мазмуну
- Мындан 25 жыл мурда дүйнө адамзат тарыхындагы эң ири террордук чабуулдардын бирине күбө болгон.
- Террорчулар барымтага алган учактар Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунараларына урунган.
- Үч миңдей адамдын өмүрү кыйылган.
2001-жылдын 11-сентябры. Таңкы саат беш жарым чамасында АКШнын Мэн штатындагы Портленд аэропортунда US Airways авиакомпаниясынын кызматкери Майкл Туохи өз каттамын таппай жүргөн эки адамды көрөт.
Алар «Ал-Каиданын» мүчөлөрү Мохаммед Атта менен Абдулазиз ал-Омари болчу.
Экөө Портлендден Бостонго, андан ары American Airlines компаниясынын 11-каттамы менен Лос-Анжелеске учмак. Дал ошол учак бир нече сааттан кийин Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун түндүк мунарасына барып урунат.
Бирок ал учурда Туохи маңдайында турган адамдар адамзат тарыхындагы эң ири террордук чабуулдардын бирин жасоого баратканын билген эмес.
Ал алардын бир нече апта мурда банк картасы менен алынган биринчи класстагы кагаз билеттерин текшерип, каттамга каттаган.
«Атта мени карап “мага бир эле жолу катталасың деп айтышкан”, — деди. Мен ага Бостонго барганда American Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрүнө кайрыларын айтып, азыр жогору чыкпаса каттамына кечигип каларын” айттым. Ал жанындагы адамга буйрук бергендей бир нерсе айтты. Экөө бурулуп, тез басып кетишти», - деп эскерет Туохи.
Атта менен ал-Омари Бостонго жетип, American Airlines компаниясынын 11-каттамына отурушкан. Бортто 92 киши болгон.
Таңкы саат 8:46да учак Дүйнөлүк соода борборунун түндүк мунарасына урунган.
17 мүнөттөн кийин экинчи учак түштүк мунарага тийген. Үчүнчү учак Вашингтондун жанындагы Пентагонго урулган. Төртүнчүсү Пенсильванияда кулап түшкөн.
Кол салууда үч миңге жакын адам набыт болгон.
Майкл Туохи болуп жаткан окуяны жумушундагы телевизордон көргөн.
«Көргөн көзүбүзгө ишенбей турдук. Анан кимдир бирөө бул American Airlines компаниясынын 11-каттамы болгонун айтты. Ошондо кесиптешим менден “Туохи, эртең менен башыңды ооруткан адамдарды сен каттабадың беле?”- деп сурады. Мен адегенде “байкуштар, алар да каза болуптур” деп ичимен ойлодум. Анан бир маалда баарын түшүндүм», – дейт ал.
25 жылдан кийин Туохини дагы эле бир суроо кыйнайт. Ошол күнү ички туюмуна ишенип, коопсуздук кызматына билдиргенде тарыхты өзгөртүүгө мүмкүн беле?
«Мен бардык эрежелерди сактап, өз ишимди аткардым. Бирок үч миң адамдын өмүрү кыйылды. Балким, ошондо бир нерсени өзгөртүүгө мүмкүн болгон чыгар. Албетте, өзгөрмөк деп да айта албайм. Бирок өзгөрүшү да мүмкүн эле. Ким билет?», - деп эскерет ал.
Бирок 11-сентябрдын кесепети жеке адамдардын тагдыры менен эле чектелген жок. Ал дүйнөлүк саясатты өзгөртүп, эпкини Нью-Йорктон миңдеген чакырым алыстагы Борбор Азияга чейин жетти.
2001-жылдын 11-сентябрында барымтага алынган жүргүнчү учактар урунган Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунараларынан түтүн чыгып жатат.
11-сентябрь Кыргызстанды кантип өзгөрттү?
Кол салуудан кийин АКШ терроризмге каршы глобалдык согуш жарыялап, Ооганстанда аскердик операциясын баштады.
«Ал-Каиданы» жок кылуу жана Ооганстандын кайрадан эл аралык террордук чабуулдар даярдалган базага айланышына жол бербөө Вашингтон жарыялаган негизги максаттардын бири болгон.
Ооганстан менен чектешкен Борбор Азиянын стратегиялык мааниси кескин өстү.
Өзбекстан америкалык күчтөргө Карши-Ханабад аэродромун пайдаланууга уруксат берди. Кыргызстанда болсо 2001-жылдын соңунда «Манас» эл аралык аэропортунда АКШ баштаган коалициянын аскердик базасы жайгашты.
«Манас» Ооганстандагы операцияларды камсыз кылган негизги транзиттик борборлордун бирине айланды.
