"Клооп" протоколдордон айырмачылык тапты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Клооп Медианын" маалыматы боюнча, текшерилип, анализделген протоколдордун көбү кайра оңдолуп, жазылган. Бул болсо шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизиши ыктымал дейт “Клооптун” шайлоого мониторинг жүргүзүү кампаниясынын координатору Айзирек Алмазбекова.

28-ноябрда өткөн шайлоодо "Клооп Медианын" 1400 байкоочусу өлкөнүн бардык аймактарында мониторинг жүргүзгөн. Байкоочулардын жарымы участкалардагы кол санакка катышып, шайлоо бүтөөрү менен 470 шайлоо тилкесинен жаңы эле кол коюлуп, сыясы кургай электе мөөр басылган протоколдордун көчүрмөсүн алышкан.