Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Бишкекте мыйзамсыз берилген жерлер аныкталууда


Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жаңы түшкөн имараттар.
Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жаңы түшкөн имараттар.

Бишкекте план боюнча бала бакча салына турган беш жер тилкеси көп кабаттуу үй курууга мыйзамсыз берилип кеткени белгилүү болду.

9-декабрда Жогорку Кеңеште архитектура, курулуш жана жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерген депутаттык комиссиянын маалыматы угулду. Ага комиссияга кирген айрым депутаттар, сот, архитектура жана курулуш, прокуратура, милиция өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Комиссия жаздан бери шаардагы алты курулушту текшерүүгө үлгүргөн.

Аянты кыскарган сейил бактар

“Биздин укугубуз” деп аталган коомдук фонддун жетекчиси, комиссиянын өкүлү Калича Умуралиеванын айтымында, фактылар прокуратура органдарына өткөрүлүп берилгени менен чара көрүлбөй, аягына чыкпай жатат:

- Башкы прокуратура бизге бул объекттер боюнча кылмыш иши козголгон жана сотко берилген деп жооп берген. Биз текшерсек, мисалы Биринчи май районунун прокурору доо арызды сотко бербептир. (Мыйзам боюнча доо арыз он күн ичинде сотко берилбесе мөөнөтү өтүп, соттун мурдагы чечими күчүндө кала берет. Ред.) Көп прокурорлор өздөрү аралашкан, өздөрү үлүш алат экен мындан, өздөрү жерлерди менчикке алып алыптыр. Убакытты өткөрүп, анан мөөнөтү өтүп кетти дешет.

Умуралиеванын айтымында, Бишкекте план боюнча бала бакча салына турган беш жер тилкеси көп кабаттуу үй курууга мыйзамсыз берилип кеткен. Ансыз да бала бакча тартыш болуп турган ушул чакта эки даяр бакча түрттүрүлүп, ордуна көп кабаттуу үй салынууда.

- 10-кичирайондогу “Солнышко” деген базардын жанына план боюнча бала бакча курулушу керек болчу. Азыр ал жерге көп кабаттуу үй курулуп атат. 8-кичирайондо жана Москва-182 деген даректе бала бакча бар болчу. Аларды сүрдүрүп, азыр килтейген эки үй куруп атат. Бул биз билген гана учурлар, билбегенибиз канча.

Ал эми Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиевдин белгилешинче, борбор калаанын сейил бактарындагы жерлер кыйла кыскарып, жеке менчикке, көп кабаттуу курулушка берилип кеткен. Эл өкүлүнүн айтымында, шаардагы Жеңиш паркы 10 гектарга жакын, Ататүрк паркы 30, Кара-Жыгач токою 70-80 жана Жаштар паркында 10 гектар жер үй курууга берилип кеткен. Депутат бул схема дале уланып жатканын айтты. Ошондой эле ал сот, прокуратура, мэрия жана курулуш, архитектура кызматкерлери коюн-колтук алышып, коррупциялык мафияны түзүүдө деп сындады.

- Бардыгы биригип алып, жалпы коррупциялык мафияны түзүп, ушул ишти чечүүнүн ордуна кайра салымын кошуп атат. Ушул схемалар токтойт дегенге такыр кошулбайм. Анткени ушунун башында турган адам өзү коррупционер. Анан өзү кантип күрөшөт.

Тербишалиев Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык агенттигинин башчысы Каныбек Нарбаев өзү Ататүрк сейил багынын аймагынан мыйзамсыз жер алып, үй кургандардын катарында деп айыптады.

Башаламандык канткенде токтойт?

Шаардагы мыйзамсыздык үчүн комиссия мүчөлөрү Каныбек Нарбаевди күнөөлөшүүдө. Жарандык активисттер Нарбаевге карата мурда козголгон кылмыш иши мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кыскарганын, жер сатып, курулуш иштерине мыйзамсыз уруксат берген кылмыш иштердин мөөнөтүн чектебөө сунушун айтышты.

Ал эми Нарбаев өзү мурдарак “Азаттыкка” интервью берип, мыйзамсыз курулуштарга өзү эмес, агенттиктин башка кызматкерлери күнөөлүү экенин айткан.

- Менден бир дагы мыйзамсыз берилген объект өтүшү мүмкүн эмес. Дагы бир жолу айтып койоюн, кээ бир биздин кызматкерлердин ушундай катачылыгы болуп жатат. Аларды биз күнүмдүк коллегиянын отурумунда, аппараттын жыйынында карап, эң биринчи талап мыйзам чегинде, норма бузулбасын деп айтып жатабыз. Тилекке каршы андайлар да болуп жатат. Өзүм билип калсам, тез аранын ичинде чара көрүү маселесин койом.

Ал эми Жогорку Кеңештин адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы, депутат Эркин Алымбеков азыркы мыйзамсыздыктарга көз жумуп жатканы үчүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди күнөөлөдү. Ал аз убакытта бул маселелер териштирилбесе шаар тургундары менен тынч митингге чыгаарын кошумчалады.

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын ага прокурору Санжар Абжаловдун “Азаттыкка” айтымында, Жусуп Абдрахманов (Совет) жана Токомбаев көчөсүндөгү, “Ататүрк Ала-Тоо” сейил багындагы мыйзамсыз берилген жерлер боюнча мурдагы вице-мэр Андрей Филатовго кылмыш иши козголгон. Бул иш азырынча токтоп турат.

Бүгүнкү күндө шаардыктар нааразы болгон объекттер абдан көп. Бери дегенде эле 10-15тей бар. Шаардык кеңештин депутаттарынын айтымында, Бишкекте 2006-жылдан бери деталдуу пландоо болгон эмес. Ал иш жасалмайынча шаарда башаламан курулуш иштери жүрө берет дешет депутаттар. Бул ишти азыр мэрия колго алууда. Ага шаардык бюджеттен 10 млн. сом бөлүү каралган. Анткен менен адистер Архитектура, курулуш агенттигинин ишин мэрия алып, дагы бир коррупциялык иштерге жол ачканы калды деп кооптонушууда.

Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго карата “жер мыйзамын” бузду деп кылмыш козголуп, ушундан кийин ал мэрлик ишин тапшырып берген. Жарандык активисттер буга коррупция беренесин кошууну талап кылып чыгышкан. Жерди мыйзамсыз саткан, курулушка мыйзамсыз уруксат берген деген кинелер мурдагы мэрлер учурунда да айтылган. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартылганы дээрлик жокко эсе.
XS
SM
MD
LG