Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:44

Маңзат синдикаттары Кыргызстанга кысым жасоодо


Ооганстандагы апийим талаасы.
Ооганстандагы апийим талаасы.

Кыргызстанга АКШ мамдепартаментинин Европа жана Евразия өлкөлөрүнө жардам берүү программасынын координатору Даниэль Розенблюм келди.

Алар кыргыз өкүлдөрү менен өлкөдөгү маңзат кырдаалын талкуулап жатышат. Кыргыз бийликтери ооган апийимине бөгөт коюу, маңзат синдикаттары саясатка таасирин тийгизип жатканын мойнуна алууда.

Маңзаттын 25 пайызы Кыргызстан аркылуу өтөт

Борбор Азиядагы нарко саясат боюнча борбордун директору Александр Зеличенконун айтымында, Ооганстан аркылуу ташылган маңзаттардын 25% Кыргызстан аркылуу өтөт. Бул деген орто эсеп менен жалпы Борбор Азия аркылуу өтүп аткан баңгизаттардын 20 миң тоннага жакынын түзөт. Мунун 10-15% гана колго түшүрүлүп, калганы Казакстан аркылуу Орусия, анан Европа өлкөлөрүнө сиңип кетет. Зеличенко баңгизат эң кирешелүү бизнес болгондуктан аны менен өз алдынча күрөшүү мүмкүн болбой турганын белгилейт.

- Ооганстандан баңгизаттар Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан шартта күрөшүү мүмкүн эмес. Тилекке каршы бизде нарко коррупциянын деңгээли өтө жогору. Анын үстүнө бул өтө чоң каражат турат, ага каршы эч ким тура албайт. Кыргызстандын бюджети 2 млрд. жакын болсо, нарко бизнестен бир жылына 700 млрд. киреше табышат. 500 эсе айырма болуп атат. Анан кантип каршы күрөшүү жөнүндө сөз болот. Ошондуктан тилекке каршы чиновниктер, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери буга аралашып кеткен. Ташылган маңзаттардын 25% Кыргызстан аркылуу өтөт. Так айтуу кыйын, бирок бул 20 миң тоннага чейин деп эсептелет. Ооганстандын Түндүк маршрутун алсак Борбор Азия, башкача айтканда Тажикстан, Кыргызстан анан Казакстандан Орусияга кетет.

Кыргызстанда арзанчылыкпы?..

Маалыматтарга ылайык, баңги заттын наркы акыркы эки жылда өсүп кетти. Эксперттер муну Ооганстандагы апийим талааларын кыскартууга Американын ири көлөмдөгү каражат жумшаганы, ошондой эле Кыргызстанда күч органдары маңзат менен шугулданган фактыларды көбүрөөк кармап жатканынын натыйжасы деп баалашууда.

Ошентсе да Кыргызстанда героиндин баасы өтө эле арзан болгондуктан, көптөрү кыйналбай эле сатып ала алат. Маселен Зеличенконун белгилешинче, героиндин бир суткалык дозасы 10-13 доллар турат, ал эми бир кило героиндин баасы Бишкекте 6-8 миң доллар турса, Казакстанда 10-12 миң доллар, Москвада 20-25 миң, Германияда ушул эле көлөмдү дозалап сатса 150 миң еврого чейин чыгат. Ооганстандын өзүндө жакшы деген героиндин бир килосу 2 миң доллардын тегерегинде бааланат.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов дүйнө коомчулугу, ошол эле Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттер, Европа Биримдиги баңгизаттын мекени делген Ооганстанга апийимдин ордун басар экономикалык долбоорлорду сунуштап, ГЭС, завод куруу жагынан жардам бериш керек деп эсептейт.

- Чындыгын айтканда бул жерде баңгизат менен күрөшүү деле жок. Тилекке каршы, мурдагы бийлик, булар да баңгизат ташуу жагынан аралашып жүрүп, анын деңгээлин көтөрүп салды. Маңзат болгон жерде залимчилик, күч, кылмыш болот. Криминалдын деңгээли өсөт. Биз Колумбия, Боливия, Перунун деңгээлине баратабыз. Бүгүн муну ачык айтыш керек. Наркозатты эч ким көзөмөлгө ала албай жатат.

Өткөн аптада президент Роза Отунбаева ШКУ саммитинде Кыргызстан эл аралык маңзат синдикаттарынын кысымына дуушар болуп жатканын айткан.

Ачык чек аранын азабы

Маалыматтарга караганда, Кыргызстанга ташылып келинген маңзаттын 50% Баткен аймагы аркылуу өтөт. Баткен губернаторунун орун басары Саиджан Эратов жарым жылдын эсебинде 30 килограммдын тегерегинде маңзат кармалганын айтып, бул маселе менен күрөшүү үчүн чек аралар такталып, бекемделиши керек дейт.

- Биздин чек аралар инженердик негизде зым торлор тартылбаган, такталбаган, ачык болгондуктан каалаган жеринен өтүп кетип жатышат. Керек болсо чек араларды Өзбекстанга окшоп каздырып коюп, өтө турган жеринен гана өтүш керек. Мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алып жыйынтыкка келүү зарыл. Ал тургай Тажикстан, Ооганстан менен бирге иштерди өткөрсөк анан бир жыйынтыкка жетишебиз. Азыр оперативдүү маалымат болгондо кармап атабыз, болбосо техникаларыбыз жетишпейт.

Ушул тапта АКШнын Европа жана Евразия өлкөлөрүнө жардам берүү программасынын координатору Даниэл Розенблюм баштаган делегация Кыргызстанда жүрөт. Алар Кыргызстандын Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчилиги менен жолугушуп, өлкөдөгү маңзат кырдаалын талкуулап, мамлекеттик кызматтын ишин күчтөндүрүү, техникалык жардам боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Зеличенко Орусия деле, Америка деле Кыргызстанга баңгизат менен күрөшүү жаатында дурус жардам берип жатканын, бирок өлкөдөгү нарко коррупцияны жоймоюн сырттан келген жардамдар натыйжасын бербесин белгиледи. Соңку учурда маңзат менен шугулданган белгилүү чиновник, укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармалган. Бирок бул маңзат менен шугулданган дегендердин аз гана бөлүгүн түзөт. Зеличенко алардын атын атоодон баш тартты.

Ал эми 27-июнда Американын маңзат менен күрөшүү багытында жогорку даражалуу өкүлдөрү келет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG