Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Ногойбаев: Ооган апийими өткөн ондон ашуун жол бар


Мурдагы ички иштер министри Болотбек Ногойбаев маңзатка байланыштуу кырдаал боюнча маек курду.

“Азаттык”: Бириккен Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, Ооганстанда апийим өндүрүү быйыл 61 пайызга өскөн экен. Мунун Кыргызстанга кесепети, азабы кандай болушу мүмкүн? Анткени өлкө маңзат ташылып өтчү жол деп эсептелет эмеспи.

Болотбек Ногойбаев: 61 пайызга өскөнү чындык. Анткени Ооганстан дүйнөгө тараган апийимдин 92 пайызын берет. Өткөн айда алынган маалымат боюнча, Ооганстанда азыр 7-8 жыл апийим айдабай, өстүрбөй койсо да жетчүдөй өлчөмдө даярдалган героин бар.

АКШ башында турган коалициялык күчтөр Ооганстандан кетсе, ал жактагы маңзаттын баары Борбор Азия, анын ичинен Кыргызстанда аркылуу Казакстанга, Орусияга жана Европага тарай турганы түшүнүктүү болуп турат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө Орусия жардам берип, биздин маңзаттарды көзөмөлдөө кызматыбыз менен бирге иш жүргүзүп жатат.
Биздин өлкө аркылуу көп өлчөмдөгү маңзат ташылат деген туура. Мурда 10-15 пайыз маңзат алынса, азыр 5-7 пайызга түшүп калды.

“Азаттык”: АКШнын президенти Барак Обама Кыргызстанда уюшкан кылмыш топтун ана башы аттыккан Камчы Көлбаевди дүйнөдөгү таасирлүү он баңгибарондун тизмесине кошту. Бул эмнени билдирет?

Болотбек Ногойбаев: Чынында Камчы Көлбаевдин түздөн-түз маңзатка, аны ташууга байланышы бар деген маалымат жок. Уюшма кылмыш топтордун башчысы дегени чындыкка жатат. Өзүңүздөр билесиздер, уюшма кылмыш топ болгондон кийин аларга терроризм деле кошула берет, оор кылмыштар да кошула берет. Ошон үчүн маңзат да кошулса керек. Бирок маңзатты ташууга, алып сатууга байланышы бардыгын тастыктаган расмий документ бүгүнкү күндө жок.

“Азаттык”: Сиз убагында ИИМде маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча структураларды да жетектегенсиз. Айтсаңыз, дегеле баңгибарондор деген кимдер? Кыргызстанда канча баңгибарон болушу мүмкүн? Маңзаттарды ташууга күч органдары, жогорку бийликтин өкүлдөрү аралашат деп айтылат.

Болотбек Ногойбаев: Баңгибарон деген бул туура эмес сөз. Мына орустар “вор в законе” деп айтып жатышпайбы. Биз деле жөн жерден эле Батукаевди, башкаларды “вор в законе” деп, алардын атын жөн эле көтөрүп айта беребиз. Бизде Камчы Көлбаев “ворбу же вор эмеспи?” деген чоң суроо бар. Ал эми калгандары андай эмес. Баңгибарон эмес, баңги бизнеси менен алектенип жүргөн кишилер бизде көп.

Ушулар менен иш алып баралы деген маңзат менен күрөшүү агенттигин 2009-жылы Бакиевдин өкмөтү жоюп салган. ИИМде маңзатка каршы иш барып барган бөлүмдүн теңинен көбүн кыскартып, анда башка Бажы кызматында, УКМКда ушул багытта иштегендердин баарын кыскартып, маңзаттардын ташылып өтүшүнө жол берген деп айта алам. Анткени 2010-жылы алынган маңзаттын көлөмү 2009-жылга салыштырмалуу 10 эсе аз болуп кеткен. Бул оор наркотиктер эле.

“Азаттык”: Маңзаттын ташылып өткөн жолдору деле белгилүү, канча топ алектенгени деле маалым деп айтылат. Анан эмнеге маңзатты ташып өтүү тыйылбай, токтобой жатат?
Ооганстанда азыр 7-8 жыл апийим айдабай, өстүрбөй койсо да жетчүдөй өлчөмдө даярдалган героин бар.

Болотбек Ногойбаев: Тажикстандан чыгып Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн 12-14төй жол бар. Эл аралык каттамда жүргөн чоң машиналар бар. Ошол ар бир машинаны жандап жанына киши коюп текшерип турганга мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Мына ушундай чоң машиналар менен маңзат биздин аймак аркылуу Орусияга, Европага өтүп жатат.

Бул унааларды эл аралык келишим боюнча эч ким ачып текшергенге укугу жок. Акыркы бекетке келгенде гана текшерилет. Ал унаалардын баарын текшерүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Жолдон салып алып жатышат, дагы башка учурлар болуп жатат. Биздин өлкө аркылуу көп өлчөмдөгү маңзат ташылат деген туура. Мурда 10-15 пайыз маңзат алынса, азыр 5-7 пайызга түшүп калды.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG