Итибаев менен атышуу үч адамдын өмүрүн алды

Итибаев өлтүрүлгөн үй

Достук кичи районунда 12-октябрда абактан качып чыккан Алтынбек Итибаев милиция менен атышуудан набыт болду. Андан тышкары милициянын ыкчам отрядынын бир кызматкерине жана эки жай тургунга ок тийген.

Ички иштер министрлигинде бейшемби күнкү атышууда каза тапкан милициянын атайын кызматынын өкүлү Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Маркум Нарын облусунда төрөлгөн. 37 жашта болчу. 2006-жылы кызматтагы ийгиликтери үчүн мамлекеттик “Эрдик” медалы менен сыйланган. Бир катар ардак грамоталарды жана 34 жолу ар кандай сыйлыктарды алган.

Абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо операциясында каза тапкан эки жайкын тургун Нарын облусунун жашоочулары. Бири 79 жаштагы Батыш Койчуманова - Ак-Талаа районунан, 56 жаштагы Медет Какеев - Кочкор районунан болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Каза болгон эки жайкын тургундун өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козголгонун аталган мекемеден кабарлашты.

Достуктагы бүгүнкү абал

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Достуктагы бүгүнкү абал

Төлөбек Исмаилов менен коштошуу. 23-октябрь

Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Темир Сариев: Террорчуларды аябайбыз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сариев: терроризмге каршы аёосуз күрөш болот

Алтынбек Итибаев өлтүрүлгөн үй

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Итибаев өлтүрүлгөн үй

Итибаев автоматтан ок жаадырган

22-октябрда түнкү саат 10дор чамасында Достук кичи районундагы көп кабаттуу №8 үйдө Алтынбек Итибаев атып өлтүрүлдү. Ал милицияга каршы автомат жана тапанчадан ок жаадырган. Атышуу үч саатка созулган.

Итибаев бекинип отурган Достук кичи районундагы №8 үйдөгү квартира милиция тарабынан камоого алынган. Үйдүн тургундары буга байланыштуу сыртка чыга албай турушканын ошол жерде жүргөн кабарчыбыз маалымдаган. ​

Алтынбек Итибаев

Окуя болуп жаткан жерге ички иштер министри Мелис Турганбаев да барган.

22-октябрда түрмөдөн качкан Эдил Абдырахманов да кармалган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдиргендей, анын колунда тапанча болгон. Жанынан “Ислам мамлекети” террордук тобунукуна окшош кара байрак табылган.

Алтынбек Итибаев өлтүрүлгөн үй. Достук, Бишкек

Итибаев өлтүрүлгөн үй

12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам качып чыккан. Алар үч түрмө кызматкерин - ички кызматтын майору Таалайбек Өмүрзаковду, Туратбек Садыбакасовду жана Фархад Орозбек уулун мыкаачылык менен өлтүрүп, дагы бир кызматкерди чала жан кылып сабап качып кетишкен. Жарадар болгон абактын кызматкери, подполковник Тилек Абылгазиев төрт күндөн кийин эсине келбей жатып көз жумган. Төртөөнүн артында он бала жетим калды.

Достук кичи районундагы атышуу учурунда тартылган видео. 22-октябрь

Достук кичи району. 22-октябрь

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абактан качкан Алтынбек Итибаев өлтүрүлдү

Абактан качкан тогуз кишинин бешөө бир сааттан кийин кармалган. Колго түшкөн беш кишинин арасынан үчөө абакта каза болду. Алардын өлүмүнө жүрөк оору менен мээге кан уюганы себеп болгону айтылган. Качып кетүүгө үлгүргөн 39 жаштагы Данияр Кадыралиев Дордой-1 конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мүсүралиев 20-октябрда Сокулуктагы ээн сарайда өлтүрүлгөн. Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов издөөдө жүргөн.