"Ким шайлоого барбаса айлыгы эсептелбейт". Президенттик жарышка старт берилди

Иллюстрация сүрөт. Жогорку Кеңешке депутат шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Парламенттин 24-сентябрдагы токтому гезитке жарыялангандан кийин шайлоо процесси башталып, талапкер болуу ниети бар жарандар арызын тапшырууга киришет.

Президент Садыр Жапаров кийинки мөөнөткө баруу үчүн талапкерлигин коё турганын жарыялаган. Андан бери бул ири саясий жарыш канчалык тең атаандаштыкта өтөт деген суроо коомчулуктун көңүл чордонунда турат.

Бул ирет президенттик шайлоо аптанын шаршемби күнү өтө турган болду. Парламент муну менен добуш берүүгө катышкан жарандарды көбөйткүсү келет.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев ким шайлоого барбаса, ошол күнкү маянасы кыскарарын билдирди.

Марлен Маматалиев

“Ал күнү жумуш күнү болот. Ким шайлоого катышса, айлык маянасы кадимкидей кетет. Эртеси ал тизмени БШКдан алабыз. Ким барбай калса, анда айлыгы эсептелбейт. Айлык эсептелбесе, келечекте пенсиясы эсептелбейт. Муну да баса белгилеп коюш керек”.

Дагы караңыз

Шайлоо-2027: Жарандарды добуш берүүгө катыштыруу жана ачык атаандаштык

Төрага шайлоого президент Жапаров кызматын тапшырбай эле катышуусу мыйзамдуу экенин дагы кайталады. Мындай шартта административдик ресурстун колдонулушуна жол берилбесин жана көп атаандаштык үчүн керек шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Төраганын шайлоого катышпагандардын ошол күнү маянасы берилбейт деген сөзү коомчулукта талкуулана баштады. Юристтер анын укуктук жагына көңүл буруп, мыйзамга шайкеш келбей турганын айтууда.

Клара Сооронкулова

“Шайлоо – бул укук. Ал ыктыярдуу болушу керек жана мажбурлаганга эч кимдин укугу жок. Ал мыйзамда турат жана жазасы да жазылган. Өткөндө шаардык сот Камчыбек Ташиевдерди ошол берене менен соттоп салбадыбы. Бул жумуш күнү шайлоо өтүп жатканы үчүн ал күнү дем алыш, бирок маяна сакталат деп шайлоо мыйзамында турат. Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, “эгер жаран добуш бербесе, маянасы кыскарат” деп кошуп жатышат. Бул жерде жарандардын укугу бузулуп жатат”, - деди Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.

Мыйзамга ылайык, парламент кабыл алган токтом 25-сентябрда “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланган соң шайлоо процесси башталат. Ошол күндөн тартып талапкер болгусу келген жарандар арызын жазса болот. Мындан тышкары 1 миллион сомдук күрөө төгүп, 30 миңден ашык кол топтошу керек. Кол топтоону электрондук негизде да, кагаз түрүндө да жүргүзүүгө уруксат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди:

Тынчтык Шайназаров

“Мамлекет болушунча шарт түзүп жатабыз. Элге каалаган шайлоо тилкесине барып добуш бер деп жатабыз. Бир гана каттоодо турган жерден эмес, Европада же Америкада болуп калсаңыз же каттооңуз Бишкекте болуп, ошол күнү Таласта жүрсөңүз, каалаган тилкеге кирип добуш бересиз. Бул шарттын түзүлгөнү. Эми эл барбай жатса, күнөөлөөдөн алысмын. Түшүндүрмө иштерин улантабыз деп айтып кетем. Административдик ресурсту колдонууга жол бербейбиз деп сөз бере алам. Себеби андай болбошу керек. Бул боюнча чара көрүлөт”.

Дагы караңыз

"Кызматын тапшырыш керекпи?" Шайлоо алдында жаралган тең атаандаштык маселеси

Мыйзам боюнча жашы 35тен өткөн, соңку 15 жылда Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаган жаран президенттикке талапкер боло алат. Мурда мамлекет башчы бир жолу алты жылдык мөөнөт менен шайланса, 2021-жылы өзгөргөн Баш мыйзамда президент эки мөөнөткө ар биринде беш жылдан шайланат деп өзгөрүп, ошол мүмкүнчүлүк менен мамлекет башчы Садыр Жапаров кайра шайлоого катышууга камынып турат. Ал талапкер макамын алгандан кийин да кызматын тапшырбай турганы боюнча коомдо талкуу жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов пикирин ортого салды:

Талант Мамытов

“Депутаттардын мөөнөтү качан аяктайт? Кийинки чакырылыш шайланып, биринчи жыйынды өткөргөндө бүтөт. Себеби бийликтин вакууму же боштугу пайда болбосун деген мааниде мөөнөт ошентип белгиленген. Биз канча деген президенттик шайлоону өткөрдүк. Аскар Акаевдин учурунда үч жолу шайлоо болгон, бирок президенттин милдетин аткаруучу деген болгон эмес да. Ошол себептүү мыйзамда андай нерселер каралган эмес. Ошондой эле процедура менен келген, бүгүн да уланып жатат. Бул дүйнөлүк практика. Элге ачык-айкын шайлоо процессин камсыз кылып беришибиз керек. Аны эл гана чечиши керек. Баш мыйзамда бийликтин жалгыз ээси эл деп көрсөтүлгөн. Бул маселе элге чыгарылып жатат. Ошондуктан жарандар гана ички тандоосу менен чечет деп ойлойм. Өзүмдө ат салышуу ниетим жок”.

Буга чейин төрт айдан кийин боло турган шайлоого талапкер катары катышуу ниетин ачык билдирген бир гана президент Садыр Жапаров болду.

2017-жылы президенттик шайлоодогу негизги атаандаш талапкер болгон саясатчы Өмүрбек Бабанов бул ирет катышпай турганын, саясий карьерасын жапканын билдирген. Мындан улам шайлоо кандай атаандаштыкта өтөт деген суроо турат.

Дагы караңыз

"Шайлоо алдындагы кара пиар". Президент Жапаровдун Таластагы билдирүүсү

Дагы бир депутат Таалайбек Масабиров мындай деди:

“Эми азыр алдын ала бир нерсе деш кыйын. Бүгүн токтом кабыл алынды. Бул жерде атаандаштык чыгабы, кимдер чыгат, көрөбүз. Амбициясы барлар чыкса керек. Көрөбүз го. Өзүмдө ой жок”.

Жыл башында президенттин мөөнөтү боюнча талкуу күчөп, Садыр Жапаров аны аныктап берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган. Анткени ал мурдагы Баш мыйзам менен шайланган эле. Консот Жапаровду эки мөөнөткө шайланууга укуктуу экенин жана анын биринчи мөөнөтү алты жыл деп караларын жарыялаган.