Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Көкбөрү: «Достук» командасы жеңүүчү болду (видео)


«Достук» командасына сыйлык тапшыруу учуру. 9-май, 2019-ж. Чолпон-Ата шаары.
«Достук» командасына сыйлык тапшыруу учуру. 9-май, 2019-ж. Чолпон-Ата шаары.

Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында жыйынтыкталган көкбөрү боюнча республикалык турнирде жогорку лигада «Достук» командасы жеңүүчү болду.

Бүгүн, 9-майда баш байге үчүн болгон беттеште Оштун «Достук» командасы Таластын «Ынтымак» командасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Оюндагы жалгыз улакты үчүнчү таймдын акыркы бөлүгүндө Таши Майлыбашев таштады.

Бул лигада 3-орунду «Сары-Өзөн» командасы алды. Жеңиш күнүнө карата уюштурулган республикалык көкбөрү турнири биринчи лига менен жогорку лигадагы командалардын арасында өттү. Биринчи лигадагы оюндарга 16, жогорку лигадагы оюндарга 6 команда бөлүнгөн. Биринчи лигада Ысык-Көлдүн «Көл-Төр» командасы жеңүүчү болду. Бүгүн, 9-майда баш байге үчүн болгон беттеште көлдүктөр Таластын «Кара-Буура» командасын 2:1 эсебинде жеңди. 3-орунга Таластын «Алкан-Ата» командасы ээ болду.

Оштун «Достук» жана Таластын «Ынтымак» командалары көкбөрү боюнча республикалык мелдештерде акыркы жылдары алтын байге үчүн таймашкан негизги атаандаштар болуп келет. «Достук» командасы былтыр дагы жеңиш күнүнө арналган мелдеште «Ынтымакты» 3:2 эсебинде жеңип, баш байге алган. Ал эми «Ынтымак» быйыл 3-жолу Нооруз турниринде «Достукту» утуп, алтын медаль тагынды. (SDz/GT)

XS
SM
MD
LG