Кумтөрдөн чыккан талаш: Бөлтүрүктүн доосу, Жапаровдун жообу
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы директору Теңиз Бөлтүрүк ал кызматка келгенге бир ай калганда президент Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров жана “Центерра голддун” жетекчилери ишканадан 630 миллион долларды уурдап кетишкенин” айткан. Мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" расмий документтердин көчүрмөсүн берип, Бөлтүрүктүн дооматын толук четке какты.