Дүйнөнү каптаган аптап Кыргызстанды да кыйнайбы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Быйыл Борбор Азияда жаан-чачын мурдагыдан көп жаашы ыктымал. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун адистери муну Тынч океанда кайрадан күчөп жаткан Эль-Ниньо кубулушу менен түшүндүрөт. Акыркы апталарда дүйнөнүн бир катар аймактарында аба ырайы кескин өзгөрдү. Европаны адаттан тыш аптап каптаса, башка аймактарда нөшөрлөгөн жаан-чачын менен суу ташкындары болууда. Эль-Ниньо деген эмне? Ал кантип глобалдык климатка таасир этет? Кыргызстан жаңы шарттарга канчалык даяр?