Мэрия “Ата-Түрктөгү” ак сарайларга тийишпейт

"Ата-Түрк" сейил багындагы курулуштардын бири.

Бишкек архитектурасы шаардагы “Ата-Түрк” сейил багынын чегин аныктады. Бирок ага парктагы мыйзамсыз салынды делген үйлөр жайгашкан аймак кирген эмес.

“Ата-Түрк” сейил багынан же анын жанынан жер алып, там салгандардын дээрлик баары мурунку, азыркы мамлекеттик кызматкерлер жана алардын тууган-уруктары. Арасында Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун да ата-энеси бар.

“Ата-Түрк” паркынан жер алган 100дөн ашык адамдын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Зиядин Жамалдинов да бар. Ал жалпысынан бир гектарга жакын жери бардыгын, бирок там-таш түшө электигин, эгер мыйзамсыз деп табылса кайтарып берүүгө даярдыгын айтууда:

- Ал жер боюнча соттук териштирүүлөр болгон. Ошол боюнча эле калып кеткен. Эч ким эч нерсе деле курган жок. Азыр жөн эле бош турат. Ал жерге бир нерсе курабыз деген деле ниетибиз жок. Эгер мэрия ал жерди мыйзамсыз деп тапса, кайтарып беребиз, талашпайбыз деле.

Бишкектеги "Ата-Түрк" паркындагы бак-дарактарды аёосуз кыйып, бул жерге үй салынган.

Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы даярдаган эки долбоордо тең “Ата-Түрк” сейил багындагы үйлөр салынган жер кирген эмес. Аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Аскат Түлөбердиевдин түшүндүрмөсүнө ылайык, Жогорку Сот бул үйлөрдүн салынышын мыйзамдуу деп тапкан, ушундан улам ал аймак сейил бактын чегинен чыгарылды.

Шаардык кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Союзбек Салиев архитекторлордун долбоорун сынга алды:

- Мындан 50 жыл мурунку, Фрунзе аткаруу комитетинин атайын токтому бар. Ал жерде парктын чеги так, даана аныкталган. Эмне себептен ал документти колдонбой жатканын түшүнбөйм. Бишкек архитектурасынын бул долбоорун коомчулукка түкүргөн кадам катары эсептесек болот. Эч нерсени моюнга албай, коррупциялык схемалар жашайт жана жашай берет, мындан ары да боло берет дегенди түшүндүрөт.

Шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев бул маселе алгач фракцияда, андан кийин жалпы жыйында талкууланарын “Азаттыкка” билдирди:

- Бул боюнча материалдар топтолуп жаткан. Илгери 100дөн ашык гектар болсо, азыр канча гектары калды деп материалдардын баарын сураганбыз. Ошол материалдар биздин аппаратка түштү. Эми биз анын баарын карайбыз.

“Ата-Түрк” сейил багына салынган үйлөр коомчулукта нааразылык жаратып келген. Жарандык активист Калича Умуралиева “Ата-Түрктөгү” үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракетин айыптоодо:

- Мыйзамсыз иш мыйзамсыз бойдон эле калат. Эгер чет өлкөдө ушундай мыйзамсыз иштер жасалса, баарын эбак эле түрмөгө отургузуп коюшмак. Бизде болсо “бул жерлерди байкуштар алды да, эми берип эле коелу” деп отурушат. Биз аларга эмнеге беришибиз керек? Эмне алар жерсиз, турак-жайсыз, талаада калган адамдар беле? Жер деген азыр кымбат. Ар бир метрин 20-30 миңден сатып алышсын.

Данияр Үсөнов 2007-2008-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген.

Тартип коргоо органдарынын координациялык кеңешмесиндеги эксперттин тобунун жетекчиси Кайрат Осмоналиевдин айтымында, аталган топ сейил бактар боюнча жагдайды иликтеп, сунуштарын берген:

- Данияр Үсөнов Бишкекте мэр болуп турганда жер тилкелери мыйзамсыз берилген. Ал бул үчүн соттолгон болчу. Бирок андан кийинкилер деле берген жерлерди азыркы учурда соттор мыйзамдан же кудайдан коркпой, мыйзамсыз документтерди мыйзамдуу деген чечимдерди чыгарып салды. Биз бул маселени талдап, сунуштарды бергенбиз. Анда соттордун чечимдери кайра каралсын, кылмыш иштин мөөнөтү эскирбесин деп айтканбыз. Азыркы мэрдин апасынын үйү “Ата-Түрктө” турат да. Келгиле, ошону чечели. Ошол сейил бактагы 50дөн ашык жер кайра кайтарылса жакшы болмок.

“Ата-Түрк” сейил багындагы жерлер социалдык объекттер, там-таш курууга 1994-жылдан тарта бериле баштаган. Натыйжада парктын аянтынын теңине жакыны азайган. Ушул тушта паркка ондогон үйлөр түшкөн. Жер алып, там салгандардын дээрлик баары мурун жана азыр жогорку кызматта иштегендер, депутаттар жана алардын тууган-уруктары.