Исфанада эң чоң базар өрттөндү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарындагы эң чоң базар өрттөнүп кетти. 19-майдын түнүндө чыккан өрттөн базардын 5 миң чарчы метр аянты толугу менен күйгөн. Базардагы 53 соода дүкөнү, 2 жабык соода түйүнү жана 15 ашкана күйгөн. Өрт эмне себептен чыкканы азырынча белгисиз. ("Азаттыктын" окурманы жиберген видео)