Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Путин менен Порошенко украин кризисин талкуулады


Порошенко менен Путин телефон аркылуу Украин кризисин талкуулашты.
Порошенко менен Путин телефон аркылуу Украин кризисин талкуулашты.

Киев менен Москва маалымдаганга караганда, эки мамлекет башчы телефон аркылуу Украинанын чыгышындагы кан төгүүнү токтотуу чараларын талкуулашты. АКШ президенти Барак Обама бул жаңжал Москва урушка катыштыгы бар экенин моюнга алганда гана токтоорун билдирди.

Украин президентинин администрациясы 3-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Петро Порошенко менен Владимир Путин Украинанын чыгышында атышууну токтотуу тууралуу макулдашканы айтылат. Кийинчээрек билдирүү кайрадан жаңыланып, эки президент Донецк аймагында кан төгүүнү токтотуу боюнча бирдей көз карашка келгени жарыяланды.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчылар телефон аркылуу сүйлөшкөндө атышууну токтотуу үчүн кадамдарды талкуулаганын ырастап, бирок жаңжалды токтотуу боюнча макулдашуу жөнүндө сөз болбогонун айтты. Анткени Украинанын чыгышындагы жаңжалга Орусиянын эч кандай тиешеси жок деди Песков.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл козголоңчулар бул билдирүүлөрдөн бир аз мурда эле өз позициясын билдиришкен. Алар аймактан украин күчтөрү чыгып кетмейинче атышууну токтотуу боюнча эч кандай макулдашуу болбой тургандыгын айтышкан.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 1-сентябрдагы билдирүүсүндө «Порошенконун “тынчтык планы” козголоңчуларды куралсыздандырып, өзүлөрүн жоготууну көздөйт» деп айтылат.

АКШ президенти Барак Обама 3-сентябрда Эстониядагы сапары маалында сүйлөгөн сөзүндө "Орусиянын Украинага каршы агрессиясына" токтолду. Ал ошондой эле мындай кырдаалда АКШ Европадагы НАТОго кирген өлкөлөрдүн коопсуздугуна көмөк көрсөтө берээрин кошумчалады.

Обама Кошмо Штаттар Порошенконун атышууну токтотуп, саясий абалды жөндөө планын колдоорун да айтты:

- Бул күнгө чейин мындай кадам эч кандай майнап бербеди, себеби Орусия жикчилерди колдогонун моюнга албай келет, ал эми жикчилер мындан пайдалануу менен эч кандай макулдашууга баш ийбейт. Эгер Орусия жикчилерди каржылоону, аскерий жактан күчтөндөрүүнү, даярдоону токтотуп, саясий абалды жөндөөгө макул болгондо гана бир үмүт пайда болушу мүмкүн.

Ал арада Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк 3-сентябрда өткөргөн маалымат жыйында Украина Орусия менен чек арасына дубал курарын билдирди. Ошондой эле премьер НАТО Киевге “номер биринчи өнөктөш” деген өзгөчө макам бериши зарылдыгын белгилеп, АКШ болсо Украинага «башкы союздаш» статусун ыйгарат деп үмүттөнүп жатканын айтты.

5-6-сентябрда Британияда чогула турган НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлери ыкчам аракеттенчү күчтөрдү түзүү тууралуу сүйлөшөт деп болжолдонууда. Эгер андай күчтөр түзүлсө, Орусиянын чек арасына жакын жайгашуусу мүмкүн экени айтылып жатат.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жаңы комиссары Федерика Могерини 5-сентябрдагы жыйында европалык лидерлер Украинадагы окуяларга байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасын кабыл алат деп күтүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG