Бул имараттар ал учурда жараксыз болуп калгандыктан, айылдын башка жеринде жаңы оорукана курулуп бүткөн.
Оорукананын эски имаратында чейрек кылымга жакын убактан бери үмүт менен жашап келаткан ошол качкын кыргыздарга Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети менен кыргыз өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде менчиктештирип берүү вазийпасы азыркы күнгө чейин аткарылбай жатканы абдан өкүндүрөт.
Өз тарыхый мекенине келип, көптөгөн жылдардан бери кайдыгерликтин айынан арасат абалда жашап жүргөн жогорку билимдүү дарыгер Абдырахман Ысаковду кепке тарттык.
- Абдырахман мырза, угушубузга караганда тиешелүү чечим чыгарылганына карабай, жашап жаткан турак жайыңыздарды ушу кезге чейин менчиктештире албай келатыпсыздар. Мунун себеби эмнеде? Буга дейре кимдерге кайрылдыңыздар, алардан кандай жоопторду алдыңыздар?
- Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Тажикстанда жарандык согуш чыгып, тагдырдын буйругу менен 1996-жылы күзүндө айласыздан көчүп келгенбиз. Ошо кезде Ивановка айылында жаңы оорукана курулуп бүтүп, эски оорукана бош турган экен, бизди оорукананын имараттарына жайгаштырышты. Абдан жылуу кабыл алышкан, көпкө чейин материалдык жардам берип, азык-түлүк, кийим-кече жагынан да көмөк көрсөтүлгөнүн эч унута албайбыз.
Жашоо-турмушубуз бара-бара оңолуп, кубанычыбыз койнубузга батпай көкөлөп жүрдүк. Кийинчерээк карап көрсөм, арабызда менден башка билимдүү адам жок экен. Көчүп келгендерге өз ыктыярым менен баш-көз болууну чечип, өкмөт берген имараттарды ушул жерде жашагандарга менчиктештирип берүүгө аракет кыла баштадым.
Адистерден тиешелүү кеңеш алгандан кийин адегенде Саламаттык сактоо министрлигине, Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясына жана Ивановка айыл өкмөтүнө бул имаратта жашагандардын атынан арыз жазып кайрылдым. Кудай жалгап, алардын баары эле имараттарды менчиктештирүүгө каршы эмес экенин айтып, арызыбызга токтоосуз жооп беришкен.
Андан кийин Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылдым. Ал жактан бир нече документтерди талап кылышты, аларды да даярдап бергем. Бирок ошол учурда Миграция министрлиги тарабынан тоскоолдук болуп, бул иш капилеттен токтоп калды.
- Себеби эмне экен, сурап билдиңиздерби?
- Себебин сурасак, биз жашап жаткан имараттар «чет өлкөдөн ооп келген башка кайрылмандарды убактылуу жайгаштырып туруш үчүн пайдаланылышы керек» деген жоопту айтышкан. Ошондон кийин бул иш биротоло токтоп, эмне кыларыбызды билбей кала бергенбиз. Бирок өткөн жылы үзүлбөгөн үмүт менен кайрадан бел байлап, президентибиз Сооронбай Жээнбековго кат жазып кайрылганбыз.
- Натыйжа чыктыбы?
- Тилекке каршы, азыркыга чейин жооп бериле элек.
- 45 үй-бүлөдө канча адам бар? Алар жарандык алышканбы?
- 1996-жылы көчүп келгенибизде 120 адам элек, азыр 500гө жакындап калганбыз. Бардыгы жарандык алышкан.
- «Туулган жердин топурагы алтын» дейт, Жерге-Тал менен карым-катыш үзүлгөн жокпу?
- Байланышыбыз жакшы, шартка карап катышып турабыз.
- Өзүңүз тууралуу да айтып берсеңиз.
- Тажикстандагы Мамлекеттик медицина институтунун педиатрия факультетин бүтүргөм. Жерге-Талда 16, бул жерде 17 жыл дарыгер болуп иштедим. Эми ардактуу эс алууга чыккандан кийин деле дарыгерликти токтотпой, элге кызмат кылып келатам.
Аңгемелешкен Мирзохалим Каримов
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.