Ажалын жолдон тапкандар көбөйдү

Бишкектеги жол тыгыны.

Кыргызстанда жылына миңден ашуун адам жол кырсыгынан бөөдө ажал тапса, дагы бир нече миң адам майыптыкка дуушар болууда.
Жол кырсыктардын саны боюнча Кыргызстан кошуна өлкөлөрдөн алдыга чыкканын адистер белгилешет. Кырсыктарды кантип болтурбай, алдын алса болот?

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова, Жол кайгуул кызматынын инспектору Кылычбек Мурзалиев.

“Азаттык”: Жол кырсыгы жылдан-жылга көбөйүп жатканы белгиленип атат. Мисалы, былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 20 пайызга көбөйүптүр. Быйыл эле биринчи кварталда 56 киши каза таап, 500дөн ашууну жараат алыптыр. Депутаттар да "согушта ушундай өлчү эле, азыр андан да жаман болуп атат" деп айтып жатышат.

Жол кырсыктарынын өсүп жатышына эмне себеп: машиненин көбөйгөнүбү, айдоочулук өнөрдүн төмөндүгүбү же жолдордун жаман абалыбы?

Кылычбек Мурзалиев: Жол кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө курч турган маселе.

2011-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө боюнча "жол кырсыктарынын алдын алуунун он жылдыгы" деген атайын жөрөлгө баштаган. Анын ичинде Кыргызстан да бар, буга байланыштуу иш-чараларды өткөрүү Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылган.

Жол кырсыктарынын көбөйгөнүнүн биринчи себеби – бул Кыргызстан калкынын саны өсүүдө. Экинчиден, транспорт каражаттардын, айдоочулардын саны өсүүдө. Үчүнчүдөн, биздин инфраструктурабыз ойдогудай эмес. Жолдун абалы начар, тиешелүү жол белгилер жок д.у.с. Мунун бардыгы айланып келип эле каражатка такалууда.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Бишкекте БУУ жарыялаган жол коопсуздугунун глобалдык жумалыгы башталды. Мында инспекторлор шаардыктарды жол эрежесин сактоого чакырып, маалымат берери айтылды. Ушундай иш-чаралар жол кырсыктарын азайта алабы?

Чынара Касмамбетова: Азайтууга көмөктөшөт. Анткени элге маалымат берилиши керек. Маалыматтык кампанияларды да көбөйтүш керек.

Бизде жоопкерчиликсиз мамиле күчтүү, эрежени оңой бузабыз. Билгенибиз да, билбегенибиз да бузабыз. Бул жалпы коомдун жоопкерчилигине, маданиятына да байланыштуу. Мисалы, айдоочулар жөө жүрүүчүлөрдү чанда өткөрөбүз. Жөө жүргөндөр болсо зебра турган жерден эки жакты карабай өтө берет.

Ал эми көп айдоочулар эрежени сактабай, учуп кете беришет. Мындай мамиле көп учурда өлүмгө алып келүүдө. Кыргызстанда жол кырсыктардын 44% жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен, өлүмгө алып келген учурлар.