Кыйноолорго каршы борбор өзү кыйналууда

Кыргызстандагы кыйноолорду жана зомбулукту алдын алуу боюнча түзүлгөн Улуттук борбордун ишке киргенине бир жылга жакындап калды.

Уюмду кыргыз өкмөтү БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясына кошулуу учурунда, атап айтканда 2008-жылы алган милдеттемесинин негизинде түзгөн.

Бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен парламент депутаттары иштеп чыккан мыйзамда Улуттук борборго кыйноо фактысы катталган бардык жерлерге, анын ичинде жабык жайларга күтүүсүз жана ыкчам барып, мониторинг жүргүзүү укугу берилген. Акыркы маалыматтарга караганда, өткөн бир жыл ичинде борбор кыйноолор боюнча 250дөй фактыга мониторинг жүргүзүп, алардын ичинен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.

Ошентсе да бүгүн борбордун ишине ичи чыкпай, акыйкатчынын ишин эле кайталаган түзүм болуп калды дегендер арбын. Алардын бири укук коргоочу Идирис Кубатбековдун баамында, борбор ачылганы менен кыйноолорго байланышкан өлкөдөгү абал өзгөргөн жок:

- Борборду түзүүнүн эч кандай кажети жок болчу. Бул акыйкатчынын милдетин кайталап калды. Мындай укуктар прокуратурада деле бар да. Борбордун милдеттери, укуктары так көрсөтүлгөн эмес. Азыр борбор акыйкатчынын иштерин жасап атат.

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун да уюмдун ачылышын колдогону менен, бирок бир жылдык ишине канааттанбай турат. Акун өз кезегинде борборду ачууга демилгечи болгондордун бири:

- Бул борборду чоң эмгек менен түздүк. Азыр аны эч ким билбейт. Эмне иш кылып жатканы түшүнүксүз. Азыркы учурда кыйноо фактыларын далилдеп, күнөөлүүлөрдү табыш керек. Борбордун азыркы ишинe нөл деп баа берем.

Кыйноолорго каршы борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков жогорудагы пикирлерге макул эмес. Ал жаңы түзүлгөн органдын ишмердүүлүгүнө бир жылдын ичинде баа берүү эртелик кылат деп эсептейт. Андан тышкары, жаңы түзүлгөн бул мамлекеттик органдын толук кандуу иштешине жакшы шарт түзүлө элек. Рысбеков кеңсе, мамлекеттик унаа, каражат жагынан да көйгөйлөр бар экенин айтты:

- Азыркы кеңсебиз ачык айтканда жакшы эмес. Биздин жумуш түздөн-түз иш сапарларга байланышкан да. Өкмөт каражат бөлгөнү менен ал акчаны өкмөттөн ала элекпиз. Ушундай маселе болуп жатат.

Рысбеков өлкөдөгү кыйноолор боюнча абалды эске алганда, бул орган кандай болгон күндө дагы иштөөсү зарыл экенин белгилейт:

- Азыр Кыргызстанда кыйноолор боюнча абал жакшы эмес. Аны жоюга багыталган бир уюм керек. Биз кыйынчылыктарга карабай, колдон келген аракетибизди жасап, иштеп атабыз.

Кыргызстанда Кыйноолорго каршы улуттук борбор ачуу демилгесин мамлекеттин жөн гана БУУнун алдында кожо көрсүн амалы деп сыпаттагандар бар.

Өкмөттөн борбордун кызматкерлеринин айлык маянасына быйыл 10 миллион сомдой акча бөлүнгөн. Учурда борбордо 22 кызматкер иштесе, дагы алты вакканттык бош орун бар. Борбордун аймактарда өкүлчүлүктөрү да ачылган.