Исманкуловдун илгерки иштери козголду

Билим берүү министрлиги Алмазбек Исманкуловдун карызы 28 миллион долларга чамалаганын айтып жатат.

Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борбору Бишкектеги №6 оорукананын имаратын бошотуп бере элек. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ага дагы эки күн убакыт берилгенин билдирди.

Ал арада Исманкулов менен Билим берүү министрлиги мындан 25 жылдай мурда Улуттук университетке деп алынган ири суммадагы насыя тууралуу соттошуусу аягына чыга электиги маалым болду.

Аталган мекеме Исманкуловдун карызы 28 миллион долларга жеткенин айтып жатат. Дарыгер менен анын жактоочулары комментарий бере элек.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-мартта Алмазбек Исманкуловдун медициналык борбору жайгашкан имаратка барган. Анда министрдин Исманкулов менен телефондон сүйлөшүп, имаратты үч сааттын ичинде бошотуп беришин катуу талап кылып жатканы тартылган видеолор тараган.

Бейшеналиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, имаратты бошотууга дагы эки күн берилгенин билдирди. Ал Исманкуловду бул жайды бошотуу тууралуу убадасын аткарбаганын белгиледи.

Алымкадыр Бейшеналиев.

"20 күн мурда барып Исманкуловго "20 күндө бошотуп кой" десем макул деген. Бүгүн келсем качып атпайбы, телефон чалсам албайт. Анан башкы дарыгерине чал деп сүйлөштүм. "Эмне эле алдап, качып жүрөсүң, үч сааттын ичинде чыгып кет. Мени мурдагы министрлердей эле ойлоп, айтып койсом, же акча берип койсом коркот деп ойлойт окшойсуң" дедим. Өзүмдүн жансакчыларыма тостуруп койдум. Эч кимди киргизбейт".

Бейшеналиев Исманкулов мамлекеттин имаратын бошотуп бериши керектигин өткөн айда жарыялаган.

Исманкулов жана анын кызматкерлери, тарапташтары бул окуяларга байланыштуу такыр комментарий бере элек. "Азаттык" алардын дагы жүйөсүн угуп, орун бергенге даяр.

Дагы караңыз Бейшеналиев: Мен реформа жасап жатам


Бишкек мэриясына караштуу Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин башчысы Нурдан Орунтаевдин айтымында, Исманкулов мэрия менен бул имаратты ижарага алууга байланыштуу 2012-жылы гана келишим түзгөн. Өткөн айда келишим бир тараптуу жокко чыгарылган.

"2012-жылы 22-августта муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими менен Исманкуловго 1075 чарчы метр болгон ушул имарат беш жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Ошондон бери ар беш жыл сайын анын мөөнөтү узартылып келген. Келишимдин мөөнөтү акыркы жолу былтыр июлда узартылган. Ижаранын акысы башында айына 164 миң сом болгон. Кийинчерек 214 миң сомго көтөрүлгөн. Келишимге буга чейинки жетекчи Аскат Карынбаев кол койгон. Мен бул кызматка дайындалгандан кийин, ушул жылы 17-февралда социалдык маанидеги объекттерди бошотуу максатында жана комиссиянын чечими менен келишим бир тараптуу жокко чыгарылган. Бүгүнкү күнгө карата бул чечимге байланыштуу эч ким доо арыз жазган эмес, бизге ал тууралуу маалымдама келе элек".

Бул макала жазылып жаткан чакта Исманкулов шаардык оорукананын имаратын 2012-жылга чейин кандай шартта пайдаланып келгенин тактай алган жокпуз.

Дагы караңыз Исманкулов менен КУУнун чуулуу келишими


Ал арада Билим берүү жана илим министрлиги менен Исманкуловдун Улуттук университетке деп алынган ири суммадагы насыяга байланыштуу соттошуусу аягына чыга электиги белгилүү болду.

