Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Минскте Украинада ок атышууну токтотуу макулдашылды


Украинанын экс-президенти Леонид Кучма, "Донецк элдик республикасынын" премьер-министри Александр Захарченко, ЕККУнун атайын чабарманы Хайди Тальявини жана Орусиянын Киевдеги элчиси Михаил Зурабов сүйлөшүү алдында, Минск. 5.09.2014
Украинанын экс-президенти Леонид Кучма, "Донецк элдик республикасынын" премьер-министри Александр Захарченко, ЕККУнун атайын чабарманы Хайди Тальявини жана Орусиянын Киевдеги элчиси Михаил Зурабов сүйлөшүү алдында, Минск. 5.09.2014

Минск шаарында Украинанын өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар жуманын кечинен тарта ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жана Орусиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен макулдашууга кол коюлганын украин президенти Петро Порошенко ырастап, өзүнүн куралдуу күчтөрүнө ок атууну токтотууга буйрук бергенин айтты.

"Адам өмүрү баарынан баалуу жана биз кан төгүүнү токтотуу үчүн бардыгын жасашыбыз керек" деген президент макулдашылган келишим эки тараптан тең сакталат деген ишеничин билдирди. Ал ошондой эле ишембиден тарта туткунга түшкөндөрдү айырбаштоо жараяны башталышы мүмкүн экенин кошумчалады.

"Донецк элдик республикасы” деп аталган аймактын башчысы Александр Захарченко ок атышууну токтотуу боюнча кол астындагыларга буйрук берди. Бул тууралуу аймактын биринчи вице-премьери Андрей Пургин маалымдады. Ал арада “Луганск элдик республикасы” деп аталган аймактын башчысы Игорь Плотницкий анын тарапкерлери Украинанын курамынан чыгууну талап кылууну уланта берерин белгиледи.

Минсктеги жолугушууга Украинанын экс-президенти Леонид Кучма, Орусиянын Киевдеги элчиси Михаил Зурабов, ЕККУнун атайын чабарманы Хайди Тальявини, өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймактын башчысы Александр Захарченко жана козголоңчулардын бир нече лидерлери катышты.

Кремл Минскте кол коюлган макулдашууну кубаттаарын Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну "жакшы жаңылык" катары баалады. Ошол эле маалда Кэмерон Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасы баары бир кабыл алынарын кошумчалады.

Макулдашуу кабыл алынардан бир аз мурдараак Украинанын чыгышындагы Мариуполь шаарында козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөр кагылышып жатканы кабарланган.

Донбасстагы куралдуу салгылашуулар август айынын экинчи жарымында күчөй баштаган. Украин күчтөрү бир нече шаардан, анын ичинде Лугансктан да чегинүүгө мажбур болушкан. Орусиячыл козголоңчулардын кокустан күчтөнүшүнүн себебин Киев менен Батыш Москвадан көрүп келет. Алар Кремл Украинага мыйзамсыз жол менен миңден ашык жоокер киргизип, козголоңчуларды курал-жарак менен жабдыды деп айыпташууда. Москва болсо мындай айыптоолорду караманча четке кагып келатат.

БУУнун маалыматы боюнча Украинанын чыгышында апрель айында башталган урушта жалпысынан 2600дөй адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG