1989-жылы Чыгыш Европаны каптаган толкундоолордун көч башында Венгрия турган эле. Бирок эми чейрек кылымдан кийин байкоочулар бул өлкөдөгү саясат демократиялык нуктан тайганына көңүл бурушууда.
2010-жылдан бери Венгрияны кезинде коммунизмдин бул өлкөдө кыйрашына жигердүү салым кошкон саясатчы Виктор Орбандын “Фидес” партиясы башкарат. “Фидесчилер” парламентте конституциялык көпчүлүктү түзөт. Аларга чакырык таштагандар эми 2018-жылдагы шайлоону күтүшү керек.
Бирок будапешттик философия профессору, мурдагы диссидент Г.М. Тамаш сыяктуулар өлкө азыр демократиядан гана тайбастан, тескери багытта кетип жатканына камтама:
- Саясий системада маселе жок. Маселе бир жагынан мыйзамдарда, нормаларда, салт-санаада, экинчи жагынан бийлик өкмөттүн бутактарында, парламентте, жергиликтүү баскычта, соттордо, Конституциялык сотто, өкмөттүн каржысын жана массалык маалымат каражаттарын тейлеген комиссияларда бөлүштүрүлүп жатканында. Бизде азыр коомдо өзүн коргоо жөндөмү калбай калып жатат. Бийлик коомду куралсыздандырууга азгырылышы мүмкүн. Бирок коркунуч мына ушунда жатат. Анткени эгер адамда өзүн коргоонун мыйзамдуу ыкмалары калбаса, ал башка жолдор менен коргонот. Мен иш кыянатчылыкка жетип кетеби деп чочулап турам.
Айрымдар “Фидес” партиясы улутчул турумду карманышынан гана эмес, өлкөдө ачык эле фашисттик жана антисемиттик багытты карманган “Йоббик” партиясына колдоо өсүп жатканынан да кооптонушат. “Йоббик” азыр Венгриядагы экинчи ири партияга айланып калды.
Өкмөттүн сынчылары “Фидести” бийликти монополдоштуруп, улутчулдукту, оңчул популизмди козутканы үчүн гана эмес, либералдык маалымат каражаттарын, бейөкмөт уюмдарды куугунтуктаганы үчүн да айыпташат. Бейөкмөт уюмдарга карата Орусиядагыдай “чет элдик агент” деген термин колдонулууда.
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында иштеген “Отокарс” бейөкмөт уюмунун башчысы Вероника Мора “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде буларды айтты:
- Өкмөт бейөкмөт уюмдардын ачык сынын уккусу келбейт. Бул нерсе премьердин “либералдуу мамлекет” жөнүндөгү айтылуу сөзүнөн даана көрүндү. Ал коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик кызыкчылыктар” үчүн иштеп жатканын ачык эле каңкуулады. Бир бейөкмөт уюмга чабуул жасоо менен менен алардын баарына кол сала алышат. Бул бейөкмөт уюмдар өкмөттү, анын саясатын сындабашы үчүн берилген белги да.
Венгер премьери “улуттук негиздерге” таянуу менен “жаңы либералдык өлкө курарын” быйыл июлдагы сөзүндө айткан. Бейөкмөт уюмдар “чет элдик агент” катары иштеп жатышы мүмкүндүгүн да ошондо белгилеген эле.
Орбандын өкмөтүнүн ушул жана башка кадамдары Венгрия Еврошаркет менен НАТОнун мүчөсү экенине карабай, аны Батыш лидерлери жеришине алып барды. Венгер премьери менен Батыш ишмерлеринин эч кимиси жолукпай калды.
АКШ жакындан тарта Венгриянын коррупцияга шектелген азыркы жана мурдагы алты чиновнигине өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салды.
Бирок премьер Орбандын басма сөз катчысы Золтан Ковач расмий Будапешттин дарегине айтылып жаткан сындардын саясий жүйөсү бар деп санайт. Анын ырастоосунда, Венгрия да Еврошаркет менен НАТОнун эле баалуулуктарын карманат, бирок ошол эле учурда балким өзүнүн “улуттук кызыкчылыктарын да” көздөөдө:
- Жөн гана биз акыркы төрт жылда кабыл алган чечимдерди карап көрүңүз, биз чектен чыккан жокпуз. Белгилүү бир бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдун кичине гана бөлүгүнүн ишмердигинен улам жаралган саясий же башка көз караштардан улам Венгрияны бөлүп көргөзүүнүн кереги жок. Бейөкмөт уюмдар боюнча сын, кооптонуулар дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө да чыгууда. Бизде жарандык коомдо 80 миңдей киши иштейт, биз алардын 13ү менен гана талашып-тартышып жатабыз.
Талдоочулар Венгрияны демократиядан тайдырган Орбандын партиясынын төрт жыл мурдагы ийгилигин ириде анын каржалып турган калкка берген экономикалык убадалары менен байланыштырышат. Өткөн төрт жылда өкмөт экономиканы турукташтыра алганы менен алдыдагы төрт жылда өсүштү камсыз кылуу татаал иш экенин, бул үчүн жеке сектор өкмөттүн күтүүсүз чечимдерине кабылбашы керектигин эскертишет.
Октябрдын башында Орбандын “Фидес” партиясы жергиликтүү шайлоодо да утту, бирок октябрдын соңунда эле жүз миңдей венгер көчөгө чыгып, өкмөттүн интернет кызматы үчүн салык киргизүү планына, өлкө демократиядан жана Европадан алысташына каршылык билдиришти.