Грецияда банктар иштей баштады

20-июлда Грециянын банктары үч жумалык тыныгуудан кийин кайра ачылды. Бирок жарандар банктан каалаган өлчөмдө акча ала алышпайт.

18-июлда грек өкмөтү маалымдагандай, күнүнө бир эсептен 60 евро же жумасына 420 евро гана акча берилет. Мындай чектөө Грециядан акчанын сыртка агылып кетишин чектөө максатында 28-июнда кабыл алынган болчу.

20-июлда Грецияда жарандар таң эртеден банктарга кезекке турушту. Себеби үч жумалык тыныгуудан кийин банктар биринчи ирет тегиз ачылды. Кезек күткөн адамдардын санын азайтуу үчүн бир жумалык норманы - 420 еврону алганга, кардарлардын банктагы аманат сейфтерин ачып, каткан дүйнөсүн чыгарганга уруксат берилди. Чет өлкөдө жүргөн гректер банк картасы менен алган товарын төлөсө болору да маалымдалууда.

Эл аралык кредиторлордун шартына жараша Греция парламенти 16-июлда насыя кризисинен чыгуунун катаал иш-чараларын бекиткен. Ага ылайык, 20-июлдан тарта көпчүлүк товарлардын жана коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттайт. Себеби дүйшөмбүдөн баштап кафе-ресторандарда, коомдук транспортто жана башка тейлөө тармактарында кошумча нарк салыгы 13 проценттен 23 процентке чейин кымбаттамакчы. Мейманканаларда мындай салык сентябрда киргизилет. Жарандардын пенсия курагы да жогорулайт. 50 миллиард еврого мамлекеттик менчиктеги ишканалар сатылат. Бул иштердин аткарылышына жараша Афины үч жылда 86 миллиард евро насыя алат. Европа монетардык союзунун лидерлери береги кредитти берүүгө алдын ала макулдугун 17-июлда берген.

Көпчүлүк гректер кредиторлордун жогорудагыдай шартына нааразы. Мария аттуу пенсионер аял сыяктуу кээ бирөөлөр аларды тышкы кредиторлордун сыйыртмагынан премьер-министр Алексис Ципрас гана куткара алат деген үмүттө:

- Менин ишенимимде, Цирпас биримдикти жиреп, Грецияга жардам бере алчу жалгыз инсан. Алар биздин дүйнөдөгү башка адамдардай дүкөнгө барганыбызга жол беришпейт. Муну алар чечеби? Ар бир адам жекшемби күндөрү иштөөдө. Мен иштеп жүргөндө ар күнү, атүгүл түнкүсүн иштеп жаттым.

Ал эми Алекос Алексакис деген пенсионер Грецияда евромейкиндиктин шартына ынангандан башка аргасы калган эмес эле деген пикирде:

- Карачы, бул тарапка жүрчү жол болууда. Биз карызды төлөп, береги чараларды аткарганга мажбур болдук. Башка айла жок. Мен өзүмдү олуттуу шайлоочу деп эсептебейм. Бирок мен азыр тигилер тарабындамын жана бул иш-чараларга ишенем.

Премьер-министр Ципрастын демилеси менен ай башында өткөрүлгөн референдумда грек шайлоочуларынын 61% тышкы кредиторлордун катаал талабына каршы добуш берген.

Премьер-министр Алексис Ципрас экономиканы кризистин сазына түртпөө үчүн эл аралык кредиторлордун шартына ынанган. Бирок 86 миллиард евро насыя алууга зарыл реформа боюнча мыйзамды башкаруучу СИРИЗА партиясынын 39 мүчөсү колдогон жок. Ал ошон үчүн 18-июлда өкмөттүн бир катар мүчөлөрүн алмаштырды. СИРИЗА 300 орундуу парламентте 149 мандатка ээ.

Афины дүйшөмбү күнү Евромейкиндиктин лидерлери 17-июлда бекиткен 7.16 миллиард евро траншты алат. Ал акчанын 4.2 миллиарды Европа Борбордук банкынын жана 2 миллиарды Эл аралык валюта фондунун карызын төлөгөнгө сарпталат.

Еврокомиссиянын вице-президенти Валдис Домбровски 17-июлда маалымдагандай, Грецияны дефолттон сактоо үчүн берилген 7 млрд. евро Афиныга болгон ишенимди жышааналайт: "Бул жумада кабыл алынган чечим ишенимди калыбына келтирүү үчүн коюлган биринчи кирпич. Деген менен биздин алдыбызда узак жол бар".

Германия канцлери Ангела Меркел билдиришинче, Грециянын насыяны төлөө шарты өзгөртүлүшү ыктымал. "Афины реформаны кандай аткарганы боюнча биринчи текшерүү ийгиликтүү өткөндөн кийин карызды төлөөнүн мөөнөтү жана төлөм акыны азайтуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн", деди Меркель 19-июлда немистердин ARD радиосунан сүйлөп. Бирок ал Грециянын карызын кечүүгө каршы экенин баса белгиледи.