Эркин күрөш: Азия чемпионатында кыргыз балбандары төрт коло байгеге ээ болушту

Сүрөттө: Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси Жакшылык Байташов. 11-апрель, 2026-жыл

12-апрелде Бишкекте жыйынтыкталган күрөш боюнча Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча таймаштарда кыргызстандык балбандар төрт коло байгеге ээ болушту.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, кыргызстандык балбандардан коло медалга Абдумалик Карачов (57 кг чейин ), Эрназар Акматалиев (70 кг чейин), Жакшылык Байташов (79 кг чейин) жана Яков Чаплин (92 кг чейин) ээ болду. Командалык эсепте Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы 102 упай топтоп, 5-орунду ээледи. 1-орунду Иран (178 упай, 4 алтын, 1 күмүш, 3 коло), 2-орунду Индия (162 упай, 2 алтын,3 күмүш, 2 коло ), 3-орунду Жапония (127 упай, 3 алтын) курамасы ээледи.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 6-апрелден 12-апрелге чейин Бишкектеги “Жаштык Арена” спорттук комплексинде өттү.

Ага 20га жакын өлкөдөн 350дөй балбан катышып, 30 комплект медал ойнотулду. Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда Кыргызстандын улуттук курама командасы төрт алтын байге алып, 153 упай менен командалык эсепте 2-орунду ээледи. Алтын байгелерге Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин), Акжол Махмудов (77 кг чейин), Асан Жанышов (87 кг чейин) жана Раззак Бейшекеев 67 кг чейин) ээ болду. Кыз-келиндер күрөшүнөн Кыргызстандын эсебине бир алтын, бир күмүш жана эки коло байге жазылды.

Алтын байгеге Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) ээ болсо, Айпери Медет кызы (76 кг чейин) күмүш медал алды. Коло байгелерге Гүлнура Таштанбекова (65 кг чейин) менен Нурзат Нуртаева (72 кг чейин) ээ болушту. Командалык эсепте 115 упай топтоп, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы 4-орунду алды. 1-орунда Кытай (205 упай, 5 алтын, 1 күмүш, 4 коло), 2-орунда Жапония (191 упай, 3 алтын, 4 күмүш, 2 коло), 3-орунда Монголия курамасы (126 упай, 1 алтын, 1 күмүш, 3 коло) жайгашты. (ECh)

Дагы караңыз

Венгрия: Орбан шайлоодо жеңилгенин моюнга алып, оппозицияга өтөрүн жарыялады