1941-жылы Советтик Армияга чакырылган Кайып Оторбаев катардагы жоокер, взводдун командири катары кызмат өтөгөн. Фашисттик баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн "Кызыл Жылдыз", "II даражадагы Ата Мекендик согуш" ордендери, “Каармандык үчүн”, “1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгендиги үчүн” медалдары менен сыйланган.
Ошондой эле Кыргызстандын II жана III даражадагы “Манас” жана башка бир катар абройлуу жогорку сыйлыктарынын ээси.
Согуштан кийин Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтка тапшырып, аны артыкчылык диплому менен аяктаган. 1950-жылы СССР Илимдер академиясынын география институтунун аспирантурасына өткөн. 1954-жылы илимий диссертациясын ийгиликтүү жактап, география илимдеринин кандидаты деген даражаны алган.
Оторбаев Кумтөрдүн иштешине салым кошкон
Кайып Оторбаевдин илимий ишмердиги Кыргызстандын экономикалык географиясын изилдөөгө багытталган. Маркумдун шакирти, Улуттук илимдер академиясынын академиги, экономист окумуштуу Турар Койчиев Оторбаев Кумтөр сыяктуу ири кен байлыктардын иштетилишине ат көтөргүс салым кошкон деп эсептейт.
- Бул киши өлкөнүн экономика жана география илимдеринин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Кайып Оторбаевичтин илимий эмгектери өлкөнүн кен байлыктарын иштетип, экономикага салым кошууга багытталган. Мындан сырткары республиканын экономикасын аймакташтырууга да зор салым кошту.
Академик Аскар Какеев маркум Кайып Оторбаев чыгаан окумуштуу, коомдук ишмер, ошол эле учурда таланттуу футболчу болгон деп эскерет. Оторбаев каршылаштардын дарбазасына топ киргизерде жан-алы калбай сүрөөнгө алган студенттик күндөрүн эч унутпайт.
Академик Какеев Кайып Оторбаевдин үй-бүлөсү кыргыз интеллигенциясы үчүн үлгү деп санайт. Илим менен спортту айкалыштырган коомдук ишмердин эки уулу да кыргыз элинин керегине жарап жатат.
- Бу кишинин балдары окуп, билимдүү адамдардан болушту. Жоомарты премьер-министр, Чагатайы Медициналык академияда илимпоз болду. Бүгүнкү күндө бул үй-бүлө кыргыз интеллигенциясына үлгү. Сергек жашоо менен илимди айкалыштырган кандай сонун. Кайып Оторбаевич жубайы Мария Нанаева менен бактылуу өмүр сүрдү.
Интеллигент футболчу
Окумуштуу 400дөн ашуун илимий-изилдөө эмгектерин жарыялаган. Алар англис, француз, немис жана испан тилдерине которулган. Аспирантурадагы окуусун спорт менен айкалыштырып, Москванын “Спартак” футбол командасында ойногон. Өлкөнүн Футбол федерациясынын өкүлү Канат Асенов Оторбаев кыргыздардан чыккан алгачкы профессионал футболчу экенин эскерет.
- Эгер тарыхка кайрылсак, Кайып Оторбаев чыгаан футболист болгон. Ал Кыргыз ССРинин курама командасында чабуулчу болуп ойногон. Согушка чейин, тагыраагы 30-жылдары Москванын “Спартак” командасында да оюн көрсөткөн. Ал мезгилде “Пещивики”, “Красная Пресня” деп аталчу. Кайып Оторбаевичти профессионалдык деңгээлде футбол ойногон алгачкы кыргыз десек жаңылышпайбыз.
Кайып Оторбаев 1922-жылдын 22-апрелинде Чүй облусунун Кемин районундагы Тегирменти айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Беш жашында атасынан ажырап, жетим өскөн. Кыргыздын кадырлуу аксакалы, академик 22-февралда 93 жаш курагында дүйнө салды.