Солтон-Сары: өкмөттүн жообуна эл нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Солтон-Сары жайлоосундагы малдын кырылышына байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Анын негизинде жайлоодо кен иштетүү үчүн алтын комбинат куруп жаткан кытайлык компаниянын тиешеси жок экенин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү 25-июлда Солтон-Сарыга барып айтышты. Бирок алардын жообу нарындыктарды канаатандырган жок.