Сокулук районунун Май айылында көлмөгө түшүп кеткен балдардын сөөгүн милиция келгиче эле айыл тургундары алып чыккан экен. Чарчап калган балдардын бири Нурислам ошол күнү төрт жашка толгон, үйдүн улуу баласы болчу. Ата-энеси уулунун туулган күнүн белгилейбиз деп, белек алганы базарга кеткенин коңшуларынын бири Искандар Шафиев айтып берди.
"Ватсапта айылдын "Ынтымак" деп аталган тайпасы бар. Ошо жерге 2-февраль күнү "Муктар абанын неберелери жоголду" деген билдирүү келип калды. Үч бала экен дешти. Айылдагылардын ар бири көргөн-билгенин айтып атты. Ал билдирүүлөр түштө келип жатты, балдарды саат экилерден кийин табышты. Себеби көлмө айылдын четинде турат, ал жерде киши өтпөйт көп деле. Чарчап калган үч баланын арасында дагы бир бала болгон. Ал үйүнө барып, апасы менен чай ичип, анан апасына: "Досум уктап калды. Мен анын телпегин (баш кийимин) алып келип, үйүнүн жанына таштадым" деген экен. Ал бала жакшы сүйлөй албайт экен. Аны угары менен тиги келин баласын ээрчитип, чуркаган бойдон каналга келген, келсе баягы балдардын сөөгү суу үстүндө калкып калыптыр".
Окуя болгон жерге милиция жана "Тез жардам" кызматы чакырылган. Балдардын жакындары медиктерди күтпөстөн, коңшу айылдагы ФАПка алып барганда наристелер дем албай калганын адистер айткан.
Чарчап калган балдардын баары тууганар болгон. Нурислам менен Мирланбектин ата-энелеринин үйлөрү бири-бирине жакын жайгашкан. 2-февралда алар эжесинин үйүнө барабыз деп, бирок суунун үстүндөгү музду көрүп, алаксып ойноп кеткенин алардын агасы Асланбек Насиров билдирди:
"Бирөө бир тууган инимдин, экинчиси бир тууган эжемдин баласы, үчүнчүсү болсо кудачабыздын баласы. Негизи балдар таятасынын үйүнөн эжесинин үйүнө баратышкан. Анан эле музду көрүп, ойноп кетишкен. Каналга келген суу темир түтүк аркылуу кичинекей көлмөгө түшөт, балдар ошонун үстүнө тоңгон сууга ойноп кетип атпайбы. Көлмөдөгү суунун тереңдиги 150-160 сантиметр. Суудан коңшулар чыгарды. Бизге келаткан жол аябай начар, ооруканага балким эртерээк жеткенибизде балдар аман калмак".
Балдар түшүп кеткен көлмөнүн айланасы тосулган эмес, жээгинде муз тоңуп турган.
"Ал күнү Нурисламдын туулган күнү болчу, аталары, иниси менен Сокулукка белек алып келели деп кеткен экен. Анан эле ушундай болуп кетти. Жаман иш болуп калды, бир эмес үч балабыздан айрылып калдык. Айыл өкмөт ушу жерди карап койсо болмок. Тегерегин коруп же арык коюп, жаап деле салса болот эле. Бул жерге топтолуп калган суу негизи сугат үчүн колдонулат, башка багыты деле жок. Ар бир короодо суу бар. Ошондуктан коопсуздук жагын карап беришсе", - деди чарчап калган балдардын жакындарынын бири.
Окуя боюнча жергиликтүү бийлик үн ката элек.
2-февраль күнү балдардын сөөгү өлүкканага жеткирилип, жакындары кайра айылга алып жерге беришкен.
Жакында эле 29-январда да Бишкектин Бакай-Ата конушунда 6 жана 9 жаштагы балдар эртең менен каналга түшүп, чөгүп кеткен.
Издөө иштерине тартылган куткаруучулар каналдан алардын сөөгүн алып чыккан. Балдар сууга кантип түшүп кеткени белгисиз, себебин милиция иликтеп жатканы кабарланган.
Былтыр 30-декабрда Бишкек Жылуулук электр борборунун техникалык каналына "Тазалык" ишканасынын үч кызматкери чөгүп кетип, каза болгон.
Өлүм менен коштолгон мындай окуялар катталган сайын шаардагы жана анын жака белиндеги конуштарда канал, көлмөлөрдүн тегерек-четин тосуу тууралуу маселе көтөрүлүп турат.
Шерине