Каталар бар, айыптуулар гана жок!

Сүзсөм – мүйүз сынат, сүзбөсөм – шилекей чуурат. Кимбайке тарткан азил сүрөт. 03.7.2011.

Бул сатиралык жанытмадагы окуялар айрым өлкөлөрдөгү окуяларга окшошуп кеткени үчүн эч ким, жада калса аны жазган калемгер да, эч айыптуу эместигин эске алалык. Эмесе, “Күлкү кербен” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышына назар салыңыздар.

Басма үйүнүн башчысы буркан-шаркан түшүп, алдыда тизилген бардык кызматкерлерин тилдеп, кээ бирин каргап-шилеп, айрымдарын чекесинен нукуп алганга ниеттенип барып токтоп калып жатты. Жанында адатта анын ачуусун басып турууга адистешкен орун басары турду.

Бечаранын ачуулангандыгында да жүйөө бар: басманын жүз жылдык тарыхында анын өнүмдөрүндө ушунчалык ката жайнап кеткен учур мурда деги эле катталган эмес экен!

Өзү айкөл, жоомарт киши, анан эле эмне үчүн ушундай кыйсыпыр түшүрчү окуялар болуп кетти?

— Кана, шайтан алгырдыкы, четинен айткылачы, эмне кара теке сүзүп кетти? Мына, сен айтчы, эмнеге түстүү чоң көрнөккө Төлөнчөнүн 90 жылдыгына карата текст жазып туруп, четине Түкүнчөнүн сүрөтүн чаптап салдың?

— Шеф, – деди орун басары, – буга ал эмес, анын кол астында иштеген мобу “балапан” күнөөлүү.

Берки “балапан” күнөөлүү түрү менен алдыга суурулуп чыкты да, балп этти:

— Гугл жакшы эле ушул сүрөттөгү киши Төлөнчөнүн өзү деп көрсөткөн болчу. “Фейсбук” менен “Классташтар” тармактарында отурган досторум да тастыктаган...

— Тастыктагандын балакетин алабы, аларың? Кызматтан кетесиң...

— Шеф, – деп орун басары акырын шыбырады. – Муну кетирүүгө болбойт. Аны Ак Үйдөн улам-улам чалышкандан кийин ишке алганбыз...

— Ойлонолу анда... А берки астрономия боюнча окуу китептин катасын эмне кылабыз? Жер Күндү айланбай эле, Күн Жерди айланат деп жазылып калыптыр го?

— Бул менин күнөөм, – деп бир улан алдыга суурулуп чыкты. – Мага жазында кыдырып жүргөн даабатчылар ушинтип айткан соң, автордун катасын оңдоп жатам го деп ойлогом!..

— Автордун катасын?!. – башчы тим эле ордунан чимирилип кетти. – Силер текстте эмне деп жазылса, так ошондой жазгыла да! Сени да кызматтан жоготом!

— Антүүгө кыйын го, аксакал! Аны Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары сунуштаган дегениңизди кулагым чалып калды эле... – деп орун басары шыбырады.

— Ошондойбу!.. Биз бажыдан чет жактан сатып алган кагаздар менен жабдууларды оңой-олтоң чыгарып келип атпайбызбы.. М-даа...

Анан басма башчысы кайра айкырды:

— Алты ай мурда басылган мынабу китепте Дарвиндин окуусу жөнүндөгү бап эмнеге жок кылынып, аны аттап кетишкен?

— Агай, Дарвиндин окуусун Иранда тыюу салышыптыр деп кээ бир даабатчылар айтып жүрүшөт. Мен оңдоп салдым эле, – деп бири үлүрөйдү.

— Ошол даабатчыларга айт, азыр ирандыктар жашыруун ачып, интернетте көп окуган тема – дал ушул Дарвиндин окуусу. Сени да иштен алуу керек. Сен да иштен кетесиң!..

Баягы эле жасакер үн жанынан угулду:

— Шеф, муну маданият министри өзү дайындаткан. Анан ал бизге министрликтин көп акчага турган тапшырыктарын расмий жөнөткөн... Тендерлерде да бизге тымызын көмөк көрсөткөн.

Алиги Дарвинди “жайлаган” басма кызматкери кайрадан үн катты:

— Агай, мен өз катамды түшүнүп турам. Башка агай-эжейлер да мага катуу айтышты. Бөлүм башчы тим эле төпөштөп ийе жаздады. Бирок анын өтөсүнө башка катаны оңдоп салдым. Өз катамдын өчүн алдым десем болот! Бир тарыхчы автор “элибиздин бир нече миң жылдык тарыхы бар” деп жазыптыр. Мен аны “элибиз маймылга чейин эле жаралган” деп оңдоп салдым, – деп ал сыясы кургай элек китепти корстон боло башынан жогору көтөрдү.

— О кудай ай! – деп башчы тим эле улуп жиберди. – Деги эми туңгуюктан кантип тыр-рмышып чыгабыз, тырмышып! Канти-ип!..

Орун басары эстүүлүк кылып, ага камырдан кыл суургандай бир арганы шыбырады:

— Шеф! Урматтуу билим берүү министринин атынан “Авторлор өздөрү күнөөлүү болсо да, аларды түшүнүү менен кабыл алып кечирип, бул нускаларды кайра тууралап чыгарып беребиз” деп айтылган билдирүү долбоорун даярдаталык. Кудай жалгап, баш бухгалтерибиз ушул министрдин тай эжеси!