Тарыхчылар бул кайгылуу окуя жетиштүү иликтене электигин, актай барактар али дагы көп экенин белгилешет. Соңку жылдары тарыхты изилдөө, айрыкча Үркүн темасы саясатташып, кайсы бир өлкөлөр окуу китептерин оңдоп жазуу талабын койгон учурлар да жок эмес.
“1916. Эсимде” аталыштагы жыйнактын таанытымы 22-майда, Бишкекте өттү. Ага академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн тарта тарыхка кызыккан жөнөкөй адамдарга чейин катышты.
Тарыхчы Гүлзат Алакөз кызы 1916-жылдагы кандуу окуя коомдук эс тутумда кандай сакталып калганын изилдеп келет. Ал ондон ашык автор жазган жыйнакты чыгаруу тогуз айга созулганын айтты:
Гүлзат Алакөз.
“Он чакты автор Үркүн кандай эскерилип жатат, эскерүү тажрыйбалары кандай өтүүдө, мамлекет бул темага кайсы убакытта кайрылып, кайсы убакытта кайрылбай жатат, эстеликтер качан, ким тарабынан тургузулган, тарыхта кандай чагылдырылууда, эгемендик жылдарында адабиятта, искусстводо бул темага кимдер кайрылды деген темаларды жазды. Бул китеп Үркүн жөнүндө эмес, аны эскерүү тажрыйбалары кантип жүргөнү тууралуу. 1991-жылдан тарта болуп жаткан эскерүү жүрүштөрү. Бул китеп ошол эскерүү тажрыйбаларын биринчи жолу изилдеп чыккан эмгек болду. Китеп 300 нуска менен чыкты. Андан тышкары “Эсимде” долбоорунун сайтынан акысыз жүктөп алсаңыздар болот. Китеп академиялык тилде болбошу үчүн айрым чыгармалардан, эскерүүлөрдөн үзүндүлөрдү бердик. 12дей изилдөө кирген. Анын ичинде “Азаттыктын” Үркүндүн 100 жылдыгына карата чыгарган китебиндеги бир эскерүү бар. Картограф Талгат Жумашев Үркүндөгү кыргыздар качан жолдор, башкы эскерүү жайларын дагы картага түшүрдү. Болушунча ошондой визуалдык материалдарды дагы коштук”.
Китептин таанытымында “Эсимде” долбоорунун жетекчиси Элмира Ногойбаева Үркүн темасы 90-жылдары көбүрөөк көтөрүлө баштаганын эске салып, дегеле ушул он жылдык аралыктагы окуялар өзүнчө изилдөөгө татыктуу экенин белгилей кетти.
Үркүн совет доору кулаганга чейин ачык изилденген эмес. 80-жылдардын соңунда кыргыз жаштары мурда-кийин көмүскөдө калып келген маселелерди ачык айта баштаган.
Мына ошол өлкөнүн кайра жаралуу процессинде пайда болгон “Ашар” кыймылы Үркүн темасын биринчилерден болуп козгоп, 1991-жылы “Өмүр көчү” эскерүү жүрүшүн уюштурган.
Ракыя Жусупова.
Журналист Ракыя Жусупова ошол жүрүштүн башында тургандардын бири.
“Үркүндүн чыгышына Орус падышачылыгынын жерди тартып алуу саясаты себеп болгон. Биз, “Ашар” коому ошол кезде жер маселесин эле, саясий маселелерди чечебиз дегенбиз. Жумагазы байке (Жумагазы Садыр уулу-ред.) “Кыргыз көчү” же “Өмүр көчү” деген жүрүш уюштуралы деп калды. Мен “Өмүр көчү” деген жакшыраак угулат экен, “Ашардын” чогулушунда ушул маселени коелу дедим. Ошондо “ашарчылар” “Өмүр көчү” деген аталышты колдошту. Ошол кезде “Асаба кайра жаралуу" партиясы да жаңы түзүлүп жаткан. Алар дагы колдошту. “Жаш мөмөчүлөр” коому мурдатан эле Үркүнгө карата комплекс курабыз деп жүрүптүр. Алар дагы бизге кошулду. Биринчи жүрүштү 1990-жылы баштамакпыз. Бирок Ош окуясы чыгып кетип аны токтоттук. Кийинки жылы 1991-жылы чыктык. Тоскоолдуктарга көп кабылдык. "Орус туугандардын жинине тийип алабыз" дегендер болду. Ошентип “Жаш мөмөчүлөр” 50 рублдан жыйнады. Жеңишбек Тентиеев “Илбирстин” жетекчиси эле. Ага “футболка чыгарып бериңиз, үч күн ичинде биз басып келишибиз керек” деп бардым. Ал Таалайгүл деген сүрөтчүсүн чакырды, ал киши бир айда бүтчү ишти үч күндө бүтүрүп берди. Анан Накен Касиевге бардык, ал киши министр эле. Бизге Болот Сатаев деген дарыгерди “Тез жардамы”, дары-дармеги менен кошуп берди. Кадыр Кошалиев телеберүү уюштурду. Дөөлөт Нусуповдун ресторанда иштеген досу тамак-аш жагынан жардам берди. Коопсуздук комитети талаа ашканасын берген. Ошентип 1991-жылы КДК партиясы бизди колдоп, 3-июлда жүрүштү Беловодскиден баштап жиберишти. Биз 4-июлда Бишкектен чыктык. 12 күн жөө бастык. Ар бир айылдан тосуп алып жатышты, айыл жок жерде тамак бышырууну өз моюнума алдым. Биринчи тамакты Кантта жасагам. Тосуп алгандар "Үркүндө каза болгон ата-бабаларга кан чыгара албай жүрдүк эле, силер себепкер болдуңар" деп айтып жатышты. Ошентип Караколго бардык. Ал кезде шаар Пржевальск деп аталчу. “Өмүр көчү” жүрүшүнүн күчү менен Каракол аталып калган”.
Ракыя Жусупованын айтымында, жүрүш маалында жазылган Үркүн тууралуу элдин эскерүүлөрү кийин “Өмүр көчү” деген китеп болуп чыккан. Андан кийинки чоң жүрүштү “Асаба кайра жаралуу” партиясы Үркүндүн 90 жылдыгында уюштурган. Анда 120дай адам Кытай менен чектеш Бедел ашуусунда 1916-жылы өлгөн адамдардын сөөктөрү жерге жашырылган.
2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгында биринчи жолу өкмөттүн колдоосу менен эки күндүк жөө жүрүш өткөн.
2019-жылдан бери жөө жүрүштөрдү “Тосор” коому өткөрүп келет. Былтыр Кыргын-Сайдан башталган жөө жүрүш деңиз деңгээлинен 3442 метр бийик Сары-Мойноктон аяктаган. Жүрүштүн маалыматтык кампаниясын “Эсимде” коомдук аянтчасы жүргүзгөн.
“Тосор” коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул видео кайрылуу жолдоп, быйылкы жүрүштө жети күн басууну болжоп жатышканын билдирди.
Айбек Сарыгул
“Быйыл жетинчи жылы өткөнү турат. Ошого байланыштуу жети күндүк жүрүш кылалы деп пландап жатабыз. “Эсимде” платформасы жылдагыдай эле жарыя кылат. 25-июлдан баштап бир жума басабыз. Уюштуруу максаты 1916-жылдагы окуяны эс тутумдарда сактоо жана келечек муундарга жеткирүү. Кандуу окуяга күбө болгон муун басып өткөн жол менен басып өтүү. Алар көргөн кыйынчылыктарды аз да болсо жон терибиз менен сезүү. Тилекке каршы, биздин муун 1916-жылкы окуяны толук кандуу талдоо жана тыянак чыгара алуу жөндөмүнө ээ эмес деген ойдомун. Бирок келечек муун туура тыянак чыгарат деген ишенимдемен. Ошол жаш муундун эс тутумуна калтыруу үчүн жөө жүрүштү жана эскерүү иш-чарасын уюштуруп келебиз. Быйылкы жөө жүрүштү Тосордон баштайбыз. Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан баштап, Сөөк жана Бедел ашуусуна чейин жетсек жакшы болмок. Бул бир эс тутум эле эмес, элдин ынтымагын чыңдай турган иш-чаралардын бири болгону турат".
Кыргызстанда 1916-жылы болгон кандуу окуяны ар кандай атап келишет. Айрым саясатчылар жана коомдук ишмерлер аны “улуттук-боштондук үчүн күрөш”, калгандары “кыргын”, дагы бирөөлөрү түз эле “геноцид” деп жүрүшөт.
Бирок “1916. Эсимде” китебинин авторлорунун бири, тарыхчы Элери Битикчи "Үркүн" деген аталышты калтыруу керек деп эсептейт.
Элери Битикчи.
“Көп кишилер келип “мал үркөт, киши үркпөйт” дешет. Сүрөттөгү бул эстеликте 2012-2013-жылга чейин Үркүн деп эле жазылып турган. Андан кийин кимдир бирөө уялып, эстеликтеги “Улуттук-боштондук үчүн күрөш” деген такта менен алмаштырып койгон. Бул эми саясатка байланыштуу, идеологиялык термин. Бирок ага чейин ата-бабаларыбыз Үркүн деп эле жүргөн да. Коркутуп-үркүтүп деген кишиге да тиешелүү болуп жатпайбы. Азыр көбү “геноцид” деп дагы жүрүшөт. Мигранттарга карата саясат өзгөргөндөн кийин ушундай терминди көп угуп калдым”.
Үч Үркүндүн себептери
Элери Битикчи муну менен катар чогулгандарга Үркүн 1916-жыл менен бүтпөгөнүн, 1917-жылдагы революциядан кийин жана совет бийлиги орногон, коллективизация жылдары дагы кыргыздардын көбү жер оодарып кеткенин айтып берди.
“Лениндин биздин элде жакшы элеси сакталып калган. "Биздин элди куткарып калган" дешет. Бирок андай болбогонун 1920-жылы Пишпек, Нарын, Токмок уезддериндеги кыргыздардын Ленинге жазган каты далилдеп турат. Аны жазгандардын ичинде Эшенаалы Арабаев да болгон. Ленинге 1-майда жиберилген катта “кызыл армия кыргыздарды куугунтуктап, тоноп-өлтүрүп жатканы, көпчүлүк мындан улам үй-бүлөсүн таштап Турпанга качканы жазылып жатат. Ошон үчүн 1917-жыл менен Үркүн маселеси бүттү деп айта албайм. 1917-1921-жылдагы жарандык согуш учурунда канча жоготуу болгонун билбейбиз. Совет бийлиги анын баарын 1916-жылга шылтап койгон. Кыргыздардын да, орустардын да жоготуулары белгисиз. Мисалы, ошол эле Түркстанда аскер гарнизону болуп салык накталай төлөнүп турган. Келип элдин данын, тамак-ашын алып кетишкен. Ташкенттин кеңешинен “биз тап күрөшүнө кирбей, улуттук күрөшкө кирип кеттик” деп жазып атышат. Ошондо бул жакта мусулман эмес калктар биригип алган. 1918-1921-жылы ачарчылык болуп, миллиондон ашуун киши өлгөнү ар кандай булактарда айтылат. Мисалы, 1916-жылы 164 миңге (130 миңи кыргыздар) жетсе, 1918-1921-жылдары качкандардын саны 280 миңге жетип жатат. Ошондо чоң Үркүнү кайсы деген суроо тууралат. Ошол жылдардагы Түркстан комиссиясынын мүчөсү Георгий Сафаров “колониалдык революция” деп жатат. Анткени эч нерсе өзгөргөн эмес. Мусулман калктары кеңештерге кирбей калган. 1921-жылы жер реформасы болгондо кыргыздын улуттук милициясы пайда болуп, келгиндерден курал-жарактарды тартып алганда гана зордук-зомбулук араң токтогон. Андан кийин коллективизация башталып, жерди элден кайра алып коюшкан”.
Аладин Исламидиновдун кесиби имам жана мугалим. Анын туугандары да бир кезде Кытайга качып, ошол жакта отурукташып калган экен. Ошондон улам Үркүн темасына кызыгып жүргөнүн, иш-чара тууралуу Интернеттеги жарыядан окуп келгенин айтты:
Аладин Исламидинов.
