Кыргызстандагы өксүгү көп классика искусствосу

Оркестр, Кыргызстан

Адистер Кыргызстанда классикалык музыканын айрым аспаптары менен аны үйрөтө турган мугалимдер таңкыс болуп баратканын айтууда. Оркестрде арфа сыяктуу айрым аспаптар жок болуп, анын ордун айласыздан башкалар толуктоодо.

Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык-симфониялык оркестрдин башкы дирижёру, Эл артисти Рахат Осмоналиев азыркы тапта симфониялык оркестрге керектүү арфа музыкалык аспабы жок болгондуктан, пианинону пайдаланууга аргасыз болушканын кеп салды.

Рахат Осмоналиев.

“Биринчиден, бизде арфа сындуу айрым аспаптар жок. Экинчиден, ошол аспапты үйрөтө турган адис жок. Жакын арада туба аспабында ойногон жападан жалгыз адисибиз дагы каражаттын айынан чет өлкөгө чыгып кетти. 1990-жылдардын аягынан тарта эле бир нече жолу биздин өкмөткө, министрликке кайрылып келем. Орусияга, Украинага, такыр болбоду дегенде жакынкы Казакстанга биздин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебинен, болбосо Мураталы Күрөңкеев атындагы орто музыкалык окуу жайынан таланттуу 4-5 баланы эле жиберсе, кийин даяр адис болуп келет эле. Тилекке каршы, сунушумду ошол кезде эч ким капарга албай, кайдыгер мамиле кылышты. Мына эми ошол көйгөй азыркы адис жетишпеген абалга алып келди”.

Башкы дирижердун айтымында, 1970-жылы түзүлгөн симфониялык оркестрге ошол жылдары Орусиядан флейта, кларнет, валторна өңдүү музыкалык аспаптар алып келинген. Бирок алар ошол кезде эле 10-15 жылдай пайдаланып, колдонуудан чыккан. Ал аспаптардын баасы өтө кымбат болгондуктан, азыр да аларды оркестрдин жамааты айласыздан оңдоп-түзөп алып пайдаланып жүрүшөт.

Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси, Эл артисти Сагынбек Акматалиев учурда классикалык искусствонун аспаптары эле эмес, улуттук музыкалык үйлөмө аспаптар да жаңыланууга муктаж экенин белгиледи. Ал аспаптарда ойногон адистердин чеберчилигин арттырууда бул өтө маанилүү дейт ал.

“Биздин оркестрдеги үйлөмө аспаптардын баары жаңыланууга муктаж. Колдонуудан чыгып калган аспаптарды эптеп жамап-жаскап, ойноп жүрөбүз. Анан дагы төрт кылдуу домбралар керек бизге. Кыяктарыбыздын абалы деле мактанарлык эмес. Бизде аспаптарды жакшы жасаган усталар деле бар, бирок эски аспап менен жаңы аспаптын айырмасы асман менен жердей. Кларнет, флейта, гобой өңдүү үйлөмө аспаптарды оңдоого да болбойт экен. Бизде ушундай маселе. Аспаптар акыркы жолу качан жаңыланганы деле эсте жок”.

Кыргызстанда классикалык музыка багытында окуучуларды тарбиялаган зор мектептердин бири – Петр Шубин атындагы балдар музыкалык мектеби. Анда жалпысынан миңге жакын бала билим алса, жыл сайын жүздүн тегерегиндеги окуучу мектепти аяктайт.

Шубинде фортепиано, кыл аспаптар (скрипка, виолончель, альт), үйлөмө (саксофон, флейта, кларнет, гобой, тромбон, труба, фагот) жана урма аспаптар (ксилофон, вибрафон, барабан топтому), орус улуттук аспаптар жана гитара бөлүмү (баян, аккордеон, гитара) кыргыз улуттук аспаптар бөлүмү (комуз, кыл кыяк, жетиген, чоор, сыбызгы, ооз комуз ж.б) бар.

Музыкалык мектептин жетекчиси Гүлзинат Суранчиева жогорудагы бөлүмдөргө бирдей сандагы балдарды алууга аракет кылышарын, бирок ата-энелер балдарына фортепиано, скрипка, комуз жана гитараны гана үйрөткүлөрү келип, башка оор аспаптарга кызыкпай калганын айтат.

Гүлзинат Суранчиева.

“Ата-энелер көбүнчө эле балдарынын фортепиано, скрипка, комуз, гитара аспаптарын, үйлөмө аспаптардан флейта менен саксофонду үйрөнүшүн каалайт. Ал эми гобой, кларнет, труба, тромбон, фагот деген аспаптарга көп деле кызыгуулары жок. Негизинен ар бир аспаптын адисин тарбиялоо кажет болгондуктан биз жыл сайын лекция концерттерди өткөргөндө, ата-энелерге аспаптардын маанилүүлүгүн баяндап, түшүндүрүү иштерин да жүргүзөбүз”,- деди ал.