Улуттук университети 1997-жылы “Көздүн микрохирургиясы” госпиталы менен биргеликте бул окуу жайдын алдында “Интергоспиталь” деген медициналык борбор түзүү боюнча келишим түзгөн. Исманкулов ошол кезде ректордун орун басары дагы болуп турган. 1999-жылы Түштүк Кореядагы “Медисон Ко ЛТД” компаниясы менен баасы 8,5 миллион долларлык медициналык жабдуулар насыяга алынган.

Буга байланыштуу 2016-жылы ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы кылмыш ишин козгогон. "Азаттык" мунун чоо-жайын иликтеп жазып чыккан. Кийинчерек кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде кыскарып калганы белгилүү болгон.

Насыяны кайтарууу үчүн Билим берүү министрлиги Исманкуловду 2019-жылы, андан кийин 2021-жылы сотко берген. Аталган мекеменин өкүлү Бектур Ибрагимов Исманкуловдун карызы 28 миллион долларга чамалаганын билдирди.

"2021-жылы 2-майда өкмөт болуп сотко кайрылганбыз. Өкмөттүн атынан Билим берүү министрлигинин кызматкери - мен катышам. Октябрь райондук сотунда иш бир жылдан бери каралып жатат. Сот жараяны учурунда Исманкуловдун өкүлү алар Биринчи май районунда жайгашкандыктан ишти ушу райондук сотко которуу тууралуу өтүнүч келтирген. Сот аны канааттандырган эмес, алар шаардык сотко кайрылганда дагы четке кагылган. Жогорку сот дагы быйыл 1-февралда ушул чечимди күчүндө калтырган. Ушул учурда ишти Октябрь райондук сотунда кароо кайра башталды. Процесстер эми башталды. Бүгүнкү күндө Исманкуловдун карызы 28 миллион доллар болду. Кийинки процесс жакында, ушул айда болот".

Исманкулов насыяга байланыштуу дооматтарга дагы такыр үн каткан эмес, аны менен байланышуу аракеттерибизден майнап чыккан жок.

Туйгуналы Абдраимов 2007-жылы саламаттык сактоо министри кезинде бул маселени көтөрүлгөнүн эстеп айтып берди.

Туйгуналы Абдраимов.

"Советбек Токтомушев деген Исманкуловдун жездеси болчу. Ал ошол кезде улуттук университетте ректор эле. Алар университеттин бир имаратын күрөөгө коюп, насыя алышкан. Канча жылдан бери эле корейлер ошол маселени көтөрүп келет. Чынын айтканда коррупциялык схема да. Мен аны менен чатакташкан эмесмин, маселени тынч эле көтөргөм, чечкиле деп айткам. Мен жумуштан кеткенден кийин маселе ошол бойдон калган. Сүйлөшүп чечкиле дегем, ал убакта насыянын үстөк пайызы чоң эмес болчу. Корейлер менен баарын тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылгам. Ал эми №6 оорукананын имаратын Феликс Кулов мэр болуп турганда алган. Башында акча деле төлөбөй, кийинчерек ижара акысын төлөгүлө деген маселени биз көтөрсөк керек эле".

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Исманкуловдун медициналык борборуна берилген имараттардан сырткары дагы башка ооруканалардын 20дан ашык имараты жана жери жеке колго кантип өтүп кеткени изилденип жатканын, изилдөөдөн кийин аларды дагы мамлекетке кайтаруу иши жүрөрүн билдирген.

Дагы караңыз Кыргыз медицинасы: кыскартуу жана кызмат талаш


Алымкадыр Бейшеналиев министр болгондон бери бир катар ооруканалар жоюлуп, айрымдары бириктирилип, түзүмүн өзгөртүп жатат. Ооруканаларды узак жылдан бери жетектеп келген башкы дарыгерлер, директорлор алмашып, бул иш ар кандай чыр-чатактар менен коштолгон учурлар орун алды. Министр муну реформа жасоо аракети катары сыпаттап келет.