Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

БУУ Кыргызстанга маңзатка каршы күрөштө жардамдашат


Кыргыз президенти Роза Отунбаева менен БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бишкек, 25-апрель.
Кыргыз президенти Роза Отунбаева менен БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бишкек, 25-апрель.

Ооган апийимин Орусияга, андан ары Европага ташуу жолунун бири катар таанылган Кыргызстандын маңзат менен күрөшүү аракетине эми БУУ көмөктөшөт.

БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов Бишкекке 3 миллиондон ашык долларга тете долбоор менен келди.

3,4 миллион долларлык жардам

Маңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык, БУУ Кыргызстанга 3,4 млн доллар жардам көрсөтөт. Бул каражат кайрадан түзүлгөн Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын материалдык базасын жакшыртууга жана кызматкерлерди окутууга жумшалмакчы. Андан тышкары, техникалык-транспорттук жана лабораториялык жабдуулар боюнча жардамдар көрсөтүлөт.

Кыргызстандын Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын келечекте жаңы кызматташтыктар жана ийгиликтер күтүп жаткандыгын Бириккен Улуттар Уюумунун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов белгиледи:

-Алдыда жаңы бийиктиктер күтүүдө. Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматы менен БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана башка өнөктөштөр, атап айтсак, Орусия, Америка Кошмо Штаттары да баңги затын жүгүртүүгө каршы бирге иштешет. Жакынкы күндөрү сиздерге бир топ багыттуу долбоорлорго катышууга туура келет. Биз азыр маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы Ооганстан жана анын кошуналарына комплекстүү программаларды даярдап жатабыз. Комплекстүү аракеттер аркылуу гана муну жеңүүгө болот.

Уюшма топтордун саны жетимиштен ашат

Чындыгында эле Кыргызстан маңзаттарын жүгүртүүгө өз алдынча каршы күрөшө албасы буга чейин да бир нече ирет айтылып келген. Өлкөдө маңзаттарды сатуу менен алектенгендер гана эмес, аны колдонгондордун да саны артып жаткандыгын серепчилер белгилеп жатышат. Буга бирден-бир себеп маңзаттарынын арзандыгы айтылууда. Бул маңзаттарды жүгүртүүнүн көлөмү Кыргызстанда алда канча жогору экендигин билдирип жаткандай.

Кыргызстандын Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Виталий Орозалиев өлкөдө маңзаттарын жүгүртүү менен алектенген жетимиштен ашык уюшма топтор бар экенин ачыктады:

-Уюшма кылмыштуулук менен күрөшүү азыр чындыгында биринчи орунда турууда. Ал эми наркокожолор менен күрөшүү анын бөлүгү катары жүрүүдө. Аны менен күрөшүп жатабыз. Кыргызстанда маңзаттарын жүгүртүү менен шугулданган 70тен ашык уюшма топтор бар. Бул биздин эсеп.

Наркокожолорду Бакиевдер калкалап турганбы?

Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматы 2003-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун көмөгү менен түзүлгөн. Ал эми 2009-жылы президент Курманбек Бакиев мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо деген жүйөө менен аталган кызматты жоюп таштаган. Бул өз кезегинде Бакиев бийлигинин маңзат ташуучулар менен түздөн-түз иштеп, аларга кенен-кесири иштөөгө шарт түзүп берүүсү катары сыпатталган.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Юрий Федотов менен жолукканда Бакиев режими маңзаттарды жүгүртүүчү жолдорду көзөмөлдөп, уюшма топторду канатына калкалап келгендигин айтты:

- Бул кызмат мурдагы режим аркылуу жок болгон. Дал ошол мурдагы бийликтин өкүлдөрү наркожолдорду көзөмөлдөп келгендиги жашыруун эмес. Албетте, бул коркунучтуу. Бийликтин өкүлдөрү жана башкаруучу Бакиев кланы наркожолдорду көзөмөл кылган. Мындай шартта маңзаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес.

Кыргызстан ооган апийимин Орусияга, андан ары Европага ташуунун өткөөл жолдорунун бири катар таанылган. Чек аралардын ачыктыгы, калктын кедейлиги маңзат менен күрөшүүгө жол бербесин эксперттер айтып келишет. Өлкөдө тобокел деп маңзат сатуу менен шугулданган, андан тышкары маңзатты сайынгандардын саны өсүп келатат. Буга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун, ЕврАзЭШтин алкагында баңгизатына каршы күрөшүүгө аракеттер көрүлгөн. Эми Бириккен Улуттар Уюму да жардамга келип отурат.

XS
SM
MD
LG