"Көчөдө ойноп жүрүп токко урунган". Тогуз жашар Ибрахимдин өлүмүнө ким жооп берет?

Сүрөттө токко урунуп каза болгон Ибрахим апасы Чолпон Чотбаеваны кучактап турат. Этикага байланыштуу баланын жүзүн ачык көрсөтө албайбыз

Бишкекте көчөдө токко урунуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн тогуз жашар Ибрахим Анарбеков каза болуп калды. Милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү башталды. Ибрахим бир үй-бүлөнүн көзгө басар жалгыз уулу эле. Каргашалуу окуя 26-июлда болуп, эстен танган бала он күн ооруканада жатып үзүлдү.

Бишкектин 8-кичи районунда Айтиев көчөсүндө теңтуштары менен ойноп жүрүп, арыктагы сууну кечкен маалда токко урунган тогуз жашар Ибрахим 2-августта чарчап калды. Ал бир жумага жакын ооруканада жатты, дарыгерлердин анын өмүрүн сактап калуу аракети жүзөгө ашпады.

Токко урунгандан кийин эс-учун жоготкон жеткинчек туура он күн ооруканада жатты.

Кудрет Умаров, дарыгер

"Келгендеги абалы өтө оор болчу. Жалпысынан эс-учу жок болчу. Аппаратта кармап отурдук. Келгенде эле бардык жардамдарды көрсөтө баштадык. Тилекке каршы, бала 2-август күнү кечки саат 22:20 чамасында кайтыш болуп калды", - дейт Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Кудрет Умаров.

Кырсык баскан күнү Ибрахим топ балдар менен үйүнүн жанындагы арыкты кечип ойноп жүргөн.

Окуяга күбө болгондордун бири буларды билдирди:

"Мен ошол күнү дүкөндө отурсам, кошуна бала кирип калды. “Дарыгер эмессизби?” деп сурады. “Бул жакта кичинекей бала сууга түшүп кетиптир” деди. Мен чыгып келсем, баланы суудан чыгарып, жерге жаткырышкан экен. Көгөрүп кетиптир. Тез жардам чакырсак, келбей койду. 7–8 мүнөт өтүп кетти го. Бирөө келип, кармап көрүп, тамыры сокпой калганын айтты. Бул жердеги кошуна бала автоунаасын айдап келгенде апасы да келип калды. Машинеге салып, ооруканага алып кетишти. Балдар "ток тартканда биз чыгып кеттик" дешти. Ал "12-кичи районго чейин барам" деп айткан экен. Аны алып чыккан киши да өзүн ток тартканын айтты".

Ибрахим ооруканага жеткирилгенден кийин бир жумадан ашык реанимацияда жаткан. Апасы Чолпон окуядан кийин коомчулукка кайрылып, баласынын токко урунуу себептерин иликтөөнү суранган:

"Бул үчүн ким жооп берет? Ал арык азыр деле ачык турат. Аны текшерүү керек. Балким, электр зымы туура эмес өткөндүр. Балдар муну кайдан билмек эле? Балким, ал жер тосулушу керек беле? Мындай кырсык башка эч кимдин башына түшпөсүн", - деди Чолпон Чотбаева.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Көчөдө ойноп жүрүп токко урунган". Ибрахимдин өлүмүнө ким жооп берет?

Ибрахим анын көзгө басар жалгыз уулу эле. Анын тууганы Назгүл баланын сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалганын маалымдады.

"Бутун сууга салып ойнойм деген. Эки бала чыгып кетүүгө үлгүрүптүр. Биздин бала эсин жоготуп, жатып калыптыр. Аны суудан көтөрүп алып чыгалы дешсе, аларды да ток тартыптыр. Ток эле урган болушу керек. Бүгүн соттук-медициналык экспертиза болду. Эми убакыт керек, баары билинет. Азыр күтүп турабыз".

Милиция Ибрахим Анарбековдун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Тоо-кен, курулуш же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Бишкек мэриясы окуя болгон жерден өткөн электр зымдарынын "Бишкек жарык" ишканасына тиешеси жок экенин маалымдаган. Азыр арыктагы сууга ток кайдан кошулуп калганы белгисиз. Учурда Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетикалык коопсуздук кызматы атайын комиссия түзүлөрүн билдирди.

Кубанычбек Чыныбеков

"Азыр комиссия түзүлүп жатат. Иликтөө аяктагандан кийин гана жыйынтыгы белгилүү болот. Азыр электр жабдыктарында кандай кемчиликтер бар экени белгисиз. Алар аныкталгандан кийин укук бузуулар жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык чара көрүлөт. Буга чейин адистер болжолдуу түрдө гана карап чыгышты. Лаборатория жыйынтык чыгаргандан кийин баары белгилүү болот", - деди Энергетикалык коопсуздук кызматынын кызматкери Кубанычбек Чыныбеков.

Тогуз жаштагы баланын өмүрүн алган окуя коомчулукта талкуу жаратып, коопсуздук маселесине көңүл буруу керек деген чакырыктар айтыла баштады. Кырсык катталган Айтиев көчөсүндөгү электр тогу ал жердеги имараттардын биринин ички электр системасы бузулгандыктан пайда болушу мүмкүн экени айтылууда. Бирок кайсы имараттан кемчилик кеткени азырынча тактала элек.

Баланын сөөгү Чүйдүн Аламүдүн районуна 3-августта коюлганын жакындары билдиришти.