Нарында электр баасына нааразылар митингге чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

6-февралда Нарын облустук администрациянын алдына жүздөй киши чогулуп, электр энергияга баанын кымбат болуп жатканына нааразылык билдиришти. Алар бийликке кышы катаал Нарын облусунда электр тарифи үчүн эч кандай чектөө болбосун жана көмүрдүн баасы арзандасын деген талаптарды коюшту. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо бул маселе жакын арада чечилбестигин билдирип, чогулган элди туура түшүнүү менен кабыл алуусун өтүндү.