Бишкек кара түтүндөн тумчугуп турат

Бишкек.

Экологдор жылуулук сезону башталары менен шаарды кара түтүн каптап, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан ашып түшкөнүн айтышууда. Баш калаанын жашоочулары кирдеген аба менен дем алып жатканын сезишеби?

Баш калааны каптаган кара түтүн маселеси былтыр парламентте да көтөрүлгөн. Бирок аны чечүүнүн эч кандай жолу каралган эмес. Калкынын саны 1,5 миллионго чукулдап калган Бишкектин жашоочуларынын көбү азыр көмүр жагып отурат. Мындан тышкары менчик мончолор да бар. Дагы бир мүшкүл - автоунаадан бөлүнүп чыккан ыш.

"Азаттык" бул маселени Кыргызстандын башкы пульмонологу Талант Сооронбаев жана Экотехинспециянын Экологиялык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Максат Өмүров менен талкуулады.

"Азаттык": Максат мырза, Бишкектин тургундары дем алып жаткан абага, андагы уулуу заттарга көзөмөл жүрүп жатабы?

Максат Өмүров: Атмосферанын тазалыгын коргоо боюнча бир нече мамлекеттик орган иштеп жатат. Биздин орган көзөмөлдөй турган функцияны аткарат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттик экологиялык абалды текшерет, ар кандай өлчөмдөрдү алат. Мыйзамда белгиленгендей, расмий мамлекеттик ыйгарым укуктар Кыргызгидрометтин лабораторияларына берилген. Шаар ичинде сегиз метеорологиялык пункт бар. Алар абадагы өзгөрүүлөрдү тынымсыз карап турат.

"Азаттык": Азыр эркин экологдор Бишкектин абасы Бээжиндикинен да булганыч экенин, кооптуу акыбал түзүлүшү мүмкүн экенин айтып жатышат...

"Азаттыктын" архиви: "Ышталган Бишкек". Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү. 24-январь, 2018-жыл.

Максат Өмүров: Албетте, мамлекеттик эмес, жарандык коом өз позициясын көрсөтүп, айтып турат. Бул туура. Бирок алар тийиштүү аккредитациядан өтүп, расмий документтерди алгандан кийин гана биз ушундай тыянактарды карай алабыз.

Кыргызгидромет, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин адистери бул багытта иш алып барып жатышат. Негизи эркин эксперттердин айтканына кошулам.

Себеби, 2018-жылдын сегиз айындагы эле көрсөткүч буга далил боло алат. Биз абанын булганышы боюнча административдик жоопко тартып жатабыз. Бишкек боюнча 485 миң сом айыппул салдык. 2017-жылы дал ушул убакытта салынган айыппулдун өлчөмү 224 миң сом эле. Быйыл ал эки эсе көбөйдү. Айыппулдун максималдуу көлөмү 30 миң сом, жеке адамдар мыйзам бузса, 2 миң сомдук айыпка жыгылат. Автоунааларга салынган жаза - миң сом.

Коркунучтуу оорулар көбөйдү

"Азаттык": Акыркы мезгилде баш калаада аллергиянын түрү, ар кандай дем алуу органдарынын оорулары көбөйүп жатканы айтыла баштады. Андай болсо жабыр тарткан ден соолукту 30 миң сомго баалоого болобу?

Талант Сооронкулов: Учурда Бишкект​ин абасында зыяндуу заттардын көлөмү нормадан ашык болуп жатканы талашсыз чындык да.

Экологиялык коопсуздукту карагандар иштесе жакшы болот эле. Расмий органдардын абаны таза сакташ үчүн иш-чара өткөргөнүн көрө да, уга да элекпиз.

Бишкектеги машинелердин көбү эски. Аларды текшерип, теске сала турган мамлекеттик тармактар иш алып барбай жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абанын кирдегенин сездиңизби?

​Абанын кирдегенинен улам ооруган адамдар да көбөйдү. Уу заттардын айынан өпкөнү эт басып, дем ала албай, оор абалда келип жатышат. Тилекке каршы, кээ бир дарттар үчүн дары да жок. Абаны тазалоо аракетин эрте баштабасак, абал өтө коркунучтуу.

Себептери так аныкталбайт

"Азаттык": Максат мырза, сиз айтып жаткан мамлекеттик органдар эмне иш кылып жатат? Абанын булганышына эмне себеп болуп жатканы аныкталдыбы?

Максат Өмүров: Талант мырза айткан дооматтарга макул эмесмин. Анткени өкмөт бул маселеге көңүл буруп, 2018-жылдын февраль айында тармак аралык комитет түзүлүп, жазында атайын иш-чаралардын планы бекитилген.

Дагы караңыз Борбордун абасын машинелер булгады

Ал план 33 пункттан турат. Албетте, маселе айыппул салуу менен чечилбейт. Ушундан улам мамлекет бул маселени чечүүнүн комплекстүү жолдорун карап жатат. Бир эмес, 8-9 мамлекеттик орган бул багытта иш алып барууга милдеттендирилген. Четинен эле айтсам, биздин өлкөгө кирип жаткан, альтернативалуу энергиянын булактары үчүн бажы төлөмдөрү азайтылды. Бишкектеги жол тыгындарын жок кылыш үчүн коомдук автоунааларга өзүнчө жол тилкелерин уюштуруу сыяктуу иш-чаралар пландалган.

Тармак аралык байланыш жок

"Азаттык": Талант мырза, сиз жетектеген саламаттык тармагында экологдор менен байланыш жокпу? Кеңеш алып турасыңарбы?

Талант Сооронкулов: Тилекке каршы, экологдор менен таптакыр байланыш жок. Келечекте чогуу иштешебиз деген ой бар. Себеби, маселе бир да. Экологдор бизге так маалымат берсе, ошого жараша оорунун себебин аныктап, диагноз туура коюлат.

Кыш келерде дал ушул көйгөйдүн алдын ала турган бир топ иш-чаралар аткарылышы зарыл. Шаардагы абанын булганышына жаңы конуштагы от жаккан үйлөрдүн көбөйгөнү себеп болууда. Эски мештерге көмүрдөн тышкары желим, чүпүрөк сыяктуу ар кандай заттарды жагышат. Экинчи маселе - шаарды каптаган машинелер.

Мен билгенден, Кыргызстанда бир да машине түтүндү көп чыгарганы үчүн токтотулган жок. Алардан абага чыгып жаткан ыш зыяндуу экенин мамлекеттик органдар ойлонбойт деле.

Үчүнчүдөн, жөө адамдарга, велосипедчендерге атайын шарт түзүлүшү керек. Тротуарлар ыңгайлуу болсо, веложолдор курулса, көп жарандарыбыз машине айдамак эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.