Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Греция: шайлоочулар евромейкиндикке мүнөзүн көрсөттү


"Жок" деп добуш берген гректер референдумдан кийин Евробиримдиктин өрттөлгөн желегин көтөрүп баратышат. Салоники шаары. 5-июль 2015
"Жок" деп добуш берген гректер референдумдан кийин Евробиримдиктин өрттөлгөн желегин көтөрүп баратышат. Салоники шаары. 5-июль 2015

Грециялык шайлоочулар бюджеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча эл аралык кредиторлордун талабын көпчүлүк добуш менен колдогон жок.

Бул талапка шайлоочулардын 61% көбү каршы чыгып, 39% колдогону бюллетендердин 95% саналгандан кийин айкын болду. 5-июлдагы “тарыхый” деп аталган референдумга грек шайлоочулардын 62,5% катышкан эле.

Референдумда көпчүлүк “ооба” десе, премьер-министр Алексис Ципрастын өкмөтү бюджеттик чыгымдарды кыскартууга тийиш болчу. Бирок, көпчүлүк гректер “жок” деп добуш беришип, Эл аралык валюта фонду, Европа Борбордук банкы жана Еврокомиссиянын жаңы насыя берүү шартын четке кагышты.

Алексис Ципрас 5-июлда кечинде жасаган билдирүүсүндө жарандарга “жок” деп добуш беришип, аны колдошкону үчүн алкыш айтты жанаалардын ишеними өкмөттүн эл аралык кредиторлор менен сүйлөшүүдөгү позициясын бекем кылат деди:

-Бүгүн, өткөн аптадагы абдан татаал жагдайды эске алып, сиздер эр жүрөк чечим жасадыңыздар. Бирок биз Европа менен алаканы үзүү үчүн эмес, реалдуу чечимди табуу үчүн биздин сүйлөшүүдөгү позициябыз бекем болсун деген мандат алдык.

Ципрас грек тараптын сүйлөшүүдөгү эң башкы милдети финансылык туруктуулукка жетишүү үчүн банк тармагынын ишин ыкчам калбына келтирүү экенин кошумчалады.

Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц 5-июлда Германиянын аахен шаарында сүйлөп, “жок” деп добуш берген көпчүлүк гректердин эркин сыйлоо керек экенине көңүл бурду:

-Биз оор жагдайда турабыз: Грек эли “жок” деди, бирок евромейкиндиктин башка 18 мүчөсү грек эли “жок” деген сунушту макулдашкан болчу. Башка өлкөлөрдөгү демократиялык өкмөттөр менен парламенттердин көз карашы андай эмес, бөлөк.

Шульцтун боолгошунча, эми сүйлөшүү Греция өкмөтү жасачу сунушка жанаЦипрастын сунушкаевромейкиндиктин мүчөлөрүн ишендире алганына жараша ылайык жүрөт.

5-июлда кечинде Германиянын канцлери Ангела Меркель франциялык коллегасы Франсуа Олланд менен Грециядагы реферундумдун жыйынтыгын талкуулашып, 7-июлда евромейкиндиктин лидерлеринин жана өкмөт башчыларынын саммиттин чакырууну оң деп табышты. Анын артынан эле Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск7-июлга евромейкиндикке мүчө өлкөлөрдүн жыйынын чакырды.

Еврогруппанын финансы министрлеринин топ башчысы Йерун Дейсселблум 19 өлкөнүн финансы министрлери Грециядагы референдумдун жыйынтыгын үстүбүздөгү жуманын соңунда талкуулайт деп билдирди. Ал референдум алдында көпчүлүкгректер 5-июлда“жок” деп добуш беришсе, Грецияны монетардык союзда кармоо кыйын болот деген да оюн айткан.

Грециянын финансы министри Янис Варуфакис өкмөттүн жеңишине карабай, кызматтан кетти. Албул кадамы премьер-министр Ципрастын эл аралык кредиторлор менен сүйлөшүүсүнө бир аз да болсо көмөктөшөт дейт.

30-июнда Греция эл аралык кредиторлорго кезектеги 1, 54 млрд евро насыясын төлөбөй дефолтко жол берген. Каражаттын тартыштыгынан улампенсионерлерге жана улгайган курактагы аманатчыларга ар үч күндө 120 евро, ал эми грек банктарында акча кармаган клиенттерге банкоматтардан күнүнө 60 евро берилип калган.

Грециянын банктар ассоциациясынын төрагасынын айтымында, улуттук банктагы накталай акча 6-июлда түгөнгөндүктөн, 7-июлда эл аралык кредиторлордон жаңы транш келбесе, банктарды ачуу мүмкүн болбойт.

XS
SM
MD
LG