"Классикалык музыка бааланбай калды"

Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын жетекчиси, Эл артисти Муратбек Бегалиев дагы учурда мыкты музыка адистери чет жактарга чыгып кеткенине кейиди. Мунун себебин азыр көпчүлүк классикалык музыканы баалабай калганын менен байланыштырат.

Муратбек Бегалиев.

“Оркестрде отурган флейта, гобой, кларнет, фагот, труба, тромбон деген укмуштуудай аспаптар азайып баратат. Анда ойногон балдарыбыз да азайып калды. Арфа аспабында ойноочу жалгыз музыкант айым бар эле. Ал дагы Орусияга көчүп кетип, эми эч ким жок болуп калды. Азыр адис жоктугунан роялда ойногондор анын ордун толуктап жатышат. Биздин оркестрде ойногон таланттуу музыканттарыбызды Орусия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү алып кетип жатышат. Кээ бир таланттууларыбыз Европага кетүүдө. Аларды деле бир чети түшүнүп турабыз. Биз шарт түзө албай жатсак, алар үй-жай, жакшы акча менен камсыздап жатса башка эмне кылышат анан? Үй-бүлөсүн багып жатышат да”.

Бегалиевдин айтымында, негизи ар бир концерттик залдарда бирден рояль аспабы турушу керек. Бирок анын баасы өтө кымбат болгондуктан өлкөдө болгону бир-экөө гана бар.

Эгемендүүлүктүн 30 жылында маданият тармагында өсүш менен бирге өксүк да болду. Мындай пикирин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди. Ал маданияттын өсүү жагын салттуу музыка чөйрөсүндө бир топ жетишкендиктер болуп, жаңы таланттар өсүп жетилгени деп белгиледи. Ал эми өксүк тарабы мыкты таланттар жетпеген каражаттын айынан чет жактарга чыгып кетип, өлкөдө тажрыйбалуу музыка таануучулар, мугалимдер азайды дейт министр.

Кайрат Иманалиев.

“Көпчүлүк жерлерде окута турган педагогдор калбай калган. Көпчүлүк аймактагы мектептерде дагы улуттук аспаптарды гана үйрөтүүчү мугалимдер калган. Ал эми классикалык аспаптарда, үйлөмө, кыл жана урма аспаптарды окута турган окутуучулар жетишсиз. Азыр айрым музыкалык окуу жайдагы педагогдор да көбүнчөсү жашы улуулар экен. Жаштар негедир байкалбайт. Эртең улгайгандардын ордун толуктай турчу муун керек да. Мына мени ушул нерсе да көп ойлонтот”.

Министр маданиятты өнүктүрүүнүн он жылдык программасы иштелип чыкканын билдирди. Өзбекстан, Орусия өлкөлөрү менен маданий алаканын натыйжасында ал өлкөлөрдүн музыкалык окуу жайларына, театрларына таланттуу улан-кыздарды тажрыйба алмашууга жөнөтүү жолу каралууда.

“Классикалык искусствонун үлгүсү бизде сөзсүз болушу керек. Биздин чоң симфониялык, камералык, эстрада-симфониялык оркестрлерибиз биздин элди заманбап үлгүдө тейлегенин көксөйбүз. Ошондуктан биздин министрлик бул нерсени чечүү жолдорун издеп жатат. Жакын арада Кытай элчилиги менен сүйлөшүп, 2 млн сомго музыкалык мектептерге жана окуу жайларга пианино, виолончель, скрипка, гобой, кларнет, флейта, труба жана башка аспаптар сатып алынган. Алдыда дагы 2,5 миллион сомго аспаптарды алуу иштери жүрүүдө”.

Дагы караңыз Табалдиев: Тарыхый мурастар талкаланып жатат

Министр Иманалиев өз сөзүндө өлкөдөгү кадрлардын потенциалын пайдалануу максатында бюджеттик негизде окуп жаткандар үчүн жаңы келишим киргизүү жагын пландап жатканын кошумчалады. Ага ылайык бюджеттик негизде музыкалык окуу жайларда окуган студенттер маданият тармагына бир канча убакыт милдеттүү түрдө иштеп берет.

Кыргызстанда классикалык искусстводогу музыканттарды тарбиялай турган окуу жайлар – Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерватория, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жай. Андан сырткары Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы жана Каракол шаарында Ыбрай Туманов атындагы окуу жайлары бар. Ошону менен катар жалпысынан кошумча билим берүүчү 88 музыкалык мектеп бар.