Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Казакстандык активистке соцмедиа колдонууга тыюу салынды


Жанболат Мамай Январь окуясында курман болгондорду эскерүү акциясында сүйлөп жатат. Алматы, 13 февраль, 2022 жыл.
Жанболат Мамай Январь окуясында курман болгондорду эскерүү акциясында сүйлөп жатат. Алматы, 13 февраль, 2022 жыл.

10-апрелде Алматынын Бостандык райондук соту активист Жанболат Мамайды алты жылга шарттуу кести. Сот ага коомдук-саясий ишмердүүлүк, журналистика менен алектенүүгө, коомдук бирикмелердин ишине катышууга тыюу салды. Мамай бул өкүмдү саясий куугунтук катары сыпаттады.

Прокурордун сураганына жакын өкүм

10-апрелдеги соттук отурумда судья Елена Кван 34 жаштагы Жанболат Мамайды "жалган маалымат таратуу, бийлик өкүлүн мазактоо жана массалык башаламандык уюштуруу" беренелери менен күнөөлүү деп таап, прокурор белгилеген жаза мөөнөтүнөн алты айга азыраак эркинен ажыратууну суранды.

2022-жылдын 12-мартынан бери тергөө абагында отурган Мамай былтыр ноябрда үй камагына которулган. Сот анын үй камагында отурган эки күнү жаза мөөнөтүнүн бир күнүнө, ал эми тергөө абагында өткөн ар бир күн бир жарым күн катары эсептеле турганын айтты.

Ошондой эле Мамайга жаза мөөнөтү аяктаганга чейин тиешелүү мамлекеттик органдын көзөмөлүндө болорун, анын макулду жок жашаган жеринен көчүп кете албай турганы эскертилди.

Үй камагындагы активист Жанболат Мамай онлайн соттук отурумда акыркы сөзүн сүйлөп жатат. Алматы, 6-апрель, 2023-жыл.
Үй камагындагы активист Жанболат Мамай онлайн соттук отурумда акыркы сөзүн сүйлөп жатат. Алматы, 6-апрель, 2023-жыл.

Сот Мамайга алты жылга коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө жана социалдык тармактарда жаңылыктарды таратууга тыюу салды. Мындан тышкары, активист сот чыгымдарын төлөөгө милдеттендирилди.

Соттук отурумда казак активист ага тагылган айыптарды четке какты.

"Мен күнөөсүз экениме далил келтирдик деп эсептейм. Сотто сүйлөгөн ондогон күбөлөр менин массалык башаламандыкка чакырбаганымды толугу менен тастыкташты. Ошентсе да, сиз ушундай чечим чыгардыңыз. Мен муну саясий өңүттөгү сот деп эсептейм. Албетте, макул эмесмин", - деди Мамай.

"Эгер өкүмгө макул болбосоңуз, 15 күн ичинде апелляциялык арыз менен кайрылсаңыз болот", - деди ага судья. "Албетте апелляциялык арыз менен кайрылабыз", - деди соттолуучу.

Активисттин аялы жана коомдук жактоочусу Инга Иманбай "Азаттыктын" казак кызматына курган маегинде "Жанболатка берилген жаза ага тагылган айыптардын саясий өңүттөрүн ачык көрсөтүп турат. Бийлик Жанболатты алты жылга шарттуу кесүү менен бирге ошончо мөөнөткө журналисттик, саясий, жада калса социалдык тармактагы баракчасын ачууга тыюу салды" деди.

Бир жолу алынып, кайра тагылган айып

Авторитардык бийликти сындап жүргөн саясий ишмер Жанболат Мамай соңку бир нече жылдан бери Казакстан демократиялык партиясын каттоого аракет кылганын, бирок бийлик ага тоскоол болгонун айтып келет.

Ал былтыр 25-февралда Алматыда Январь окуяларында каза болгондордун элесине арналган митингге катышкандан көп өтпөй 15 суткага камалган.

Кийинчерээк ал "бийлик өкүлүн мазактоо" жана "жалган маалымат таратуу" беренелери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга которулган.

Бир нече айдан кийин Мамайга "Январь окуясы учурунда массалык башаламандык уюштурган" деген бир айып тагылган. Мамай ал кезде "бийлик мени 4-январда "Алматы Арена" комплексинин жанында митинг уюштурду деп айыптаганы жатат" деген эле.

Миңден ашуун адам чогулган митингди 5-январга караган түнү милиция күч менен тараткан. Мамай тополоңго катышпаганын айтып, өзүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук деп атаган.

Каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамайдын тарапкерлери сот отурумун монитордон көрүп жатышат. Алматы, 9-ноябрь, 2022-жыл.
Каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамайдын тарапкерлери сот отурумун монитордон көрүп жатышат. Алматы, 9-ноябрь, 2022-жыл.

Быйыл январда Казакстандын бир нече шаарында бийликке алгач экономикалык талаптарды коюп чыккан акцияларды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан.

Калабада ондогон мамлекеттик жана жеке менчик объектилер жабыркап, талкаланган. Казакстандын президенти өлкөгө "куралдуу террорчулар" кол салганын айтып, коопсуздук күчтөрүнө эскертүүсүз ок атууну буйруду.

Өлкөдө жарандар камакка алынып, жүздөгөн адамдар кыйноого кабылганын айтышкан.

Кийинчерээк абакта кыйноого кабылганын айткан жүздөн ашуун жаран казак бийлигине кайрылган. Расмий маалымат боюнча, тополоңдо 238ден ашуун адам каза болгон.

Былтыр октябрда активисттин жубайы Инга Иманбай Европарламентте сүйлөрдөн бир күн мурда күйөөсүнө карата "массалык башаламандык уюштурган" деген айып "тынч жыйын өткөрүү тартибин бузган" деген берене менен алмаштырылганын билдирген. Иманбай күйөөсүнө тагылган айыптын жеңилдетилишине эл аралык кысым себеп болгон деп эсептейт. Андан соң Мамай сегиз ай отурган тергөө абагынан үй камагынна бошотулган.

Human Rights Watch, Amnesty International жана Freedom House сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлигинен Жанболат Мамайды бошотууну талап кылып келишет.

Жанболат Мамайдын иши боюнча сот былтыр 7-ноябрда башталган. Үстүбүздөгү жылдын 26-январындагы сот отурумунда айыптоо корутундусун окуган прокурордун сөзүнөн белгилүү болгондой, активист кайрадан “массалык башаламандык уюштурган” деп айыпталууда.

6-апрелдеги соттогу акыркы сөзүндө Жанболат Мамай "мамлекетти Январь окуясына сүрүп, 30 жыл элди тоноп жүргөндөр менин ордума отурушу керек болчу" деген.

Казакстанда 19-мартта өткөн кезексиз парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн “Элдик парламентке” кошулган коомдук активисттер тобу Жанболат Мамайды колдоп, толук акталышын талап кылышты.

“Алты жылга эркинен ажыратуу – ага каршы чыккан адамды азыркы президенттин мөөнөтү бүткүчө саясий аренадан кетирүү амалы, ага бөгөт коюу менен бийлик алардын мыйзамсыз иштеринин ачыкка чыгышын каалабайт” деп сыпатташкан.

Мамайга тагылган айыптар

Жанболат Мамай буга чейин бир нече жолу кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Мамай коомчулукка 2011-жылы Жаңы-Өзөндөгү каргашалуу окуядан кийин белгилүү боло баштаган. 16-декабрда Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жараат алган.

Жаңы-Өзөн окуясында ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин баннери өрттөлгөн. Жаңы-Өзөн, 19-декабрь, 2011-жыл.
Жаңы-Өзөн окуясында ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин баннери өрттөлгөн. Жаңы-Өзөн, 19-декабрь, 2011-жыл.

Жаңы-Өзөндөгү иш таштоого катышкан мунайчылар менен бирге бийлик алардын талабын колдогон бир катар коомдук активисттерди да айыптаган. Алардын арасында директор Болат Атабаев, катталбаган оппозициячыл партиянын лидери Владимир Козлов (кийин узак мөөнөткө соттолгон) жана активист Жанболат Мамайга "коомдук кастыкты козуткан" деген айып тагылган.

2012-жылдын июнь айында Атабаев менен Мамай алгач Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камалып, андан соң Актаудагы тергөө абагына которулган. Ал эми июль айынын башында экөө тең камактан бошотулган. Жанболат Мамай өкүнгөнүн айткандан кийин бийлик аны жоопкерчиликтен бошоткон.

2012-жылы Жанболат Мамай "Трибуна" басылмасынын башкы редактору болгон. Анын жетекчилигинде басылма бир нече жолу сотко берилип, атын өзгөртүүгө туура келип, андан соң биротоло жабылган.

2017-жылдын февраль айында Жанболат Мамай БТА Банктан акча уурдоо ишиге шектүү катары кармалган. Анда ага бозгундагы банкир Мухтар Аблязов БТА банктан чыгарып кеткен акчаны мыйзамдаштырган деген айып тагылган, Мамай андай айыптоолор жасалма экенин билдирген.

"Азаттыктын" казак кызматынын макаласын бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG