Армияда бир жылдай кызмат өтөгөн 14 аскердин өмүрүн алган каргашадан үч күн өткөндөн кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коргоо министри Даурен Косановду кызматтан бошотту. Анын ордуна буга чейин армиянын Атайын күчтөрүн жетектеген Айдос Мырзахметов дайындалды.
Казак армиясынын Атайын күчтөрүнүн башчысы Айдос Мырзахметов жана президент Касым-Жомарт Токаев, 2026-жылдын май айы.
Бир күн мурда Коргоо министрлигин комплекстүү текшерүү үчүн комиссия түзүлгөн. Ага башка маселелер менен катар аскердик түзүмдөрдү каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону ар тараптуу иликтөө милдети да жүктөлгөн. Комиссия алгачкы жыйынтыгын жети күндүн ичинде жарыялоого тийиш. Жекшемби күнү Жогорку аудитордук палата да Коргоо министрлигин текшере баштаганын билдирди.
Атайын машыгуу учурунда курман болгон жоокерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Олжас Мухтар уулу II даражадагы "Айбын" ордени менен сыйланды. Дагы 13 аскерге III даражадагы "Айбын" ордени ыйгарылды.
Мындан тышкары, президент Токаев аман калган үч жоокерди кызматтык милдетин аткаруудагы каармандыгы үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлады.
Дагы караңыз
Каспийде каза болгон аскерлерге мамлекеттик сыйлык ыйгарылдыСоциалдык тармактарда эксперттер менен адистер Каспийдеги трагедиянын себептери менен кесепеттерин, ошондой эле мындай кырсык дагы кайталанбашы үчүн кандай чараларды көрүү зарыл экенин талкуулай баштады. Алар министрди алмаштыруу жана жаңы түзүлгөн комиссия боюнча да ойлорун бөлүштү.
"Жаңы Казакстандагы" бешинчи министр
Мурдагы дипломат Казбек Бейсебаев соңку төрт жылда коргоо министри бешинчи жолу алмашып жатканын белгилеп, жетекчилердин бат-бат алмашуусу аскердик мекеменин ишинде көйгөйлөр көптүгүнөн кабар берерин жазды.
Аскердик эксперт Амангелди Курмет уулу министрди алмаштыруу коргонуу тармагында жылдар бою топтолгон маселелерди чече алабы деген суроого жооп издеген. Анын пикиринде, түзүлгөн комиссия кеминде бир жыл иштеп, ишти ийне-жибине чейин иликтеп чыгышы абзел.
"Армиядагы кемчиликтер министрдин алмашуусу менен эле жоюлбайт. Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн комиссия бир катар көйгөйлөрдүн бетин ачышы мүмкүн, бирок баарын эмес. Анткени ал өтө чукул график менен иштеп жатат жана негизинен Коргоо министрлигинин абалын текшерет. Бул болсо бир гана багыт.
Чындыгында, өлкөдөгү бардык аскердик түзүмдөрдө көйгөйлөр бар. Ошондуктан президенттин алдында аскер бөлүктөрүн каалаган убакта текшерүүгө укуктуу атайын комиссия түзүлүп, жок дегенде бир жыл иштеши керек деп эсептейм. Ал комиссия армияны да, Улуттук гвардияны да, Чек ара кызматын да кылдат текшерүүгө тийиш.
Анткени бардык аскердик түзүмдөрдө өзгөчө кырдаалдар жана адам өлүмү катталган. Эскирген техника, жоопкерчилиги төмөн адистер бардык жерде кездешет. Адам өмүрү эң жогорку баалуулук экенин түшүнгөн жоопкерчилик көпчүлүк учурда жетишсиз", - деп жазды эксперт.
