Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Донецк: украин аскерлери курчоодо


31-августта салгылашуулар Азов деңизинде уланып, козголоңчулар урган соккудан Украинанын катери чөгүп кеткен.
31-августта салгылашуулар Азов деңизинде уланып, козголоңчулар урган соккудан Украинанын катери чөгүп кеткен.

Киев расмийлери акыркы күндөрдөгү салгылашууларда 680 украиналык аскер Донецк облусундагы орусиячыл сепаратисттердин колуна туткунга түшкөнүн маалымдашты.

Анда мурда өкмөттүк күчтөр Луганск шаарынын чыгышындагы аэропортту орусиячыл жикчилдерге калтырып кетишкен.

Козголоңчуларга тийиштүү «Туткунга түшкөндөрдү алмашуу» борборунун жетекчиси Владимир Рубан 1-сентябрда билдиргендей, туткундардын 80% жакыны Иловайск шаарынын тегерегинде колго түшкөн. Акыркы аптада бул шаарда жүздөгөн украиналык жоокерлер козголоңчулар менен орус аскерлеринин курчоосунда калган.

Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин өкүлү Андрей Лысенконун маалымдаганына караганда, “Орусия куралдандырган профессионалдуу аскерлердин артиллериялык чабуулуна” байланыштуу украин жоокерлери аэропортту таштап кетүүгө мажбур болушту. Лысенко украин күчтөрү ал жакта орустардын танк батальону менен салгылашканын, Украинада бери дегенде төрт тактикалык топтун батальону бар экенин, анын ар бири төрт жүз жоокерден турарын кошумчалады.

Мындай билдирүүдөн бир аз мурда Минск шаарында Украина, Орусия, ЕККУнун өкүлдөрү жана москвачыл жикчилдер кездешип, өлкө чыгышындагы кырдаалды талкуулай башташкан. Сүйлөшүүлөр төрт сааттан кийин жыйынтыкталып, кийинки этабы 5-сентябрда өткөрүлмөй болду.

"Интерфакс" маалымат агенттиги белгилегендей, бул жолугушууда козголоңчулар Украинанын аймагында калууга макулдугун билдирип, "облустарга өзгөчө статус берилсин” деген талап коюшкан.

БУУнун маалыматына ылайык, Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен Орусиянын колдоосуна ээ болгон козголоңчулардын салгылашуусунан бери дегенде 2600 адам набыт болду.

31-августта салгылашуулар Азов деңизинде уланды, украин бийликтери козголоңчулар кургактан чабуул коюп, Украинанын катерин чөктүрүп салганын маалымдашкан. Ал чабуулда эки суучул дайынсыз жоголуп, куткарылган сегиз киши оор жаракаттар менен дарыланууда.

Киев менен Батыш Кремлди Украинага аскер киргизип, козголоңчуларды колдоп жатканын айтып, айыптап келишет. Москва болсо бул айыптоолорду четке кагууда.

Өткөн жумада НАТО миңге жакын орус аскерлери Украинага киргенин билдирген.

1-сентябрда Украинанын президенти Петро Порошенко Киевде туруп, Орусияны өлкөгө “ачык басып кирди” деп күнөөлөдү.

- Коңшу мамлекет Украинага каршы түз жана ачыктан ачык агрессияны баштады. Бул жаңжалдуу зонадагы абалды кескин өзгөрттү жана биздин коопсуздук күчтөрүбүз үчүн жаңы катаал суроону жаратты. Олуттуу жыйынтык жасалат. Кадрдык алмашуулар болот.

Ал эми Украинанын коргоо министри Валерий Гелетей Фейсбуктагы баракчасына Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан бери көрө элек алаамат эми босогодо турат, бул согуш он миңдеген адамдын өмүрүн алышы мүмкүн деп жазды.

Ал арада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусиянын аскерлери чыгыш Украинага басып кирбестигин билдирди. Ал 1-сентябрда Москвадагы Мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун 1-курсунун студенттери менен кездешип жатып: «Аскерий кийлигишүү болбойт. Биз бул оор кризисти, бул трагедияны тынч жол менен жөндөөнү колдойбуз. Биздин бардык аракеттерибиз дал ушул саясий чараны алдыга жылдырууга багытталган”, – деди.

Ал эми президент Владимир Путин кечээ Якутияга жасаган сапары маалында сөз сүйлөп, Украиндагы кризис боюнча буларга токтолду.

- Азыр, менин оюмча, абдан маанилүү жараян, түз сүйлөшүү жараяны башталды. Биз мунун үсүтүндө узак убакыт иштешип жана президент Порошенко менен Минскте жолукканда макулдашканбыз. Азыр бул байланыш башталды.

Чыгыш Украинадагы куралдуу конфликт Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган. Андан соң АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы бир топ санкцияларды киргизген. Аларга жооп катары Москва Европадан азык-түлүк алууга бир жылдык чектөө киргизди.

XS
SM
MD
LG