АКШ Борбор Азияда кызматташуунун "жумшак формасына" өттүбү?

Профессор Александр Кули

Узап бараткан аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып, беш мамлекет башчы менен жолукту. Жаңы жарыяланган АКШнын Борбор Азияга көмөктөшүү программасы ушул тапта кызуу талкууланууда.

Сентябрь айында Нью-Йорк шаарында жана 1-ноябрда Самарканда өткөн С5+1 (Борбор Азиянын беш өлкөсү+АКШ) деген жаңы форматтагы кызматташуу Кошмо Штаттардын Борбор Азияга жаңы көмөктөшүү программасынын алкагында ишке ашырылат. Нью-Йорктогу Колумбия университетинин алдындагы Харриман институтунун директору Александр Кули Вашингтондун жаңы стратегиясы, кызматташуунун ар кыл багыттарын козгогон суроолорго жооп берди.

"Азаттык": Кызматташуунун С5+1 форматы эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Кошмо Штаттар менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу башка деңгээлге чыгат деп күтсөк болобу?

Кули: Азырынча эмнеси жаңы формат менен өзгөчөлөнөт биз айта албайбыз. Буга чейин алты өлкө өкүлдөрү сентябрда Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында алгачкы ирет кездешкен, эми бул форматтын алкагында өлкөлөр такай жолугуп, кызматташып турабыз дешти. Буга чейин мындай көп тараптуу кызматташуунун форматын Жапония Борбор Азия менен алакасында колдонуп келген. Бул АКШ чөлкөмдөн кетти деген сөздөргө карабастан, Кошмо Штаттар Борбор Азияда кызматташуусун улантат, ал тургай аны өркүндөтөт деген кабар берет.

"Азаттык": Кошмо Штаттардын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу башталганына дээрлик чейрек кылым болду. Биз билгендей, буга чейин Вашингтон чөлкөмдөгү ар бир өлкө менен эки тараптуу алака-байланыш түзүп келсе, эми өлкөлөрдүн башын бириктирип, чогуу кызматташууга өттү деп түшүнсөк болобу?

Кули: Вашингтон стратегиясын өзгөрттү деп айта албайм. Анткени Борбор Азияга карата баштай турган так стратегиясы деле жок болчу. Эми азыр сунушталып жаткан стратегияда экономикалык, коопсуздук жаатында жана адам ресурсун өнүктүрүү багытында программалар жазылган. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, кызматташууга тартуу боюнча демилге дайыма болуп келген. Бирок чөлкөмдөгү өлкөлөр ортосунда кызматташуунун жоктугунун тамыры андан дагы терең: суу, чек ара, коопсуздук боюнча чиеленишкен маселелер бар. Кошмо Штаттар анын баарын чече албайт. Андыктан бул стратегиядагы бараандуу өзгөрүү деп айта албайм. АКШнын чөлкөмгө көмөктөшүү боюнча кызматташуу декларациясында бир нече тармактарды көрдүм, менин көз карашымда кубанта турган бир мисал – МАСКИ (магистратурда акысыз билим алуу) программасынын кайра жанданышы. Бул илим, берүү жаатында адамдардын өз ара алакасын өркүндөтүүгө өбөлгө болчу өтө пайдалуу программа.

Ошол эле маалда Борбор Азиянын эки чоң коңшу өнөктөшүн эстен чыгарып койо албайбыз. Орусия бир жагынан саясий жана коопсуздук жагынан көмөк көрсөтүп жатса, экинчи жагынан Кытай бараандуу экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда. Вашингтондун “Жаңы Жибек жолу” программасы жана башка долбоорлор сөз болуп жатканы менен Кошмо Штаттардын аларды ишке ашырууга каржысы жок. Андыктан техникалык жана гуманитардык көмөктөшүүнү күчөтүү бул жерде орундуу деп эсептейм.

"Азаттык": Жаңы декларацияда билим берүү, тил үйрөтүү, адистерди кайра даярдоо, Борбор Азиядагы соода форумун түзүү, климаттын өзгөрүүсү, суу ресурстарын колдонуу жана башкаруу сыяктуу багыттар аныкталыптыр. Демек, сиз жогоруда айткандай, Кошмо Штаттар экономикалык, саясий, аскерий кызматташууну токтотуп, кызматташунун “жумшак формасына” өттүбү?

Кули: Декларацияда саясий жана адам укуктарынын баалуулуктары деп аталган багыты дагы бар. Вашингтондогу аткаминерлер ачык айткылары келбегени менен, соңку 15 жыл өтө эле кыйын мезгил болду. Бир жагынан коопсуздукту камсыздоо - Ооганстанга аскерий көмөк жеткирүү үчүн базалар менен логистикалык борборлор турса, экинчи жагынан адам укуктарын, демократияны жана жарандык коомдун өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү милдети турду. Самарканда "Вашингтон Пост" гезитинин журналисти адам укуктары боюнча суроо бере койом деп сыртка чыгарылды, анан кийин Жон Керри талылуу суроолорду козгойт деп айтылганы менен, эмне болгону бүдөмүк бойдон калды.