Журналист Ирина Петрушова болсо мындай пикирин билдирди:
"Маселе өлкөдө иш жүзүндө кесипкөй адистер дээрлик калбаганына байланыштуу. Андай адистер азыркы бийликке толук ишенбейт. Кызматка кесипкөйлүгү үчүн эмес, бийликке берилгендиги үчүн дайындалат. Тагыраагы, принциптерине жана абийирине карабайт, кандай буйрук түшсө дагы аны аткарууга даяр болгону үчүн кызмат алат".
24-сентябрда Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда катуу шамалдан улам 17 аскер кызматкери (алгач бийлик 19 деп билдирген, кийин маалымат такталган) сууга чөгүп кеткен. Алардын 14ү курман болуп, үчөө аман калган.
25-сентябрда коңшу өлкөнүн калкы аза күттү.
Окуя боюнча "Кызматтык милдетине кайдыгер мамиле кылуу" жана "Кемени айдоо эрежелерин бузуу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу түзүлгөн.
Бул трагедиядан кийин Аскер-деңиз күчтөрүнүн кол башчысынын биринчи орун басары, штабдын башчысы, эки аскер бөлүгүнүн командири, деңиз жөө аскерлер ротасынын командири жана "Кайсар" бөлүгүнүн командири болуп, жалпысынан беш адам кармалган.
Дагы караңыз
"Машыгуу учурунда 14 аскер каза болду". Казакстан аза күтүүдө"Эмне үчүн командир тапшырманы коопсуздуктан өйдө коет?"
Саясат таануучу Досым Сатпаев эгер тергөө органдары офицерлердин шалаакылыгын аныктаса, анда омоктуу суроо жараларын белгиледи:
"Командир эмне үчүн машыгууда тапшырма аткарууну аскерлердин коопсуздугунан өйдө койду?"
Серепчи чечимдер кандай тартипте кабыл алынганын дагы тактоо зарыл экенин белгилейт:
- Аба ырайын жана иш шарттарына ким баа берген?
- Машыгууну улантуу чечимин ким кабыл алган?
- Куткаруу кызматы канчалык деңгээлде даяр болгон?
- Сууда коргоочу күрмөлөрдү кийишкенби?
- Коопсуздук боюнча колдонулчу процедуралар эмнеге натыйжасыз болуп чыккан?
"Жалпысынан бул машыгуулардын канчалык зарыл болгону да маанилүү суроо. Эгер алар жөн гана отчет берүү үчүн өткөрүлгөн болсо анда бул жасалмалуулуктай сезилет. Эгер биздин генералдар өткөн доордогу согуштарга даярданып, азыркы согуш жүргүзүү ыкмалары тез өзгөрүп жатканын эске алышпаса, анда бул дагы жасалмалуулук болуп калат. Мындай учурда Коргоо министрлигине олуттуу суроолор жаралат", - деп жазды ал.
Сатпаевдин пикиринде, заманбап армияда кооптуу операцияны ички тартиптик жазага кабылабыз деген коркунучка карабай токтото ала турган механизмдер болушу керек.
"Мындай кырсык кайталанбашы үчүн бир гана жаза чегерүү жетишсиз. Бизге адамдын коопсуздугу абсолюттук артыкчылык деп караган система керек.
Ар бир аскердик машыгуунун алдында тобокелдикти ар тараптан анализдөө зарыл. Кооптуу жагдай жаралганда операцияны дароо токтотуунун так критерийлери болушу керек. Бул эрежелерди бузган командирлердин жеке жоопкерчилигин карап, куткаруучулардын даярдыгы такай текшерилип, кемчиликтер жөнүндө билдиргендерди коргой турган механизм түзүлүшү зарыл.
Бул трагедиянын бир сабагы - жоокер окуу программасын аткаруу үчүн колдонулуучу материал эмес. Армия адам өмүрү план аткаруу көрсөткүчүнүн бир бөлүгүнө айланган система болбошу керек. Аскердик тартип буйрукту аңдабай туруп аткаруудан эмес, ал буйрукту берген адамдын толук жоопкерчилигинен башталат", - деп жыйынтыктады саясат таануучу.