Кадрдык жүрүш: УКМК жетекчиси, баш прокурор алмашты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Күн мурун президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Жумгалбек Шабданбековду кызматтан алды. Анын ордуна бир жылдан бери баш прокурор болуп келген Максат Асаналиев дайындалды. Негизги күч түзүмдөрүнүн башчыларынын алмашуусу коомчулукта талкууга жем таштады.