Чек ара: Карамыктагы бир күн

Карамык айылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан. Талаштуу Унжу-Булак тилкеси Карамык айылынын жогору жагында. 5-июнь, 2021-жыл.

Карамык айылы. Ош облусу. 

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди. 

Карамык айылындагы үйлөрдүн бири.

Айыл тургундары 4-июнда толук эвакуацияланган. 

Чоң-Алай районундагы Карамык айылында 600 чамалуу, ал эми коңшулаш Кара-Тейитте төрт миң чамалуу кожолук бар.

Карамыктын тургундары айылга чек арада жайгашканы үчүн атайын макам берилишин каалашат. 

5-июнда эвакуация болгон айыл тургундары үйүнө кайта баштады. 

Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Ээн калган көчө. 5-июнь, 2021-жыл. 

Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.

Жол боюндагы эшек. 

Кырдаал курчугандан улам Чоң-Алайдын чек аралаш аймактагы бир нече айылдары ичкериге карай эвакуацияланган.

Карамык автожол өткөрүү бекети. 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу аймактардын 13,6 чакырымы Ош облусунун Чоң-Алай районуна туура келет.

Учурда кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экени айтылууда. 

Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.