Көк бөрү: "Ынтымактын" жеңиши

"Ынтымак" командасынын капитаны Жолдошбек Орозбаев чемпиондук кубокту алган учуру. Ушуну менен Таластын "Ынтымак" командасы 2 жыл катары менен Нооруз кубогун утуп алды. 

“Достук” жана “Ынтымак” Кыргызстандагы көк бөрү боюнча жогорку лигада негизги атаандаштардан болуп саналат. Эки команда Нооруз, Жеңиш күнү жана Эгемендик күнүнө арналган республикалык мелдештердин финалында бир нече жолу беттешкен.

"Ынтымак" ушуну менен 4-жолу удаасы менен Нооруз мелдешинин жеңүүчүсү болду. Бул турнир 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган.

"Ынтымак" менен “Достук” командалары финалда ойношту. Оюндун негизги убактысы 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, булитте 6:5 эсебинде таластык улакчылар жеңишке жетти. 

Биринчи таймда таластыктар эки улакты тайказанга салып, алдыга чыгышты. 2-таймда “Достук” оюнчулары эсепти теңегенге жетишти. 3-тайм башталганда “Достук” удаасы менен эки улакты тайказанга салса, “Ынтымак” эки улакты тайказанга кошумча салып, эсепти теңеди.

Кошумча берилген 10 мүнөт убакытта да жеңүүчү аныкталган жок. Жыйынтыгында буллитте "Ынтымак" оюнчулары алты улакты тайказанга салса, "Достук" оюнчуларынын салымы беш улак болду.

“Нооруз-2021” аталышындагы көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 17-мартта башталган. 

21-мартта түшкө чейин биринчи лиганын оюндарынын финалында "Кара-Буура" (Талас) – "Жети-Өгүз" (Ысык-Көл) командалары беттешип, таластыктар 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Биринчи лигада 21 команда баш байге үчүн ат салышты.

“Достук” командасынын Шахмат аттуу күлүгү мелдештин "мыкты күлүгү" деп табылды. 

Экинчи орунду ээлегени үчүн “Достук” командасы 200 миң сом сыйлык алды. 

Бул күнү көк бөрүдөн финалдык беттештерден сырткары салбуурун, эр эңиш, ат чабыш өңдүү спорттун улуттук түрлөрүнөн дагы байгелер ойнотулду.

Ат үстүндө күрөшүп жаткан балбандар. 

Ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыштан да жеңүүчүлөр аныкталды. 

Бүркүт салган мүнүшкөр. 

Жаа атуу боюнча өткөн мелдеште кыз-келиндер да күч сынашты. 

Жаа атууга курч көздөн тышкары күчтүү колдор, теӊсалмактуулук, кыраакылык, бутаны мелжей билүү жана чыдамкайлык сыяктуу бир катар сапаттар талап кылынат.
 

“Нооруз-2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шердин жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элестерине арналды. 

21-мартта Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү аталды. Бул команда финалда Оштун “Достук” командасын жеңип алды. “Нооруз-2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шердин жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элестерине арналды.