2001-жылы Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп турган профессор Осмонакун Ибраимовдун айтымында, 11-сентябрдагы теракт Борбор Азиянын дүйнөлүк саясаттагы ордун өзгөртүп, чөлкөмдү терроризмге каршы глобалдык күрөштүн маанилүү бөлүгүнө айландырды.
Бирок «Манастагы» база бара-бара Кыргызстандын ички саясатындагы талаштуу маселеге да айланды.
Базанын ижара акысы, күйүүчү май келишимдери жана коррупция тууралуу дооматтар бийлик менен оппозициянын тирешинде бир нече жолу көтөрүлүп турган. 2005-жылдагы Март революциясы жана 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын айланасында да базанын ишмердигине байланыштуу суроолор саясий күн тартибине чыккан.
2014-жылы «Манастагы» АКШнын Транзиттик борбору жабылды.
Андан жети жыл өткөндөн кийин америкалык күчтөр Ооганстандан да чыгып кетти.
Бирок жыйырма жылдык согуштан кийин АКШ 2001-жылы бийликтен кулаткан Талибан кайра Кабулду ээледи.
Ошондо терроризмге каршы согуш өз максатына жеттиби деген суроо кайра жаралды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
11-сентябрь окуясын эскерүү
Терроризмге каршы согуш өз максатына жеттиби?
АКШнын Ооганстандагы мурдагы дипломаты Энни Пфорцхаймер бул суроого так кесе жооп берди.
Анын пикиринде, Ооганстан азыртан эле эл аралык террордук топторго башпаанек берип жатат.
«Ооганстан 11-сентябрга чейинки кейпин кийдиби? Ооба, ошондой. Буга кандай далил бар? Улуттар Уюмунун бир нече баяндамасы далилдерди көрсөтүп турат», – дейт ал.
Пфорцхаймердин айтымында, Талибан үчүн коңшу мамлекеттерде иш алып барган айрым радикал топторду өз аймагында кармап туруу саясий таасирдин куралы да болушу мүмкүн.
«Талибан Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн айрым алсыз жактарын билет. Ал өлкөлөргө бейпай сала алчу адамдарга башпаанек берүүнү улантуу Талибандын кызыкчылыгында. Ошондо ал мамлекеттердин өкмөттөрү өзүндө туруктуулукту камсыз кылуунун, жок дегенде, логикалуу жолу катары Талибан менен эсептешүүгө аргасыз болот», - деди ал.
Пфорцхаймер «Ал-Каиданын» өкүлдөрү Ооганстанда коопсуз башпаанек алуу менен гана чектелбей, «Техрик-и-Талибан Пакистан» тобунун согушкерлерин машыктырууга көмөктөшүп жатканын айтууда.
Ал Талибандын «Ислам мамлекети» менен күрөшүнөн да күмөн санайт. Анын божомолунда, Талибан бул топту биротоло жок кылбастан, көзөмөлдө кармоого кызыкдар болушу мүмкүн.
Америкалык талдоочу, терроризм жана Ооганстан боюнча эксперт Жонатан Шроден кырдаалды башкача баалайт.
Ал «Ал-Каиданын» өкүлдөрү Ооганстанда бар экенин четке какпайт. Бирок азыркы абал менен 2001-жылга чейинки кырдаалдын ортосунда олуттуу айырма бар деп эсептейт.
Анын пикиринде, Талибан өзү 11-сентябрдагы чабуулдун кесепетин тартты. Бийликтен кулатылып, андан кийинки жыйырма жылдык согушту башынан өткөрдү.
Ошондуктан талибдер «Ал-Каиданын» дагы бир ири эл аралык чабуулу алардын бийлигине кайра коркунуч жаратышына кызыкдар эмес.
«Алар “Ал-Каиданын” бул мүчөлөрүн өтө кылдат көзөмөлдөп жатат деп ишенем», - дейт Шроден.
Анын айтымында, «Ал-Каиданын» Ооганстандагы өкүлдөрү маалыматтык операциялар, жаңы мүчөлөрдү тартуу жана каражат чогултуу менен алектениши мүмкүн. Бирок азыр мындай иштердин көбү санариптик мейкиндикке көчкөн.
Шродендин баамында, эң чоң өзгөрүү «Ал-Каиданын» мурдагы борбордук башкаруу системасынын алсырашында.
«“Ал-Каиданын” борбордук өзөгү азыр дээрлик маанисин жоготкондой көрүнөт», – дейт ал.
