КГБдан Камчыбек Ташиевге чейинки атайын кызматтын тарыхы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда кезектеги жолу УКМКнын башчысы алмашты. Быйыл февралдагы Камчыбек Ташиевдин отставкасынан соң атайын кызматтын башчылыгына келген Жумгалбек Шабданбеков беш ай иштебей кызматтан алынды. Анын отставкасынын себеби "башка кызматка өттү" деп расмий көрсөтүлгөнү менен кайсы ишке барганы азырынча баймаалым. Февралда Ташиев иштен алынганда бул мекеменин дарегине көп доомат коюлуп, реформа чакырыктары айтылган. Кыргызстан эгемендик алганы бул Улуттук коопсуздук органын 20дай киши жетектеди. Бирок алардын көпчүлүгү кызматтан чуу менен кетип, кийин жоопко тартылган учурлар болду. “Азаттык” атайын кызматты жетектеген төрагалар тууралуу айтып берет.