прокуратура да, сот дагы тийчү эмес. Анткени алар өздөрү деле бул пирамидага акчасын салган. Биз ал убакта анын иши мыйзамсыз экенин билген эмеспиз. Мен соттон өзүмдүн эле акчамды өндүрүп берүүнү сурайм.
Ахмад Турсунбаев камакка алынар алдында интернат, балдар үйүнө жардам берген кайрымдуулук иштери менен да элге белгилүү боло баштаган. Өзбек күч органдары ага акчасын алдаткандардын тыйыны кайтарылып берилеби же жокпу, эмдигиче үн ката элек.
Келерки сот процесси 14-августта өтмөчү.