“Менин чоң атамдын бир тууганы Каратегин (азыркы Жергетал, Тажикстан-ред.) тараптан Кытайга ооп кеткен экен. Алардын неберелери табылып калды. Аларды көрүш үчүн былтыр Кытайга барып келдим. Алайдагы Сары-Таш аркылуу өтүптүр. Мен деле тактай элекмин. Билишимче, 1916-жылы же 1932-жылдары кичи Үркүндө кеткен. Бай-манаптардын байлыгын тоноп баштаганда чоң атабыз эки жыл салык төлөп, үчүнчү жылы төлөй албай качыптыр. Каратегинден жалпы 200 адам кетиптир. Сары-Ташка жеткенде кээ бири Кашкарга, башкалары азыркы Ооганстандын аймагына ооптур. Чоң атабыз беш баласы менен кетиптир. Кийин эң улуусу Искендерди Кыргызстанга эки бир тууганымды тап деп жибериптир. Ал киши табарын тааптыр, бирок чек ара жабылып, Кытайга кете албай Ошто калып калган. Ошол туугандары менен 94 жылдан кийин табыштык”.
"Колония болгонубуз тарыхый чындык"
Соңку жылдары Үркүн темасы саясатташып, орус коомунун өкүлдөрү окуу китептериндеги 1916-жылга байланыштуу маалыматтарды оңдоону талап кылып келет. Жакында эле орус тарыхчылары илимий жолгушууда окуу китептериндеги “колониялаштыруу” деген сөздү алып салууну талап кылган.
Тарыхчы Рыскул Жолдошев бул абалды учурдагы саясий кырдаалга байланыштырды. Ал Үркүн темасы башка элдердин тепсендисинде калбашы үчүн терең жана ар тараптуу изилдениши керек дейт.
Рыскул Жолдошев
“Биз чоң өлкөлөрдүн ортосунда турабыз. Алар тарыхты өздөрүнө жагымдуу шартта көргүсү келет. Өзгөчө Орусия Украина менен болгон согуштан кийин дүйнөдө чектелген абалда калбадыбы. Ошол себептүү алар тарыхта өздөрүнө каршы маанайды көргүсү келбейт жатат. Бирок орус окумуштуулары өздөрү Борбор Азияга келгенде колония кылуу, басып алуу деген сөздөрдү ачык эле жазышкан. Бул эми убактылуу эле көрүнүш. Биздин мамлекеттин саясий эрки болсо эч кандай кысым болбой изилдей бериш керек. Мамлекет бекемделген сайын өз алдынчалык ошончо күчтүү болушу керек. Негизи Үркүн темасынын илимий изилдениши босогодо эле турат. Бул саясий, экономикалык, социалдык жактан да изилдениши керек. Кийинки жаш муундан ошондой тарыхчылар чыгат деп ишенем”.
Тарыхчы Искендер Батырбек Борбор Азия оторчулукту баштан кечиргени тарыхый факт экенин белгилеп, аны бурмалабай, ошол эле маалда жек көрүүчүлүккө жол бербей окутуу керек деген пикирде.
“Үркүн кыргыз тарыхындагы акыркы жүз жылдыктагы чоң трагедиялардын бири. Ал жаш муундарга окутканда тарых айдыңынын чок ортосунда турушу керек. Биз бул окуяларды балдарда жек көрүүчүлүктү ойготпогондой, ошол эле маалда Үркүн эмне үчүн чыккан, ага эмне себеп болгон, канча киши каза болгон деп ойлоно алгандай окутушубуз керек. Тарых – бул катачылыктардын үстүнөн иштөө. Үркүндү бул окуялардын баары кайталанбагандай окутушубуз керек. Ал эми “колония” тарыхый факт. Борбор Азия орус империясынын астындагы колониялык аймак болгону чын. Бул саясий көз боёмочулук же манипуляция эмес. Бул тарыхый термин, тарыхый факт. 1867-жылы Түркстан генерал губернаторлугу орногондон баштап, 1917-жылга чейин 50 жыл орус империясынын колониясы болгонбуз”.
"Эсимде" аянтчасы уюштурган китептин таанытымында Гүлзада Абдалиева Үркүндө сатылган кыз-келиндердин тагдыры, Гүлзада Станалиева ошол маалдагы жана андан кийин адабиятта жазылган чыгармалар тууралуу баяндоо жасашты. Мындан тышкары китепке эмгектери кирген изилдөөчүлөр сөз сүйлөштү.
XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң ири трагедия тууралуу изилдөө иштери уланып келүүдө. 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүшү падыша аскерлеринин ырайымсыз жазалоосу менен коштолгон. Кытайга качкан кыргыздар жолдо да кырылган.