"Азаттык": Жаңы декларацияда “Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын колдойт” деп жазылган. Вашингтонду чын эле ушул маселе түйшөлтөбү жана буга эмне себеп?

Кули: “Кансыз согуш” доору бүтүп, 1991-жылдан тарта Кошмо Штаттар кызматташууда өлкөлөрдүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөгө такай артыкчылык берип, колдоп келген. Бир жагынан Кошмо Штаттар аймактагы таасирин азайтты, башка жагынан украин кризиси бул маселени көтөрүүгө мажбур кылды. Соңку кезде саясий коопсуздук маселеси күч алган сайын, Вашингтон аймактагы өлкөлөрдүн эгемендигин коргоого колдоо көрсөтө турганын айтып, атайын белги берүүдө.

Өзүңөр билгендей, украин кризиси Борбор Азияда башкача түстө көрүнөт. Ал чөлкөмдөгү бийликтерде кош кооптонуу пайда кылды. Биринчиден, Орусия жана Орусиянын реакциясы, Москва аскер киргизип, ички жана сырткы коргонуу үчүн деп аскерий базаларын колдонобу деген кооптонуу турса, экинчиден, өлкөлөрдө Майдан же көчө нааразылыктары чыкпасын деген коркунуч болду.

"Азаттык": Самарканда Жон Керри Тышкы иштер министрлери менен жолугушуу маалында Борбор Азия мамлекеттери “сырткы кысымдан жана коркунучтардан” алыс болушу керектигин баса белгиледи. Керри муну менен кыйыр түрдө Орусияга кайрылдыбы?

Кули: Албетте, ал ачык эле түшүнүктүү болду. Кошмо Штаттар чөлкөмдөгү өлкөлөргө сырттан бирөөнүн таасир этүүсүн жана саясий кийлигишүүсүнө келише албай турганы ачык айтылды. 2005-жылы Анжиян кыргынынан кийин АКШ ал өлкөнүн бийлигин колдоону токтото турганын жарыялаган. Орусия менен Кытай болсо, тескерисинче, эл аралык коомчулуктун сынында калган өзбек өкмөтүн жакындан колдоп турду. Жалпысынан бир-эки окуяны эске албаганда (2010-жылкы Бакиевдин режиминин кулашы) Кремл чөлкөмдөгү башкаруучу режимдерди саясий стабилдүүлүк үчүн деген жүйө менен колдоп, алардын ички саясатына чейин кийлигишип келет.

Кошмо Штаттар болсо ушул ажырымды өз кызыкчылыгына колдонуп, Орусия Украинада көрсөткөндөй, биз силерге саясий жактан кийлигишпейбиз деген көз карашты карманууда. Эми мунун баары көз караштар. Иш жүзүндө Кошмо Штаттар Борбор Азиядан кетип атат, Ооганстандагы кызыкчылыктар мурдагыдан кыйла азайган. Ал эми Орусия менен Кытай георграфиялык коңшулар, алар дайым ошол жерде. Бул жерде кырдаал кандай жагына өзгөрөт аны убакыт гана көрсөтөт, менде болсо азырынча ишеним аз.

"Азаттык": Ушул тапта жаңы декларация Борбор Азияда кызуу талкууда. Бир тарабы аны кубаттаса, аны сындагандар дагы бар. АКШда болсо бир жылдан кийин бийлик алмашат, Барак Обаманын администрациясы кызматтан кетет. Декларациянын келечеги эмне болот?

Кули: Жаңы жарыяланган көмөктөшүү программасын сөз кылганда анын финансылык тарабын дагы унутпайлы. Жаңы программалар, маселен, Кытай чөлкөмдө жасап жаткан бараандуу инфраструктуралык долбоорлордой эмес, көп каражатты талап кылбайт. АКШ Борбор Азияда Кытай менен жарышка түшүп жаткан жери жок, ушуну да эстен чыгарбайлы. Ошол эле маалда адамды өнүктүрүүгө инвестиция жасоо – акылдуу саясат. Албетте, адамды өнүктүрүү бул узак мөөнөттүк программалар.

Билим берүү программалары аркылуу чөлкөмдүн келечектеги лидерлерин окутууга, АКШдагы баалуулуктар жана институттардын ишмердигин өз көзү менен көрүүгө өбөлгө түзөт. Ал тургай ишкерлерди, бизнес өкүлдөрүн, адвокаттардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуучу тренингдер кыска убакытта жасала калчу иштер эмес. Мындай долбоорлор узак мөөнөттө, ырааттуу шартта гана жемишин берет.

Декларацияда айтылган программалар бир жарым жылдык эмес, узак-узак жылдарга созулушу керек. Ал эми аларды токтотуп коюу – АКШнын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизет. Андыктан программа жарыяланып эле тим болбостон, алдыда узак жылдар бою үзүрлүү ишке ашарына ишенгим келет.