Медал уткан спортчулар, күйөрмандардын кубанычы

Мээрим Жуманазарова, Айсулуу Тыныбекова жана алардын машыктыруучусу Нурбек Изабеков. "Манас" аба майданы. Бишкек. 7-август, 2021-жыл.

Спортчулар келген учак саат 13:00дө конду. 

Айсулуу Тыныбекова ата-энеси менен амандашып жатат. 

Спортчуларды тосуп алуу салтанатын чагылдыруу үчүн жүзгө жакын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келди. 

Токиодогу жайкы Олимп оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медал алган Айсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиада оюндарына катышары али белгисиз экенин маалымат жыйынында билдирди.

Суучул Денис Петрашов менен оор атлет Бекдөөлөт Расулбеков. 

Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова күйөрмандары менен сүрөткө түшүп жатат. 

Токиодогу жайкы Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык курама командага арналган салтанаттуу иш-чара Ала-Тоо аянтында уланды. 

Акжол Махмудов.

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков.

Токио Олимп оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн коло байге уткан Мээрим Жуманазарова эл алдына чыгып келет жатат. 

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Ал спортчулардын Олимп оюндарындагы ийгилиги Кыргызстандын отуз жылдык эгемендигине белек болгонун айтты. 

Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктардан кечирим сурады.

"Алтын медал алып берем деп убада бергем, бирок ал убадамды аткара албай калдым. Ал үчүн сиздерден кечирим сурайм. Спортчуларды колдоп турдуңуздар. Ушул жерге келип колдогонуңарды мелдештен кийин көрүп алып ыйладым. Күмүш медалдын баркын сиздердин колдооңуздардан кийин билдим", - деди ал. 

Балбан Акжол Махмудов: Күн ысык, ошого карабай бир муштумдай биригип өтө чоң дем-күч берип жатасыздар. Мен биз жаштарга мотивация бере алдык деп ойлойм. Силердин колдооңорду алыстан болсо да сезип турдук. Тилекке каршы, мен финалда ута алган жокмун. Бирок Айсулуу эжебиз менен Мээримге сиздердин колдооңуздар дем берди деп ойлойм.

23-июлда расмий башталган Токио Олимп оюндары эртең, 8-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандан барган 16 спортчунун ичинен үчөө эки күмүш, бир коло байге алды. 

Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандык оюнчуларды бүгүн, 7-августта Кыргызстандын эли чоң салтанат менен тосту. "Манас" аба майданында аларды расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу журналисттер, карапайым эл күтүп алды.