«#REакция» жарандык акциясы өттү

«#REакция» жарандык акциясы Ак үйдүн алдында өттү. 

Акциянын катышуучулары. 

Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды айтып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү талап кылышты.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Бул акцияны чет өлкөдө жүргөн бир катар кыргызстандыктар да колдоп, паракорчулукка каршы талаптар жазылган сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялашты.

Коррупцияга каршы акция Каракол шаарында да өттү. 

Акциянын катышуучулары соттун бул чечиминен кийин облустук өкүлчүлүктүн имаратынан стадионго чейин жөө жүрүш кылышты.

Акцияны уюштуруучулардын бири Алена Хоменко бүгүнкү акция жалпы эле өлкөдө болуп жаткан коррупцияга каршы, ошондой эле Каракол шаарында жасалып жаткан бир катар иштердин сапатына нааразылык иретинде уюштурулганын айтты.

25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү.