Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Мыйзамсыз курулуштарга нааразылыктар арбыды


Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жаңы курулуштар.
Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жаңы курулуштар.

Бишкекте миңге жакын жаңы объект курулуп жатса, анын 50гө жакыны мыйзамсыз. Жарандык активисттер мыйзамсыз салынып жаткан көп кабаттуу үйлөргө каршы жөө жүрүшкө чыгып, бийликтин көңүлүн буруу аракетинде.

“Көп батирлүү үйлөр” коомдук уюмунун башчысы Калича Умралиева Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар сот чечими турса да түрттүрүлбөй жатканына нааразы. Аталган уюмга баш калаадагы мыйзамсыз курулуштар боюнча 160тан ашык даттануу келип түшкөн. Жарандык активисттер башаламан курулуштарга бийликтин көңүлүн буруу максатында 2-сентябрда жөө жүрүшкө чыкканы турат.

Бирок Калича Умралиева жөө жүрүштөн деле майнап чыгарына ишенбейт:

- Ар бир мыйзамсыз курулуштун артында бирден таасирдүү адам бар. Өз курулуштарын байлыгы же бийлиги менен калкалап жатышат. Парламенттеги, шаардык кеңештеги депутаттардын көбү куруучулар. Алар уруксат кагаздарын акчага сатып алып сейил бактарга чейин там салып жатышат. Алар үчүн курулуш мыйзамындагы кызыл сызык, балдар аянтчасы деген түшүнүктөр иштебейт. Мыйзамдуулукту талап кылсаң бийлигине же байлыгына таянып басым жасап баштайт. Башкы архитектуранын, соттордун чечимдери жөнөкөй адамдардын кызыкчылыгын коргобойт, алар кызылдай акчага сатылат.

Бак ордуна там кургандар арзыбаган айып төлөйт

Бишкектин башкы архитектурасынын маалыматына таянсак, борбор калаада миңге жакын ар кандай курулуш объекттери курулап жатса алапрдын 50гө жакыны мыйзамсыз деп эсептелет. Мына ушундай өз билемдик менен курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бири Бөкөнбаев жана Разаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Аталган имараттын жанында жашаган Чыңгыз Турдалиев мыйзамсыз курулуш жергиликтүү элдин каршылыгына карабай улантылып, атүгүл 13 кабат үйдүн бүткөнү калганын айтат:

- Бул курулуш жакын жашаган жашоочулар үчүн өтө кооптуу. Биринчиден, үстүнөн ар кандай курулуш материалдары биздин үйдүн алдына түшөт. Буга чейин курулуш калдыктары короодогу унаалардын үстүнө түшкөн учурлар болгон. Айрымдар чыгымга учурап машинелерин оңдотушту. Ызы-чуу көтөргөндө курулуш ээлери тиешелүү органдарга акча берип, ишти бүтүрүп коюшту. Экинчиден, курулуш иштери башталганда бак-дарактар кыйылды. Жөө жүргүнчүлөрдүн жолун жаап салышты.

Мындан тышкары куруучулар аймактагы эч кандай уруксатсыз 3 кара бакты кыйып, 112 чарчы метр жердеги көк майсаңды жок кылуу менен курулуш иштерин баштаган. Курулуш ээлери келтирилген экологиялык чыгым үчүн 9 миң сомго жетпеген айыппул төлөп кутулуп кетишкен.

Тасмада: Бишкектеги Бөкөнбаев жана Разаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш
Мыйзамсыз курулуштарга нааразылыктар арбыды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын маалымат катчысы Анарбек Авазбеков аталган курулуш эки жолку курулушту токтотуу боюнча эскертүүгө карабай улантылып жатканын тастыктады:

- Биздин инспекторлор текшергенде курулуш мыйзамсыз жүрүп жатканы аныкталган. Натыйжада айыппулдар салынып, курулуш токтотулсун деп эскертилген. Кайталап текшергенде курулуш улантылып жатканы аныкталган. Учурда биздин инспекция аталган имаратты прокуратура органдарына өткөрүп берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Деген менен Бишкектин башкы архитектурасынын курулушка уруксат кагаздарын берүү башкармалыгынын башчысы Кайрат Борбуков 13 кабаттуу имарат мыйзам чегинде курулуп жатканын айтат:

- Алар уруксат кагаздарынын баарын алышкан. Ортодо Экотехинспекция текшерген, бирок курулуш ээлери баары мыйзамдуу экенин прокуратурага далилдеп беришкен. Биз өз кезегинде уруксат кагазын узартып бергенбиз.

“Ар бир мыйзамсыз курулуштун артында бирден чоң бар”

Макаланын башында Калича Умралиева айткандай биз мисал келтирип жаткан имарат да таасирдүү адамдын ээлиги болуп чыкты. Тагыраак айтканда көп кабаттуу үйдү Кыргызстандын аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева курдуруп жаткан экен. Ал жогорудагы дооматтарга мындайча жооп узатты:

- Жергиликтүү жашоочулар буга чейин деле бир топ жерге арызданышкан. Бирок тиешелүү органдар текшерип кынтык таба алышкан эмес. Кыскасы курулуш иштери мыйзам чегинде жүрүп жатат.

Адистер борбордогу мыйзамсыз курулуштардын көбөйүп жатышын башкы курулуш планынын жоктугуна жана тиешелүү органдардын коррупцияланышына байланыштырып келишет. Буга Бишкектеги чөйчөктөй бош жер болсо көп кбаттуу үйдүн пайдубалы түптөлүп жатышы анык далил. Ушу кезге чейин сот тарабынан токтотулсун деп чечим чыккан имараттар да али күнгө чейин курулушун улантып келет.

XS
SM
MD
LG