«Террорчулуктун мүнөзү өзгөрдү»
АКШнын Борбордук командачылыгын мурда жетектеген отставкадагы генерал Жозеф Вотелдин пикиринде, 11-сентябрдан кийинки 25 жыл ичинде террордук коркунуч жоголгон жок, бирок анын мүнөзү өзгөрдү.
«Интернеттеги активдүүлүк кыйла көбөйдү. Адамдардын идеологиясына, ой жүгүртүүсүнө жана калыптанышына таасир этүүгө аракет кылган инфлюенсерлер жана башка адамдар көбүрөөк тартылып жатат», – дейт Вотел.
Мурда терроризм дегенде жетекчилиги, иерархиясы жана машыгуу лагерлери бар уюшкан топтор негизги коркунуч катары каралса, эми аларга жалгыз аракеттенгендер жана интернет аркылуу радикалдашкан адамдар кошулду.
Мындан тышкары, Вотел «Вагнер» сыяктуу квазимамлекеттик түзүмдөрдүн жана башка күчтөрдүн жаңжалдарга аралашуусу коопсуздук чөйрөсүн мурдагыдан да татаалдаштырганын белгилейт.
Бирок ошол эле 25 жыл ичинде мамлекеттер да өзгөрдү.
Вотелдин айтымында, АКШда армия, чалгын кызматтары, федералдык укук коргоо жана ички коопсуздук мекемелеринин кызматташуусу 11-сентябрдан бери кыйла жакшырды. Эл аралык деңгээлде терроризмге каршы күрөшкөн кеңири тармак түзүлдү.
«Жалпысынан бүгүн биз 2001-жылдын сентябрына салыштырганда коопсузураакпыз. Ошол эле учурда террорчулар амалкөй жана ар кандай нерсеге ыңгайлашууга жөндөмдүү. Алар такай байкап, үйрөнүп жана өзгөрүп турат. Андыктан биз кылдат болушубуз керек», – дейт генерал.
Дүйнө коопсузураак болдубу?
11-сентябрдагы кол салуудан чейрек кылым өткөндөн кийин терроризмге каршы глобалдык согуштун жыйынтыгын бир гана «жеңиш» же «жеңилүү» деген сөз менен баалоо кыйын.
Усама бен Ладен 2011-жылы Пакистанда АКШнын атайын күчтөрүнүн операциясында өлтүрүлдү. «Ал-Каиданын» 2001-жылдагыдай борборлошкон түзүмү жана ири чабуулдарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү алсырады.
АКШда жана башка өлкөлөрдө аэропорттордогу коопсуздуктан тартып чалгын кызматтарынын маалымат алмашуусуна чейин көп нерсе өзгөрдү.
Бирок терроризм жоголгон жок.
«Ислам мамлекети» пайда болуп, Сирия менен Ирактын чоң аймактарын бир кезде өз көзөмөлүнө алды. Африкада, Жакынкы Чыгышта жана Түштүк Азияда радикал уюмдардын жергиликтүү бөлүмдөрү түзүлдү. Террордук пропаганда жана радикалдаштыруу интернетке көчтү.
Ал эми терроризмге каршы согуш башталган өлкөдө — Ооганстанда — Талибан кайра бийликте.
Борбор Азияда болсо америкалык аскердик базалар жок. Бирок Ооганстандагы кырдаал жана андагы радикал топтордон чыккан коркунуч чөлкөмдүн коопсуздук күн тартибинен кеткен жок.
25 жыл мурда террордук коркунучтун символу Нью-Йорктогу эгиз мунараларга багыт алган учактар жана Ооганстандагы «Ал-Каиданын» лагерлери болчу. Бүгүн коркунуч бир өлкөгө, бир лидерге же бир уюмга байланбай калды.
Майкл Туохи болсо чейрек кылым мурда Портленд аэропортунда каттаган Мохаммед Аттанын элесин дагы эле унута элек.
Ал ошол күнү бардык эрежелерди так аткарган. Бирок кийин дүйнөнүн өзү ошол эрежелер жетишсиз экенин түшүндү.
11-сентябрь дүйнөнү бир күндө өзгөрткөн. Андан кийинки 25 жыл мамлекеттерди терроризмге каршы күрөшүүгө көбүрөөк даярдады. Бирок террордук топтор да ошол эле убакыт ичинде өзгөрүп, жаңы шарттарга ыңгайлашты.
Дүйнө 2001-жылдагыдай чабуулга каршы турууга мурдагыдан даяр болушу мүмкүн. Бирок 11-сентябрдан кийин жок кылуу максаты коюлган террордук коркунуч жоголгон жок. Анын формасы, географиясы жана куралы өзгөрдү.