"Токтогул" - мөңгү суусун жыйнаган чөйчөк

Токтогул ГЭСи 1975-жылы курулуп бүткөн.

Бул ГЭС Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт.

2021-жылы апрель айында суу сактагычта суунун көлөмү 8,5 миллиард куб метрге чейин түшүп кеткен.

Эгер суунун көлөмүнүн минималдык деңгээли 5,5 миллиарддан төмөн түшсө ГЭСке чоң коркунуч жаралат.

Суу сактагычка 19,5 млрд. куб метр суу батат.

Учурда суу сактагычка 10 млрд куб метрден ашык суу топтолду.

ГЭСти курууга он жылдан ашык убакыт керектелип, 1975-жылы бүткөн.

2007-2008-жылдары "Токтогулдагы" суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Токтогул Борбор Азиядагы эң ири ГЭСтердин катарына кирет.

Диспетчердик бөлүм.

Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 миллиард куб метр суу батат. Быйыл 10-июнга карата суу сактагычта 10,6 миллиард куб метр суу топтолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард куб метрге аз.