Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

AI: Украина чыгышында согуш кылмыштарына жол берилүүдө


Эмнести Интернешнл уюмунун Украина боюнча докладындагы фрагменттер.
Эмнести Интернешнл уюмунун Украина боюнча докладындагы фрагменттер.

Amnesty International уюму Украинанын чыгышындагы согуш кылмыштары үчүн өкмөттүк күчтөр менен жикчилер күнөлүү экенин далилдеген фактылар бар деп, Орусияны жаңжалга май тамызып жаткандыгы үчүн айыптады. Уюмдун доклады ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге жетишилгенден мурун даярдалган.

Лондондо жайгашкан эл аралык укук коргоочу уюм 7-сентябрда жарыялаган докладында жаңжалга катышкан тараптарды согуш мыйзамдарын бузууну токтотууга үндөдү. Анын авторлору 5 айдан бери уланып келаткан куралдуу кармаш учурунда “туш келди аткылоо, адамдарды уурдоо, кыйноо жана өлтүрүү” фактылары катталганын белгилешет.

Уюмдун башкы катчысы Салил Шетти бардык тараптар эл аралык милдеттенмелерин одоно бузганын билдирсе, Украина боюнча изилдөөчү Хизер МакГилл уруш жүргөн аймактагы жайкын тургундардын өмүрүнө кайдыгер мамиле кылынууда дейт:

- Аскерий эмес имараттар аткыланган учурлар көп катталган. Алардын туш келди аткылоого алынганы далилденсе, "согуш кылмышы" катары сыпатталышы ыктымал.

МакГилл жакында Украинада эки жума жүрүп, уруштун айынан жер которгон кишилер менен маектешип келди. Уюмдун дагы бир тобу Орусиянын Ростов шаарында баш калкалаган украиналыктар менен жолугушкан.

Алар сөзгө тарткан күбөлөрдүн бири Украинанын куралдуу күчтөрү алардын конушун катуу аткылаганын айтып берген.

Уюм “ишеничтүү маалыматтарга” таянып, өкмөттүк армия менен катар аракеттенген "ыктыярчылар батальондору" адамдарды уурдап, уруп-токмоктогондорун жазат жана Украин бийлигин бардык андай учурларды териштирип, согуш кылмыштары үчүн күнөөлүү адамдарды сот жообуна тартууга үндөйт.

Эмнести Интернешнл ошондой эле күбөлөрдүн айткандарына шилтеп, орусиячыл жикчилер “адамдарды уурдап, кыйнап, өлтүргөндөрүн” белгилейт.

- Мен баарлашкан күбөлөр жикчилерди бир нече топко бөлсө болоорун айтып беришти. Кээ бирлер алардын арасында жергиликтүү жашоочуларды таанышкан, андан тышкары адискөй, атайын даярдыктан өткөн аскерий адамдарды жана чоочун кишилерди көрүшкөн. Бул – жикчилердин катарында профессионалдуу жоокерлер, сыягы орусиялыктар бар дегенди туюндурат, - дейт МакГилл.

5-сентябрда Нью-Йоркто жайгашкан Хьюман Райтс Уоч эл аралык уюму да козголоңчуларды жайкын тургундарды “жазалоочу бригадаларда” күчтөп иштеттирүүнү, өмүрлөрүн согуш майданында тобокелге салууну токтотууга үндөгүн.

Орусия кошуна өлкөдөгү куралдуу кармашка тиешеси жоктугун кайталап келатат.

Бирок Эмнести Интернешнл уюмунун башкы катчысы Шетти Москваны козголоңчуларга “курал-жарак жөнөтүүнү жана башка колдоо көргөзүүнү” токтотууга чакырды.

Уюм спутниктен тартылган сүрөттөрдү тиркеп, анда орус аскерлеринин Украинанын чыгышына оор техниканы жана артиллериясын топтогонун көрсө болот деп түшүндүрдү.

Укук коргоочулар ошондой эле Украианын аймагында орусиялык жоокерлердин туткунга түшкөнүн, күбөлөрдүн орус аскерлери жана техника чек арадан өткөнү тууралуу маалыматтарын тирешүү “эл аралык куралдуу жаңжалга” айланганын далилдеген фактылар катары караса болорун белгилешет.

МакГилл эң өкүнчтүүсү ошол кан төгүүдөн жайкын, тынч жаткан адамдар жапа чегүүдө дейт:

- Мен сөзгө тарткандардын кээ бирлери кайсы бир деңгээлде автономияны каалашарын, башкалары болсо Украинада жашагылары келээрин, өзгөрүүлөрдүн кереги жоктугун айтышты. Бирок бардыгы тең бир да тарап көз карашыбызды чагылдырбайт, добушубузду эч ким укпайт, үй-мүлкүбүз болсо талкаланып жатат деген оюн ортого салышты.

XS
SM
MD
LG