Кармаган сайын арбыган маңзат

Маңзаттар Баткен облусу аркылуу да ташылууда.

Кыргызстанда маңзат ташыган 80ге жакын топ бар жана алар ооган апийимин мурдагыдай эле түштүк аймактар аркылуу алып өтүп жатышат.
Бул тууралуу Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Кыргызстанда маңзаттарды колго түшүрүү көбөйгөнү менен, аны ташуучу багыттардын бири - Баткен аймагы кооптуу бойдон калууда.

Баңгизатка каршы күрөш мекемесинин башчысы Виталий Орозалиевдин айтымында, маңзаттарды колго түшүрүү фактылары көбөйүп жатат:

- Маңзаттар менен күрөшүү боюнча көп аракеттерди жасап жатабыз. Баңгизат менен күрөшүү кызматы кайра түзүлгөндөн баштап, биздин тартип коргоо органдары тарабынан 44 тоннадан ашык маңзат колго түшүрүлгөн. Анын ичинде биздин кызматтын адамдары 34 тонна мыйзамсыз баңгизатын кармаган.

Ооганстандын күч кызматкери маңзаттарды жок кылууда

2009-жылы Бакиев бийлиги жоюп жиберген Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы өткөн жылы кайра түзүлгөнү маалым. Быйыл март айында Орусия менен Кыргызстандын Баңгизатка каршы күрөшүү кызматтары биргелешип иштөөгө макулдашып, анын алкагында Орусия Кыргызстандын бул кызматына техникалык жана материалдык жактан олуттуу колдоо көрсөтүп келатат.

Биргелешип иштөө оң натыйжа берип жаткандыгын 27-октябрда Орусиянын Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Виктор Иванов да белгилеп, кыргыз кесиптештеринин ийгилигин сенсациялуу деп атады.

Аталган кызматтар биргелешип жүргүзгөн 13 атайын операцияда Ооганстанда өстүрүлүп даярдалуучу 200 килодон ашык маңзат колго түшүрүлгөн. Бул наркобарондордун көмүскө экономикасын 20 миллион доллар чыгашага учуратуу дегенди билдирет экен.

Эксперттер маңзаттардын арбын кармалып жатышын эки себеп менен түшүндүрүшүүдө. Биринчиси, Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын калыбына келтирилиши болсо, экинчиден, маңзат көп ташылып жатат.

“Альфа-Антитеррор” коомдук кыймылынын төрагасы Артур Медетбековдун белгилешинче, маңзаттар Ош-Чоң-Алай, Сары-Таш, Карамык, ага кошумча Баткен облусу аркылуу да ташылууда:

- Ооганстанда маңзаттардын көлөмү жылына 7 тоннага чейин өндүрүлгөн болсо, анын жартысы башка өлкөлөр, деңиз, океандар аркылуу кетет. Ал эми калганы Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өтөт. Ошондо 2-3 миң тонна өтө турган болсо, кармап, колго түшүрүп жаткан маңзаттар алардын 10-15 пайызы гана болуп жатат. Бул стратегиялык жактан абдан төмөн көрсөткүч.

Баткен багыты кооптуу

Ушундай жагдайга байланыштуу Кыргызстандын Баңгизатка каршы күрөш кызматы АКШдагы кесиптештеринин жардамы менен Баткен облусуна 5 жаңы тосмо бекет жана административдик мекеме курганы жатат. Буга 6-7 миллион долларлык каражат сарпталарын аталган кызматтын башчысы Орозалиев маалымдады.

- Тилекке каршы мурдагыдай эле маселе жараткан жагдай өлкөнүн түштүгү болуп калууда. Ош түйүнү деп аталып келген багыт бүгүн да бар. Ага азыр Баткен багыты да кошулуп жатат. Анткени башка күч структуралары менен бирге Чоң-Алай тарапты жабууга биздин күчүбүз да, каражатыбыз да жетет. Бирок Баткен тарап алсыз болууда. Ал жактагы чек араны жетиштүү коргоого мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болуп жатат. Буга байланыштуу өкмөт менен сүйлөшүп, атайын бөлүм түзүү чечимине келдик. Татаал делген жерлерге беш блок пост орнотулат.

Ошол эле мезгилде маңзаттарды Кыргызстандын өзүндө да өндүрүү, экспорттоо күч алып жатат. Мындай маалыматты Баңгизатка каршы күрөш кызматы да тастыктады. Ал эми Артур Медетбековдун айтымында, өлкө ичинде өндүрүлгөн маңзаттардын саны да аз эмес:

- Кыргызстандын Түп районунда, Чүйдүн жана Таластын Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылдарында маңзаттар өстүрүлүп, өрчүп жатат.

Ооган маңзаты адатта Тажикстан аркылуу Кыргызстанга, андан ары Казакстан, Орусия жана Европа өлкөлөрүнө чейин таралат.