Маркум Жыпар Жекшенин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүндө коюлду

"Ала-Арча" көрүстөнүндөгү тажия. 21.07.2020.

21-июлда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүндө таанымал коомдук иштер Жыпар Жекшенин (26.5.1947—21.7.2020) тажиясы болду. Бийликтин жана коомчулуктун өкүлдөрү чыгып сүйлөгөн чакан эскерүү жыйынынан соң жаназа окулуп, маркумдун сөөгү жерге берилди.

Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшкө бараандуу салым кошкон атуул, “Ашардын” жана КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер Жыпар Жекше 21-июлга караган түнкү сааттарда COVID-19 илдетине байланыштуу оорунун айынан Бишкектеги улуттук госпиталда каза болгон.

Дагы караңыз Өз доорунун өрттөй жанган кулуну эле

Ушул күнү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган жетекчилердин жана бир катар коомдук ишмерлердин атынан көңүл айтуу каты жарыяланды. Анда коомдук жана мамлекеттик ишмер Жыпар Жекшенин басып өткөн өмүр жолу эркиндикке умтулган жарандын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот деп белгиленген.

Некрологдо Ж.Жекше өткөөл мезгилдеги демократиялык институттардын түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн башатында турган демократ, саясий жана коомдук ишмерлердин бири катары замандаштарынын эсинде калганы баса белгиленген.

Жыпар Жекше 1989-жылы жайында Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы май айында ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган.

1993-жылы ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылы” партиясын негиздеп, анын Саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Жыпар Жекше. 03.10.2017.

Ж.Жекше 1995––2000-жылдары Кыргызстандын кош палаталуу Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон.

Ал Кыргызстандын “Даңк” медалы, “Манас–1000” эстелик медалы, Казакстандын Ардак грамотасы менен сыйланган.