Оштун кампайбас казынасы

Оштогу Токтогул паркы.

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 27-январь күнү өткөн сессияда калаанын бюджетин бекитип беришти.

Ош шаарынын 2020-жылдагы бюджети 1 млрд. 325 млн. сом болуп бекитилди. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу көбүрөөк. Бирок ал киреше салыгы эми жергиликтүү казынага да бөлүнө баштаганынан улам болуп жатат. 2017-жылдан баштап калаанын бюджети көбөйүп жатканы менен эксперттер казынадагы каражаттар утурумдук эле социалдык маселелерге жумшалып, ишканаларды курууга же болбосо олуттуу бир чоң маселелерди чечкенге багытталбай жатканын белгилешет.

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 27-январь күнү өткөн сессияда калаанын бюджетин бекитип беришти. Шаардык бийлик бул жылы казына өткөн жылга салыштырмалуу 17,6% көбөйгөнүн билдирди. Мэриянын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн кызматкери Эрлан Атабаев бюджеттин көбөйүшүн негизинен киреше салыгынан түшкөн каражаттын 85 % жергиликтүү бийликке калып жатканы менен түшүндүрдү:

Эрлан Атабаев.

- Бюджет былтыркыдан 17,6% көбөйүптүр. Башкача айтканда сумманы 197 млн. 979 миң сомго көбөйтүүнү сунуш кылдык. Былтыр 1 млрд. 127 млн. 634 миң сомго бекитилген эле. Быйыл дээрлик 200 млн. сомго көп.

Ошондой эле ал быйыл каражаттын эң көп бөлүгү турак жай менен коммуналдык чарбага жумшаларын кошумчалады:

- Социалдык коргоого 1% жумшалып атат, жалпы мамлекеттик кызматтагыларга 20% которулуп атат, коргонуу тармагына 0,4%, экономикалык маселелерге 10,4%, турак жай жана комуналдык чарбага 32%, андан кийин билим берүүгө, 4-класска чейинки балдардын тамак-ашына бөлүнөт.

Ош мэриясы бюджет арбыганын жарыя кылып жаткан учурда экономикалык эксперт Эркин Абдразаков азыркы инфляцияны, шаардагы жашоочулардын санын эске алганда муну өсүш катары эсептөөнү аша чапкандык деп эсептейт.

Эркин Абдразаков.

- Шаарда бюджетти түзө турган мекеме-ишканалар деле дээрлик жок, - деди ал. - Жеке ишкерлердин, калктын эсебинен гана өсүш болуп жатат. Көзгө көрүнөрлүк чоң ишканалар салынган жок. Курулуш тармагына бул жактан алып кетип калып, кайра республикадан (казынадан) 150-200 миллиондун тегерегинде кайта кайтарып берет. Ошону да «биздики» деп кошуп алып, көбөйтүп жатканы туура эмес деп эсептейм.

Ошондой эле Абдразаков шаардагы кафе-ресторандар жапырт салык төлөп жатканынан күмөн санай турганын, көпчүлүк ишканалар филиал катары ачылып, салыктан качып жатканын кошумчалады:

- Ош шаарында ресторан менен кафе, чайкана, эмне гана жок? Сауна, мончолор дагы толтура. Ошолордун бардыгы эле толук салык төлөйт дегенге ишенбейм. Мындай мониторинг кылып, ошонун баарын салык төлөтүп алганга духу жетпей атабы же колу жетпей жатабы, билбейм. Жер салыгын баягы бечералар эле төлөйт.

Антсе да Ош шаарынын мэриясы өз казынасынан 34 салыкчыны каржылап иштетип келет. Аларды каржылаш үчүн шаар бюджетинен жыл сайын болжол менен 6 млн. сомдой акча сарпталат.

«Интербилим» коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева шаардын бюджетинин коомдук талкууларына жигердүү катышып, өзүнүн сунуштарын да киргизип келет. Анын айтымында, шаардык кеңеш сунуштарды кабыл алып, айрымдарды ишке ашырууга да макул болгон. Бирок жергиликтүү кеңештин бул ийкемдүү мамилесин ал шайлоонун жакындыгы менен байланыштырды.

Гүлгаакы Мамасалиева.

- Депутаттар да жыл аягында шайлоо жакындаганда өз ишмердүүлүгүн жандантып, биздин сунуштарды жакшы кабыл ала баштайт, ЖМКда чыр жарата турган суроолор болбошу үчүн.

Маселен 23-январда өткөн коомдук талкууда Мамасалиеванын жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн социалдык долбоорлорду колдоо тууралуу сунушун шаардык кеңеш эске алган. Алардын ичинде кризистик борборлорго каражат бөлүү, пенсионерлердин мончо акысын төлөп берүү, үй-жайсыз кишилерди кышкысын турак менен камсыз кылуу сыяктуу сунуштар бар.

Ал эми Ак-Буура дарыясынын боюн тазалап, көрктөндүрүү долбоору - эгер башталып калса мэрия убада берген быйылкы эң ири иштердин бири. Анын долбоорун түзүүгө эле 1 млн. 200 миң сом бөлүнгөн. Ишке ашырууга дагы канча каражат жумшаларын мэрия азырынча эсептеп чыга элек. Бирок анын ишке ашарынан күмөн санагандар да кездешет.

Мындан тышкары быйыл Ош шаарынын кире беришине болжолдуу 400 миң сомдой каражатка беш стела орнотула турган болду. Интернеттин айрым колдонуучулары бул каражатты бала бакча, таза суу, канализация, тротуар маселелерине жумшоо туура болмок деген пикирлерин айтышты.

Жакында эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө жалпысынан 400 миңдей бала бакчага барбай турганын билдирген эле.

Ал эми Ош шаардык кеңешинин төрөгасы Жапар Ормонов журналисттер менен болгон маегинде 2020-жылы үч бала бакча куруу пландалып жатканын айтты:

- Бүгүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Негизинен ушул шаарда быйыл дагы үч балдар бакчасын куруу боюнча маселе каралып жатат. Бул боюнча алдын-ала макулдашылды. Андан сырткары шаарыбызда көптөгөн маселелер бар. Жарыктандыруу, канализация, суу маселеси жана башка багыттарга да акча каражаты берилет.

Эксперттер Ош жана Бишкек республикалык маанидеги шаарлар болгону менен Оштун бюджети Бишкектикинен 10 эсе аз экенин айтышууда. Анын себеби адистер көмүскө бизнестин кулач жайганына, салыктан качкан жарандардын көптүгүнө жана бюджетти толтуруучу ири ишканалардын жоктугуна байланыштырышат.

Бишкек шаарынын 2020-жылкы бюджети 10,98 млрд. сомдон ашык деп эсептелинди. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 2 млрд. сомго көп.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​